Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Жаш музыканттын көп кырдуу таланты


Швециянын жараны, 11 жаштагы скрипач Даниэл Лозакович Венадагы симфониялык оркестр менен концерт берүүгө чакыруу алды. Даниэлдин апасы Бишкекте төрөлгөн.

Бир карасаң Бишкектеги шаардык кыргыз балдардан айырмасы жок Даниэл скрипкада прелюданы ойноп жатканда музыканын ыргагына берилип, бет маңдайындагы көрүүчүлөрдү унутуп, эргип барат.

Былтыр ноябрь айында Москвада атактуу скрипкачы жана дирижер Владимир Спиваковдун кайрымдуулук кору уюштурган жаш музыканттардын XII эл аралык телевизиондук “Щелкунчик” фестивалында скрипкада чебер ойногон. Анын бала экенине карабай дасыккан музыканттардай чебер ойногонуна калыстар тобу жогору баа берип, биринчи орунду - “Алтын Щелкунчик” статуэткасын жана 70 миң рубль акчалай сыйлыкты ыйгарышкан.

Даниэл буга чейин Стогольмдогу жаш музыканттар сынагында биринчиликти, Бельгиядагы скрипкачылардын эл аралык “Браво” фестивалында баш байгени утуп алган. Европадагы музыка адистери аны келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу музыкант болот дешүүдө.

Даниэлдин апасы Алена Лозакович Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Шаардагы №6 мектепте окуган. 1992-жылы Швецияга барып, Экономика университетине окууга өтүп, ал жерден Беларус жигитке турмушка чыгат. Азыр Алена Стокгольмдо кыймылсыз мүлк жана баалуу кагаздар мекемесинде иштейт. Даниэлден башка 18 жаштагы Малин деген кызы жана 5 жаштагы Тимоти деген уулу бар.

Алена Лозакович менен телефон аркылуу байланышканымда, ал үй-бүлөсүндө эч кимисинин музыкага жакындыгы жок экендигин, бирок Даниэл кичинекей кезинен музыкага жакын өсүп, алты жарым жашынан баштап скрипкада ойногонду үйрөнө баштаганын билдирди. Ал уулунун табигый талантын баамдаган мугалимдер Стокгольмдогу музыкалык академияда окута баштаганын, азыр Даниэлди абройлуу оркестрлер концертке чакырып жатканын кошумчалады.

- Биз жаңы эле Венадан учуп келдик. Ал жердеги чоң менеджер Венадагы филармониянын оркестри менен скрипкада ойно деген сунушун айтты. Даниэлдин ойногонун угуп көрүштү. Абдан жактырышты. Алар Венадагы консерваторияда окуусун каалашууда. Биз үчүн да күтүлбөгөн сунуш болду. Анткени Венанын атактуу Музик-серейна деген концерттик залында атактуу музыканттар ойногон.



Даниэл англис, швед, орус тилдеринде эркин сүйлөйт экен. Ал скрипкадан сырткары фортепианодо кол ойнотуп, шахматты мыкты ойнойт. Теннис жана футболду да жакшы көрөт. Анын апасынын айтымында, Кыргызстандагы симфониялык оркестр Даниэлди Бишкекте концерт бергенге чакырса, токтоосуз келишмек. Бирок азырынча андай чакыруу болгон эмес.

Даниэлдин мугалими швециядагы белгилүү скрипкачы, музыка изилдөөчү Михаил Казиник маалымат каражаттарына курган маегинде жаш шакирти бардык жагынан таланттуу экенин белгилеген.

“Даниэлге шахмат жагып калып, Сокгольмдогу мелдеште биринчиликти алган. Скрипкага кызыгып калып, машыга баштады эле - эки жылда эл аралык кароо-сынактарда байгелерди жеңип алууга жетишти. Даниэл тубаса талант. Келечекте мыкты музыкант болот. Азыр дүйнөлүк классик композиторлордун чыгармаларын чоң музыканттардай чебер ойноп калды”.

Михаил Казиник мындан эки жыл мурда 9 жаштагы шакирти менен Кишиневдогу филармониянын чоң симфониялык оркестри менен концерт берген.

Даниэл болсо ата-энеси аны кыстап эле фортепиано үйрөн дешип, музыкалык окуу жайга берерде скрипканын керметтүү үнүн угуп, жан дили менен скрипканы жактырып калганын айтат. Ал күнүгө эки саат скрипкада машыккандан кийин өз курагындагы балдар сыяктуу футбол жана башка оюндарды ойноп, бактылуу балалыктын күнүн өткөрүүдө.
XS
SM
MD
LG