Мамлекеттик кадр кызматы киргизген жаңы жобого ылайык, 2016-жылдан тарта Кыргызстандагы саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандар декларациясына киреше гана эмес, чыгашасы туурасындагы маалыматтарды да бериши керек болот.
Аталган кызматтын кирешелерди декларациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраеванын айтымында, мындай талап кызмат адамдарынын каржы булактарына көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилип жатат.
- Чыгашасы туурасында маалымат эгер чыгашасы 300 миң сомдон ашык болсо толтурулат. Эгер чыгашасы 300 миң сомго чейин болсо, айталы кыймылсыз же кыймылсыз мүлк алган болсо, анда ал декларациянын башка бөлүмдөрүнө баары бир жазылат. Ал эми чыгаша деген бөлүмгө 300 миң сомдон ашык суммадагы нерселер жазылат.
"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов Кадр кызматынын чиновниктердин каржы булактарын ачыктоого жасаган жаңыча далалатын жөн гана “коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз” деп түр көрсөтүү аракети катары баалайт. Анын пикиринде, буга чейинки декларация тапшыруу жараяндарында айрым бийлик өкүлөрүнүн кирешесин жаап жашырган учурлары көз көрүнөө болуп жаткан кезде деле ага каршы тийиштүү чаралар көрүлбөй келген. Ал тургай чиновниктердин декларациясынын тууралыгын текшерүү үчүн 2014-жылы атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия деле бул багытта жарытылуу иштей алган жок дейт ал.
- Ошондуктан мен азыр деле буга ишене албайм. Анткени кирешелер боюнча кылмыш ишин козгоого көп фактылар бар да. Мисалы, Алтынбек Сулаймановдун кирешесин карап көрүп, ошол эле журналисттер андан кандай сааттары бардыгы тууралуу сураса, бир маркаларды айтып жатат. Алар бир сааты 50 миң доллардан ашык баада турат да. Ошол негизде эле прокуратура кызматкерлери эмне үчүн бул нерсе жобого туура келбейт деп, өздөрү иштерди жүргүзүүгө бүт укуктук механизмдери бар. Бирок антишпейт. Бул деген жөн гана көз боёмочулук, элге мындай иштеп жатабыз дегендей кылганы менен эч кандай майнабы жок.
"Жакыр" аткаминерлер
Бийликтин туу чокусунда отурган айрым аткаминерлердин байлыктары туурасында коомчулукта ар кандай кептер айтылып жүргөнү менен алардын декларациясында айлык менен гана күн көрүп, бир унаа менен бир үйдүн гана көзүн гана карап калганы, же таптакыр эле үйү дагы жок экенин көрсөткөн учурлары коомчулуктун эсинен чыга элек.
Мындан улам 2014-жылы декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерүү максатында мекемелер аралык комиссия да түзүлгөн. Аталган комиссия бир катар аткаминерлер кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтарды жашырып, так бербегени аныкталганын маалымдаганы менен, бирок кимдер, кайсы тармактын кызматкерлери экени ачык айтылган эмес.
Комиссиянын курамында иштеп жаткан Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов бул багытта жүргүзүлүп жаткан соңку аракеттер туурасында буларды билдирди.
- Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары менен өкмөт башчынын атына сунуштар берилиптир. Канча экенин так айткан жок, бирок берилген экен. Министрлер, алардын орун басарлары жоопкерчиликке тартылып, административдик жазага тартылып, айып төлөнгөн экен. Бул боюнча кылмыш иши козголбоптур. Майда жазалар экен.
"Ушинтип отуруп оңолобуз"
Быйылкы парламенттик шайлоодо партиялардын арасынан үгүт жана уюштуруу иштерине каражатты эң көп короткондор деп саналган "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев декларацияга чыгаша туурасында маалымат киргизүү аракетин колдой тургандыгын айтып, муну коррупцияга каршы күрөшүүдө реалдуу инструмент болооруна ишенээрин белгилейт. Ал февраль айында кирешеси туурасында декларация тапшырганын, чыгаша тууралуу так жобо бекитилген соң аны дагы бере турганын билдирди.
- Чыгашаны дагы көрсөтүш керек. Анткени эмнени сатып алды, кайда эс алып барып келди - билиш керек. Мисалы, карточкалары бар жана башка чыгашалары бар да. Ошонун баарын көрсөтүш керек. Ошондо анан бир тартипке барабыз да. Жүрүп отуруп анан оңолобуз.
Мамлекеттик кызматкерлерди жана алардын жакындарын кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация тапшырууга милдеттендирген мыйзам 2004-жылы кабыл алынган. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралына карата 1869 декларация тапшырылды. Алардын ичинен 605ин саясий мамлекеттик кызматтагылар, 336сын атайын кызматтагылар, 848ин административдик кызматтагылар жана 121ин муниципалдык кызматта иштегендер түздү.
Киреше жана чыгаша тууралуу маалымат камтылган декларацияны ар бир чиновник ушул жылдын март айына чейин тапшырып бүтүшү керек. Мындан тышкары аларга декларацияга айрым толуктоолорду киргизүү үчүн май айына чейин убакыт берилет.
Мамлекеттик кадр кызматы эгер жарандар декларациясын тапшырбаса же кечиктире турган болсо, алар тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарына жарыяланарын эскертүүдө.