Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:29

Нарымбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Бишкектин 1-Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда камактан бошотту.

Бишкектин 1-Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда камактан бошотконун "Азаттыкка" анын жактоочусу Гүлнара Дүйшөнбекова кабарлады. Анын ырасташынча, мындай чечимге Нарымбаевдин абактагы үлгүлүү жүрүш-турушу себеп болгон.

Президенттик аппараттын жетекчиси 2015-жылдын 22-июлунда Улуттук коопсуздук кызматтын тергөө абагына камалган. Тергөө абагындагы бир күн эки күнгө тете деп эсептелгендиктен Нарымбаевдин өтөгөн жаза мөөнөтү эки жыл үч ай деп эсептелинди. Мыйзам боюнча толук жаза өтөшү үчүн дагы тогуз ай отурушу керек эле. Үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн эртелеп жазадан бошотуу берилген мөөнөттүн жарымын өтөгөндө каралат.

Экс-аппарат башчы курмандык беле?

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Нарымбаев президенттин айланасындагылар уюштурган саясий кутумдун курмандыгы болгонун айтып келет.

- Нарымбаев пара алып жаткан жеринен кармалган жок. Эч кандай далилсиз соттолду. Болгону “эки ай мурда акча бергем” деген бирөөнүн сөзү менен камалды. Эми Нарымбаев да жакшы жигит экен. Болбосо ал ошол акчаны Атамбаевге алып кирип бергем деп койсо болот эле. Аныкы деле ошондо Коркмазовдуку сыяктуу көрсөтмө болуп калмак. Президенттин айланасында бир күчтөр кетсе, экинчиси келип өтө катуу кармаш жүрүп жатат. Ошолордун арасында Нарымбаев теги башка, алар менен табакташ болбогон адам болчу. Муну оңой эле кумандыкка чалып коюшту.

Нарымбаев президенттик аппаратты башкарып турганда ошол кезде абакта отурган Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылган деген айып менен камалган. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Хажимурат Коркмазов дагы камакка алынган.

Тасмада: Нарымбаев 3, Коркмазов 1,5 жылга кесилди

Нарымбаев 3, Коркмазов 1,5 жылга кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Бишкектин 1-Май райсоту аларга коюлган "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянат пайдаланды" деген беренелер боюнча айыптоолорду алып салып, "көз боёмочулук" деген кине менен Нарымбаевди үч жылга, Коркмазовду бир жарым жылга эркинен ажыраткан. 1-Май райондук сотунун бул чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Экс-депутат Коркмазов быйыл май айында эле абактан чыккан.

Соттук териштирүүлөрдө Коркмазов Нарымбаев Нариман Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгартуу үчүн анын жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылганын, өзү ошол суралган паранын 50 миңин жеткирип берүүдө ортомчу болгонун айткан. Коркмазов мындан тышкары Нарымбаев Түлеевдин соттук ишин оңунан чечип берүү үчүн алгач 50 миң доллардан эки ирет жана 100 миң долларлык үй беришин талап кылган деп сотко көрсөтмө берген.

Өз кезинде Данияр Нарымбаев Түлеевдин иши боюнча Коркмазов ага бир нече ирет кайрылганын тастыктап, бирок ал үчүн эч кандай пара албаганын айткан. Ал Коркмазовдун айткандарынын баары жалган деп жокко чыгарган.

Акча менен абактан кутулгандар...

Нарымбаев жаза мөөнөтүнөн мурда бошонгон аткаминерлерден жалгыз эмес. Буга чейин мына ушул чуулуу иштерде баш каарманга айланган Нариман Түлеев 60 млн сом айып пул төлөп эркиндикке чыккан. Буга удаа эле экс-депутат Урмат Аманбаева казынадан уурдады делген 3 миллион сомду кайтарып, абактан кутулган.

Мындан улам азыркы бийлик башкы ураандарынын бирине айланткан коррупцияга каршы күрөш артка кеткенин айткандар көбөйдү. Алардын бири - жемкорлук маселеси боюнча изилдөөлөрдүн автору, эксперт Эркайым Мамбеталиева. Ал коррупция боюнча акулалар боштондукка чыгып, чабактар гана түрмөдө отурганына кейийт.

- Жемкорлукка шектелген жогорку деңгээлдеги аткаминерлер четинен эркиндикке чыгып жатат. Анда Коррупцияга каршы кызмат, ИИМ, прокуратура эмне иш менен алектенет? Алар күчүн мугалимдерден, врачтардан чыгарабы? Коррупцияга каршы күрөш системалуу түрдө жүрүш керек. Азыркы күрөш турмуштук коррупцияга каршы гана багытталып жатат. Тилекке каршы саясий, экономикалык коррупцияга аралашкандар жазасыз калууда.

Атайын иликтөө: чоң жеген “чоңдор”

Атайын иликтөө: чоң жеген “чоңдор”

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү бул жолу Кыргызстандагы саясий жана экономикалык коррупциянын абалын иликтөөгө алды.

Анткен менен коомдук ишмер Жыпар Жекшеев камактан бошотулгандар тийиштүү жазасын алышты деп эсептейт. Анын пикиринде азыркы бийлик мурункуларга салыштырмалуу жемкорлукка каршы аёосуз күрөшүп жатат.

- Нарымбаев жаза мөөнөтүнүн көп бөлүгүн абакта өтөдү. Эми коррупцияга каршы күрөш десе эле аягына чейин камоо максат болбош керек. Камалып жатат, кайра чыгып жатышат. Бул деле оңой сокку эмес. Мурдагы президенттер тушунда чоң аткаминерлер камалчу эмес да керек болсо.

Бул ишке президент Алмазбек Атамбаевдин, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун да аты аралашкан. Нарымбаев соттук отурумдардын биринде эгер Түлеев кечирим сураса ага президент ырайым болорун айтканын билдирген. Турсунбеков болсо өлкө башчынын макулдугунун негизинде Түлеевдин кызы Назгүл менен болгон сүйлөшүүгө аралашканы сотто белгилүү болгон. Мындан улам айрым байкоочулар аткаминерлерди камоодо же аларды эркиндикке чыгарууда өлкө башчысы түздөн-түз сот ишине кийлигишерин айтып келишет.

Нарымбаев: Атамбаев Түлеев ырайым сураса болорун айткан

Нарымбаев: Атамбаев Түлеев ырайым сураса болорун айткан
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:52 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG