Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Клубдун кулпусун ким ачат?


Элетте көңүл ачуучу жайлар аз.
Элетте көңүл ачуучу жайлар аз.

Сиз айылда кечкисин кайда барып, көңүл ачасыз? Район борборлорундагы, шаарлардагы маданият үйлөрү, айылдардагы клубдардын бүгүнкү жашоосу кандай?

"Арай көз чарай" талкуусуна маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев жана Жалал-Абаддан серепчи Жалил Сапаров катышты.

“Азаттык”: Бүгүнкү күнү Кыргызстандын район, шаарларындагы маданият үйлөрү, айылдардагы клубдардын канча пайызы иштейт?

Кулуев: Бүгүн басымдуу бөлүгү иштейт. Жыйырма жыл ичинде маданият тармагы да башка тармактар сыяктуу эле оор убакытты башынан өткөрдү. Азыркы убакта айылдык клубдардын, район борборлорундагы маданият үйлөрдүн, китепканалардын сакталып келгенине ыраазы болсоң болот.

Анткени он жети-он сегиз жылдан бери маданият кызматкерлери жарыбаган айлык менен, таптакыр шарты жок жагдайларга иштесе да ошол ишин таштап, башка өлкөлөргө кетип калган жок.

Союздан бизге мурас калган маданият үйлөрүнүн, клубдарынын 10-12% гана менчикке чыгып, сатылып кеткен, калганы дээрлик бүгүнкү күнгө чейин сакталып, иштеп келе жатат. Азыр кыш мезгили болгондуктан клубдар, маданият үйлөрү иштебей турат, анткени аларды жылытуу чоң маселе.

“Азаттык”: Жалил мырза, сиз жашаган аймактагы айылдык клубдар, маданият үйлөрү иштеп жатабы?

Сапаров: Шаарларда, район борборлорунда маданий түйүндөр иштеп, колдорунан келишинче жашап келе жатышат. Бирок айылдардагы клубдарда абал начар. Ошондуктан аларды жандандыруу жергиликтүү бийликтердин да жоопкерчилигинде, алар демилге көтөрүп, жандандырып жибергенде элдин маанайы да башкача болмок.

Демилге, саамалыктар жок эмес. Мисалы, Токтогул районунда китепкананын кызматкерлери өздөрүнүн каалоосу менен эле куурчак театрын уюштуруп алышты. Мына ошондой элдин ичинен чыккан фанаттар өздөрүнүн ишин жасап эле келатышат, бирок мамлекет тарабынан колдоо, камкордук жок.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Көбүнчө кара кулпу кайтарган клубдарды ким иштетип, жандандыруусу керек? Айыл өкмөтүбү, акимби же жергиликтүү тургундарбы?

Сапаров: Маданият тармагын көтөрүү Маданият министрлигинин гана милдети эмес, бул жалпы коомдун, мамлекеттин милдети. Себеби маданият өнүкмөйүнчө улуттун көрөңгөсү болбой калат. Ошондуктан айылдагы ар бир жаран, айыл өкмөтү, райондук, облустук бийликтер жана коомдук бирикмелер жалпы өнөктөшүп, көтөрө турган маселе.

Кулуев: Негизинен алыскы айылдардагы клубдар гана иштебей атпаса, башка жактарда иштеп атышканын дагы бир жолу белгилеп кетейин. Бирок ачыгын айтуу керек, бүгүнкү күнү мага дээрлик күн сайын айылдык клубдардын, маданият үйлөрүнүн ремонтуна акча бөлүп берүүнү өтүнгөн каттар келет. Тилекке каршы аларга биз оң жооп бере албай атабыз. Себеби мамлекеттик бюджеттен “айылдык клуб, маданият үйлөрүнүн ремонтуна” деп акча каралган эмес. Быйылкы бюджетте да азырынча жок, бирок бизди “кийинки алты айда болуп калышы ыктымал” деп үмүттөндүрүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG