7-январда Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, мамлекеттик кызматкерлер биринчи жолу кирешелери гана эмес, чыгашалары тууралуу да маалыматтарды беришерин айтып берди.
Декларациянын шартына ылайык, саясый жана атайын мамлекеттик кызматтагы адамдар, бир жыл ичинде тапкан киреше-чыгашасын ачыктап берүүгө милдеттүү. Мыйзамга мындай өзгөртүүнү 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаттары киргизген эле.
Депутат Азамат Арапбаевдин айтуусунда, мыйзамга ылайык, ар бир чиновник үй-мүлкүн жана байлыгын гана көрсөтпөстөн, аны кайсы жана канча акчага сатып алганын декларацияга тиркеши керек.
- Мисалы, жетекчилер эми үйдү кайсы акчага сатып алды, унааны кайсы каражатка, канча акчага алды дегенди да жаза баштайт. Бул мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү, алар акчаны кайдан тапты деген суроого ошондо жооп болот.
Суроо жараткан декларациядагы сандар
Анткен менен декларация толтурууга аткаминерлер көңүлкош мамиле жасап келишкени сындалып келе жатат. Буга чейинки декларациялардын жыйынтыгында өлкөдөгү алдына киши салдырбаган бай аткаминерлер тизменин аягында калган учурлар болгон. Ушул өңдүү мисалдар аткаминерлердин декларациясындагы сандардын тактыгынан күмөн санатып келүүдө.
Экономист Эркин Абдразаков декларация толтуруу кампаниясын Кадр кызматынын, жалпы эле бийликтин пайда бербеген кадамы катары көрөт.
- Мурда алардын кирешесин туура эмес жазышчу эле, эми чыгашасын деле ошентип жаза беришет. Чыгашаны көзөмөлдөө өтө кыйын. Чиновниктер ар бир сатып алуусунда чек сурап жүрө беришпейт. Көзгө көрүнбөгөн ири чыгымдары өтө көп, ошол эле той-топурлар дегендей. Бул жөн эле популисттик кадам.
Кептин баары системадабы?
Мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев өнүккөн өлкөлөрдө декларациянын жоопкерчилиги өтө жогору экенин айтууда. Анын оюнча, Кыргызстанда андай деңгээлге жетүү үчүн дагы убакыт талап кылынат.
- Киреше жана чыгашаны текшерүү бул – куралдар. Бирок куралдар кимдин колунда? Эгерде биз бийликте тең салмактуулукту орнотуп, сот системасын реформалап, жарандык коомдун укугун күчөтүп, алар куугунтукталбаса – ошол куралдар аркылуу чиновниктерди көзөмөлдөөгө болмок. Декларация түшүмүн бериши үчүн биз бүт мамлекеттик системаны реформалашыбыз керек.
Кыргызстанда алгачкы декларация толтуруу өнөктүгү 2004-жылы башталган. 2012-жылга чейин аткаминерлер кирешесин жөн гана кагаз жүзүндө толтуруп келсе, кийин байлыгы тууралуу маалыматтын туура толтурулгандыгын тийиштүү органдар текшерүүгө ала баштаган. Бирок ушул маалга чейин бир да кызматкер декларациясында туура эмес маалымат бергенине байланыштуу кызматтан алынып же жоопкерчиликке тартылган эмес. Муну мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев мыйзамдардын дагы деле болсо чийкилиги менен түшүндүрдү.
- Декларация жаңыдан тапшыра баштаган жылдары биз чиновниктердин артынан кууп жүрүп, отчетторун алчубуз. Акыркы беш жылдан бери алар өздөрү ыктыярдуу түрдө декларация бере башташты. Бирок мыйзамдарды дагы күчөтүшүбүз керек. Жетекчилер үй-мүлкүн башка бирөөгө каттатып коюп, декларацияда жашырган фактыларды таба турган жоболор иштеши керек.
Кадр кызматы аткаминерлердин декларациясын быйыл он экинчи жолу толтуртууга киришти. Ушул айда башталган декларацияны алгач Кадр кызматы толтуруп баштаса, февралдын аягында Жогорку Кеңеш депутаттары жана президенттин аппаратына кезек келет. Жалпысынан Кыргызстан боюнча эки миңдей аткаминер жана алардын жакын туугандары кирешеси менен чыгашасын да ачыкташы керек.
Аткаминерлердин мүлкү жана байлыгы тууралуу бул декларациянын жыйынтыгы коомчулукка май айынан баштап жарыялана баштайт.