Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Дача айылынан жаңырган талаптар


16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

Мындан эки ай мурда «Манас» аэропортуна жакын жерде авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары бийликке жаңы талаптар менен чыга баштады.

Жабыркаган тургундардын турак жай маселеси качан чечилет? Кенемтени ким төлөйт? Жардам адилет бөлүштүрүлүп жатабы? Айылдын статусу, келечеги кандай болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна Сокулук районунун акими Болот Сатыкеев, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Садалиев, Дача СУ айылынын тургундары Венера Шейшенова жана Мирлан Токоев катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, сиздер бүгүн митингге чыгып, бийликке бир топ талаптарды койдуңуздар. Сиздердин негизги жүйөңүздөр кандай болуп жатат?

Мирлан Токоев: Мен Дача айылынын тургуну катары кырсыктан жабыркаган элдин атынан келдим. Биздин эки гана талабыбыз бар. Жергиликтүү тургундар 16-январдан бери аябай кооптуу абалда жашап жатат.

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

Жер кооптуу болсо, анда көчүргүлө деген талапты коюп жатабыз. Мындан сырткары кырсыктан моралдык жактан чыгым тарткандарга, ооруканада дарыланып чыккандарга эл аралык деңгээлде кандай болсо, ошондой акчаны бөлүп бергиле деп жатабыз. Мисалы, менин үйүмдүн дубалдары жабыркаган, машинама самолеттун тектиктери тийген.

“Азаттык”: Венера айым, сиздин үй-бүлө авиакырсыктан жабыр тарткандардын бири экен. Ушул убакытка чейин өкмөт тарабынан сизге канааттандырарлык жардам берилдиби?

Венера Шейшенова: Канааттандырарлык жардам берилди деп баары толук ордуна келгенде, Түркия тараптын акча маселеси чечилгенде, үй-жайсыз калгандар үйлүү болгондо гана айта алабыз. Мамлекет болгон аракетин жасап жатат. Өкмөт биринчи күндөн бери тикесинен тик туруп жатат. Ошол күндөн бери медициналык жардам бекер болууда.

Митингге кырсыктан түздөн-түз жабыркаган биз чыкпай эле, айылдын башка адамдары чыгып жатканы түшүнүксүз. Биз кайсы талапты коюп чыгабыз? Мамлекет үч айга убактылуу турак жайды чечти. Балдарыбызга, өзүбүзгө психологдор жардам берип жатышат. Тирүү калган балдарыбыздын мектеп, бала бакча маселеси чечилип жатат.

“Азаттык”: Болот мырза, Дача СУ айылынын жергиликтүү эли коюп жаткан суроо-талаптар канчалык жөндүү? Аны аткарууга район бийлиги жана өкмөттүн мүмкүнчүлүгү кандай?

Болот Сатыкеев: Жогоруда айтылгандай митингчилер тарабынан эки талап коюлду. Биринчиси - компенсация, экинчиси - элди ал жерден көчүрүү маселеси болду.

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

16-январда түрк учагы кулаган Дача СУ айылында калдыктарды чогултуу, тазалоо иштери дагы деле жүрүп жатат. Окуядан соң айыл калкы психологиялык жактан жабыр тарткандыктан, дарыгерлер жеринде үймө-үй жардам көрсөтүп жүрүшөт.

Биринчи талап боюнча айтсам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде учурда 96 миллион сомдон ашык акча чогулган. Бир-эки күндө ал банк эсеби жабылат, андан кийин комиссия аркылуу таратыла баштайт, комиссияда жабыр тарткандар жана ошол айылдын башка тургундары бар. Экинчи маселе көчүрүү жөнүндө айтсак, баарыбыз билгендей, учурда жерге мораторий жарыяланган, Сокулук районунда трансформация болгон жер жок.

“Азаттык”: Улан мырза, айылга, жабыр тарткандарга келген жардамдар туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деген сын пикирлер айтылып келет. Жардамды бөлүштүрүүдө айыл өкмөтүнүн тиешеси же кийлигишүүсү барбы?

Улан Садалиев: Бардык гуманитардык жардамдар боюнча айыл өкмөт эмес, эл арасынан комиссияларды түзүп жатабыз. Ким эмнеге муктаж экенин эл өзү жакшы билет.

Ушул убакытка чейин эл арасынан бир дагы нааразы болгондорду көрбөдүк. Ар бир көчөдөн эл өзү шайлаган комиссия мүчөлөрү складга барып, эмне керек экендигин алып жатышты. Жада калса, кичинекей баланын куурчагынан бери жазылуу. Жардамдарды жеке адамдар, уюмдар түз эле айылга барып таркатып жаткандар болууда. Биз аларга кырсыктан түздөн-түз жабыркагандардын тизмесин берип жаттык.

Эми ар бир жаран жардамды кимге берүүнү өзү чечет экен, ага биз кийлигише албайбыз. Өкмөттүн эсебине түшүп жаткан акчанын суммасы күн сайын байма-бай айтылып жатты. Ал эми элди көчүрүү боюнча айтсак, бизде трансформацияланган бош жер жок. Элдин талабын өкмөткө, Жогорку Кеңешке коебуз.

Дача СУнун тургундары талап коюшту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

Мирлан Токоев: Биз үй-жайыбыз менен көчүп кеткенге даярбыз, шаардын тегерегиндеги жерлерден турак жай маселесин чечип берсе деп жатабыз. Бизге алыс жерлерди айтып жатышат.

Венера Шейшенова: Булар пендечилик кылып, тирүү калгандарына сүйүнбөй ушундай талаптарды коюп жаткандарына таң калам. Накта жабыркаган 14 түтүн жөнүндө ойлогон эч ким жок. Ошолор биринчи үйлүү болушсун, анан биз маселе коелу деген бир да киши жок. Дача Су айылынын бардык тургундары жабырлануучуга кирбейт.

Улан Садалиев: Биз накта жабыркаган ар бир адамды биринчи күндөн баштап өзгөчө карап жатабыз. Бизге бир дагы киши нааразы болбош керек деген талап коюлган. Эмнеге эки айдан бери чечилбейт деп жатышат. Биз дагы салтыбызды сактап, 40 күндүктү өткөрүп, андан кийин Түркия тарап менен иштеп, каттарды жазып, алардын жообун күтүп жатабыз, алардын баарына убакыт керек экен. Түрк авиакомпаниясы чыгымдарды төлөйбүз деп жатышат, азыр иликтөө, эсептөө иштери жүрүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG