Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Музыка жана коом: Террор апаатын күүгө салган композитор


Композитор Райхан Бейшеналиева.
Композитор Райхан Бейшеналиева.

Кыргыз композитору Райхан Бейшеналиева дүйнө жүзүндө террорчулуктан бөөдө азап чеккендерге тилектештик максатында симфониялык чыгарма жазды.

Райхан Бейшеналиева ушул тапта Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде балет жазып жатат.

Ошондой эле ал террор апаатынын кесепетин күүгө салган симфониялык чыгармасын аяктады. "Музыкасыз жашай албайм" деген композитор жолдошунун көзү өткөндөн кийин тарткан азабы, орто жолдо Москвага барып таптакыр башка тармакта иштеп келгени тууралуу "Азаттык" үналгысынын "Жандүйнө" берүүсүндө айтып берет.

Террордон жабыркагандарга тилектештик

"Дүйнөдө болуп жаткан террор апааты менин жан-дүйнөмдү азапка салат. Андай окуяларды жүрөгүмө аябай жакын кабыл алам. Түрктөрдүн Ашык Вейсел деген классик акыны жашап өткөн. Анын "Узун ичке жолдомун" деген ырын окуп, таасирлендим. Жашоо тууралуу терең мааниси бар ыр. Ал саптарды мен симфонияга түшүргүм келип, жаздым. Учурда Түркиядагы оркестрге ойнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

2016-жылы Түркияда көп жардыруулар уюштурулуп, олку-солку болбодубу. Ошондо жаздым эле. Бул чыгарма аркылуу терроризмден жабыркагандарга кыргыз элинин тилектештигин билдирүүнү кааладым...

Мени обончу деп айтышса, капа болом. Обончу менен композитордун айырмасы асман менен жердей. Обончу тек гана сөздөргө обон чыгарып койгон киши. Композитор болсо чыгарган обонун нотага түшүрөт, нотага түшүрмөк турсун, симфониялык чыгармаларды жазат. Композитор симфониялык оркестрдеги аспаптар үчүн, фортепиано үчүн чыгарма жаза билет, өзү да ошол чыгарманы ойной билет, ойногонун нотага түшүрө билет. Обончу андай кыла албайт..."

Жашоонун кунары өчкөн кезде

"2016-жылы өмүрлүк жолдошум, маркум Эрик Кадырбаевдин жашоосу жана чыгармачылыгына арнап, "Мейкиндикке айланган өмүр" аттуу китеп чыгардым. Китепти беш жыл жаздым.

Жолдошумдун жасаган эмгегин, өмүр жолун эл окусун, билсин, тарыхта калсын дедим. Анткени, ал киши Кыргызстандагы алгачкы улуттук мюзиклди жазган. "Махабат жылдызы" деп аталат.

Ал мюзиклди Жамал Сейдакматова жетектеген "Туңгуч" жаштар театры сахнага алып чыккан.

Эрик Кадырбаев жана Райхан Бейшеналиеванын үй-бүлөсү.
Эрик Кадырбаев жана Райхан Бейшеналиеванын үй-бүлөсү.

2009-жылы Эриктин көзү өткөн. Жолдошум дүйнө салганда мен үчүн жашоо бүттү деп ойлогом. Анткени, чыгармачылыгым ошол инсан менен байланыштуу эле. Өзүмдү жоготуп койдум, эмне кыларымды билбей калдым. Сулап эле жатып калдым. Басканга күчүм жок болчу.

Ал кездеги абалымды сиз баары бир түшүнбөйсүз. Андай күндү сиздин башыңызга салбасын. Мен үчүн дүйнө урап түшкөн. Кыргыздар "белиңди бекем буу" деп айтат эмеспи. Ал сөздүн терең мааниси бар экенин ошол учурда түшүндүм.

Бир бүтүн жан заматта эле жарты жан болуп калды. Курбуларым - Дамира Омуркулова, Гүлнур Сатылганова, Какен Осмонова, Гүлнара Тойгонбаева мага моралдык колдоо көрсөтүштү. Эмне кыларымды билбей турган кезимде булар мага жол көрсөтүштү".

Музыканы сагындырган Москва

"Курбум Дамира Омуркулова бир күн мага келип, "минтип жатканың болбойт, иштешиң керек. Чогуу бир чыгарма жазалы" деп сунуштады. Экөөлөп балет жазмай болдук. Сюжеттерди карап отуруп, Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестин балет кылмай болдук.

Ал кезде Султан Раев маданият жана маалымат министри эле. Курбум мени жетелеп министрге алып барды. Раев экөөбүздү тең жакшы тааныйт. Бизди жакшы кабыл алды. Дамира Омуркулова министрге балет тууралуу айтып, "бизге мамлекеттик буйрутма керек" деди. Тилекке каршы, мамлекет буйрутма бербей калыптыр.

Султан Раев мага министрликтеги Маданиятты өнүктүрүү бөлүмүндө иштөөнү сунуштады.

Ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Гүлнур Сатылганова жана композитор Райхан Бейшеналиева.
Ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Гүлнур Сатылганова жана композитор Райхан Бейшеналиева.

