Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

Акындык дайрасы Лейлек менен байланышкан


Улуттук китепканада таланттуу акын Курбаналы Сабыровду эскерүү кечеси өтүп, анын китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.

“Лейлек жергем - өрүк зардуу аймагым,
Өрүгүңдүн ширесине канганмын.
Өмүр бою жаза турган ырыма,
Өмүрүңдөн шириндикти алганмын”,-
бул саптар акын Курбаналы Сабыровго таандык.

Анын “Козу баглан”, “Нур булак”, “Өрүкзар”, "Жүрөктөгү күн", “Орто жаш”, "Лирика" деген ырлар жыйнактары окурмандардын кызыгуусун арттырган. Анын “Керээз” аттуу китеби жогорку аталган китептерден иргелип алынган көлөмдүү ыр жыйнагы болуп эсептелет. Ушул жыйнагы үчүн ага Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык ыйгарылган.

Курбаналы Сабыровдун калемдеши, кезинде чогуу иштешкен Эл жазуучусу Мелис Абакиров акындын чыгармачылыгына баа берип жатып, анын кайталангыс талант экендигин белгиледи.

- Улуу таланттар эки-үч чыгармасы менен тарыхта аты өчпөй калат. Мына ошонун сыңарындай Курбаналы Сабыровду биз “Козу баглан”, “Өрүкзар” деген ырлары аркылуу эле түшүнсөк болот. Жанагы “Өрүкзарында” поэтикасын, экспрессивдүүлүгүн, анын ойлорунун подтексттүүлүгүн чечмелеп отурса бир араба сөз болот. Мунун бүткүл кредосу, гимни да, акындык дайрасы Козу Баглан, Лейлек жергеси менен байланышкан.

Мелис Абакиров Курбаналы Сабыровдун абдан маданияттуу, кичипейил, ак көңүл адам болгонун кошумчалады.

Курбаналы Сабыровду эскерген замандаштары, калемдештери анын жубайы Гүлчакан Сыдыковага ыраазычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, артында эскерип алаары жок далай таланттар унутта калып, чыгармалары түгүл, ысымдары чыкпай калды.

Акындын жубайы Гүлчакан Сыдыкова жолдошунун элүү, алтымыш, жетимиш жылдык мааракесин өткөрүп, жылына китебин чыгарып турат экен. Чыгармачыл инсандардын арасында “Акындын жубайы болуш кыйын”,-деген кеп бар. Буга Гүлчакан эже төмөндөгүдөй жообун берди:

- Акындын тагдыры ар кандай болот экен. Ошонун баарына чыдаш керек. Булардын мүнөзү, пейли, жоругу, кыялы ар түрдүү. Бычактын мизинде тургандай болуп жүрөт экенсиң. Ошонун баарын көтөрөт экенсиң. Көзү өтүп кеткенден кийин да оорчулуктарын көтөрүш керек экен. Эми кыйынчылыктар көп болду. Азыр балдар чоңойуп, оорумду колдон, жеңилимди жерден алып калышты. Негизинен Курбаналынын чыгармаларынын өмүрү узун болсун дейм.

Гүлчакан Сыдыкова Москвадан полиграфия институтун бүтүрүп, китепти басмадан чыгаруу тармагында билимдүү үч адис аял болсо, ошолордун бири экен.

“Курманалы, жазда туулуп, жазда өлдүң,
Бар болгону отуз тогуз жаз көрдүң.
Жаралсаң да жаздай жайнап жүрүүгө,
Жаз жандуу акын, жаз жыргалын аз көрдүң! -деп Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев “Акын жана өрүкзар” деген ырында эскерген.

Атанын жолу менен...

Курбаналы Сабыровдун студент кезинде чогуу окуган курбалдашы, Эл акыны Анатай Өмүрканов акын курдашы орус, дүйнөлүк поэзияны да терең түшүнүп, көп окуган, төп тарабынан жөндөмдүү жигит болгонун белгилеп, ал көзү тирүүсүндө ырлары жөнүндө мактоо сөздөрдү укпай кеткенин, бирок ырларынын түбөлүктүү өмүрүнө ишенип жашаганын айтты.

Курбаналы Сабыровдун шакирттеринин бири, депутат Эгемберди Эрматов устаты 39 жашында каза болгондо жазган ырын окуп берди.

Лейлектин көз мончоктой турналары,
Көрүнбөй учуп барат кырдан ары.
Өзөктү өрттөп ийчү кайрыктарын,
Сен эми укпай калдың, Курбаналы.

Быйыл жаз, жамгыры көп гүлдүү эле,
Өрүктүү өрөөндү эңсеп жүрдүң эле.
Кайдагы ажал келип жабышты экен.
Акындын бийик таза өмүрүнө.

Курбаналы Сабыровдун кызы Лира Сабырова да ата жолун жолдоп ыр жазат. Бирок Тышкы иштер министрлигиндеги кызматына байланыштуу жай отуруп, ыр жазууга убактысы чектелүү экен. Ал атасы жан дүйнөсүн поэзияга арнап койсо да, балдарына күйүмдүү болгонун эскерди.

- Абдан жакшы адам эле. Атам чыгармачыл акын болчу. Өтө ак көңүл, бала кыял, боорукер, балдарына мээримдүү ата болчу. Улуу-кичүүнү, досторун, курдаштарын абдан сыйлаганды жакшы көрчү. Биз анын тарбиясын алып калдык. Анын артында калган туяктары жаман болгон жок. Атабыздын элесин дайыма эскерип турабыз.

Курбаналы Сабыров 1942-жылы 17-апрелде Лейлек районундагы Гордой айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алып, Баткен районундагы Коргон мектебинде мугалим, “Кыргыз туусу” гезитинин райондогу кабарчысы, кийин “Кыргызстан” басмасында редактор болуп иштеген. Ал 39 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Жыл сайын акын Курбаналы Сабыровдун туулган күнүндө Лейлекте поэзия кечеси өткөрүлүп турат.
XS
SM
MD
LG