Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

“Москвада калган ый” көрүүчүлөрдү ойго салды


"Азаттыктын" кабарчылары (солдон оңго карай): Кубат Касымбеков, Аида Касымалиева, Мирлан Токталиев
"Азаттыктын" кабарчылары (солдон оңго карай): Кубат Касымбеков, Аида Касымалиева, Мирлан Токталиев

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” фестивалын “Азаттыктын” “Москвада калган ый” даректүү тасмасы ачты. Мигрант кыз-келиндердин азаптуу турмушун чагылдырган тасмадан соң көрүүчүлөр кандай ойдо калды?

Миграцияга көзөмөл керекпи?

Бөтөн эл, бөтөн жерде кор болгон кыргыз кыз-келиндер. Өзгө эмес, өздөн ыдык көргөн Сапаргүлдөр. Соолуган гүлдөр, талкаланган тагдырлар. Бүдөмүк келечек... Мына ушул көйгөйлөрдү баяндаган “Москвада калган ый” тасмасы көрүүчүлөрдү катуу ойго салды. Ыйлап көргөндөр болду. Тасма соңуна чыкканда талкуу жүрүп, анда бул сыяктуу көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде киришпесе болбойт деген ой басымдуулук кылды.

Талкууга катышкан Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын эксперти, жарандык активист Жаңыл Абдылдабек кызы баралына толо элек улан-кыздарды сыртка жиберип жатканыбыздын арты ушундай каргашаларга жеткирип жатат деген пикирде:

- Ата-энелер жашы жете элек балдарын кантип сыртка чыгарат? Биз өз уул-кыздарыбыз үчүн жоопкерчиликтүү болушубуз керек да. Же акча тапканына эле ыраазы болуп отура беребизби? Жеке пикиримде, бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек.

Айтылуу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова да ушул ойду колдоду:

- Мамлекет миграция агымын жөнгө салыш үчүн бирдиктүү программа түзүп чыгышы керек. Сыртка атайын даярдалган гана адамдар кетиши зарыл.

Азербайжан аялдары үйдөн безбейт

Ал эми Австриядан келген журналист Кристиан Шулер тасма жогорку деңгээлде тартылган деп баа берди.

- Менимче, өтө күчтүү тасма. Талкуу учурунда кыргыз коомчулугу үчүн бул чоң көйгөй экенин билдим. Буга чейин аны эч ким минтип чагылдырган да эмес экен. Жеке пикиримде, бул абдан керектүү тасма.

Азербайжандык укук коргоочу Губад Ибадоглы да тасмага жогору баа берип, ошол эле маалда өздөрүндө мындай көйгөй жогун кошумчалай кетти.

- Бизде деле миграция бар. Бирок мынчалык деңгээлде эмес. Иш издеп, сыртка кеткен кыз-келиндер Кыргызстанга салыштырмалуу аз. Көбүнчө эркектер кетет. Мен азербайжан аялдарынын баары жакшы жумушта иштейт деп айткым келбейт. Анткен менен көпчүлүк бюджет кызматкерлери бул - аялдар.

Көз жашка келген акча, бузулган коом


Тажикстандан келген конок Наим Хакимов Хожент шаарындагы “Согд” маданий жана агартуу борборунун жетектейт. Наим мырзанын айтымында, мындай проблема Тажикстанга да мүнөздүү.

- Ар-намыс, абийир деген касиеттерди унуткан, мигрант, кара жумушчу гана эл болуп калдык. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарына мүнөздүү көрүнүш. Тасмадагы көйгөй Тажикстанга да, Өзбекстанга да таандык. Экономикасы чабал мамлекеттер өз жарандары кордолуп, кыйналып тапкан акча менен жашап атат.

Ал эми Ош шаарындагы “Мейкиндик” коомдук укук фондусунун жетекчиси Сулайман Үсөнов коомдо адеп-ахлак унутулганы үчүн ушундай көйгөй чыгууда деп эсептейт.

- Каныкейи, апасы тарбия бербегенинен улам болуп атат. Ошол тарбия жоктугунан кыздар бузулуп атат. Москвадагы эң арзан сойкулар - кыргыз кыздары экен. Ошол себептүү Кыргызстанда жүрөктөрдү оңдоо маселесин караш керек. Ар бирибиз балам Манастай, Чыңгыздай чыгаан болсун деген тилек менен тарбия беришибиз зарыл. Ошондо гана оңолобуз.

Кыскасы "Москвада калган ыйды" бул проблеманы жакшы билгендер ыйлап көрүштү. Мындай көйгөйлөр анча тааныш эмес адистер Борбор Азияга таандык бир көрүнүшкө күбө болушту.


Москвада калган ый
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:25:00 0:00

XS
SM
MD
LG