Министрликте эмгектенип жүрүп, Санкт-Петербургга тажрыйба алмашууга бардым. Ал жакта тажрыйба алмашуу бүткөн соң, тааныштар Москвадан жумуш сунушташты.

Эмне болсо ошо болсун дедим да, Бишкекке келип, иштен чыгып, Москвага кеттим. Ал жакта эмне менен алек болгонумду айтсам, күлөсүз. Диеталык азыктарды сатып иштедим. Мындайча айтканда, сатуучу болуп кеттим.

Бирок музыкадан алыс жүрүү мага өтө кыйынга турду. Музыкага, чыгармачыл дүйнөгө куса болдум. Жан дүйнөм кыйналып, ал жакта да музыка жазганга аракет кылдым. Кагазга беш сызыкты чийип, ноталарды түшүрүп, чыгармаларды жазчу элем.

Бишкектен Анатай Өмүрканов, Биримкул Алыбаевдин китептерин алып кеткем. Алардын ырларын окуп, күүгө салдым. Кайрыктарды диктофонго түшүрүп жүрө бердим.

Бир жылдай убакыт өткөндө Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Гүлнара Тойгонбаева телефон чалышты. "Ал жакта эмне кылып жүрөсүң? Кел Кыргызстанга! Эмне, бизде композиторлор ашып-ташып жатыптырбы?" деп айтышты.

Сүйүндүм, мен адамдарга керек экенимди сездим жана кайтып келдим".

"Жамийла" балетин жазып жатам

"Мен музыкага өмүрүмдү арнагам. Он жети жыл ушул тармакта окудум. Азыр үйдө отуруп, "Жамийла" балетин жазып жатам.

Алгач Дамира Омуркулова чогуу жазууну сунуштады дебедимби. Экөөбүз башын бир аз баштап койгон элек. Эми мен аны уланта баштадым. Жакынкы жылдары аягына чыгарам, буйруса.

Жалгыз жазып жатканымдын себеби, Дамира азыр Сингапурда жашап, иштеп жатат. Беш жылдан бери ошол жакта...

Чын айтсам, мен чыгармаларымдын санын астейдил отуруп санаган эмесмин. Симфониялык беш ири чыгармам бар. Кыл аспаптар үчүн жазган күүлөрүм бар. Фортепианого бир катар чыгармаларды жаздым. Балдарга арналган обондорум бар. Андан тышкары, эстрада ырчыларына обон жазып берем.

Мындан 3-4 жыл мурун санаганымда, ырчыларга жазган чыгармаларым жүзгө жакын болчу. Андан бери дагы жаздым. Ал ырлардын теңинен көбү "Кыргызпатентте" каттоодо турат".

Мен ырчыларды тандабайм

"Мен ырчылардын көбү менен иштешем, эч качан тандап мамиле жасабайм. Бирок ар биринин деңгээлине жараша ыр жазып берем.

Мисалы, Гүлнур Сатылганова мен кандай кылып жазсам, ошондой кылып аткарат. Татаал кайрыктар болсо да, аткара алат. Себеби, анын да билими бар. Мен ага кай бир сунушту музыкалык терминдер менен айтсам, ал дароо түшүнөт. Анткени, ал ошол терминдерди билет.

Ал эми башка бир ырчыга жеңилирээк жазам. Мен азыр ысымын атап, кимдир бирөөнү капа кылгым келбейт. Музыкалык сабаты жок ырчыларга деңгээлине жараша чыгарма жазып берем. Аларга терминдер менен сүйлөсөм, мени түшүнө албай калышат. Андыктан, татаалдаштырбай, жөнөкөйлөштүрүп жазып берем".

Райхан Бейшеналиева чыгармачылыктын үстүндө.
Райхан Бейшеналиева чыгармачылыктын үстүндө.

Музыканын теориясын жаздык

"Мен эмгекти сүйөм. Иш болмоюнча отура албайм. Жакында эле теоретик Динара Алсеитова экөөбүз музыкалык мектептер жана окуу жайлар үчүн китеп жаздык. "Музыканын теориясы" деп аталат. Аны басмаканага бердик. Китепти аябай кылдаттык менен иштеп чыктык. Музыкада терминдер көп эмеспи. Ошонун баарын түшүндүрүп бердик. Окугандар баасын беришет.

Азыр аны өз каражатыбызга чыгарып жатабыз. Билим берүү жана илим министрлигине да сунуштаганбыз. Министрлик да басмага берсе, анда окуу жайларга таратылат".

Баянды бул жерден угуңуз:

Террор апаатын күүгө салган композитор
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:54 0:00

P.S.: Райхан Бейшеналиева өнөрпоздор Болот Бейшеналиев менен Бурулкан Бейшеналиеванын кызы. Өзүнүн бир уул, бир кызы бар.

Райхан айым симфониялык чыгармаларды, эстрадалык ырларды жаратып, эки көркөм, бир даректүү тасманын музыкасын жазган. Республикалык жана эл аралык сынактардын лауреаты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG