Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

"Илиясты" өкүнткөн өткөөл жылдар


Дүйшөн Байдөбөтов
Дүйшөн Байдөбөтов

Таанымал кино жана театр актеру Дүйшөн Байдөбөтов узакка созулган оорудан улам 7-июлда 69 жашында дүйнө салды. Ал мындан үч жыл мурда инсульт дартына чалдыккан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында 9-июлда өтөт.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов алгач калың элге Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган "Мен - Тянь-Шань" тасмасында Илиястын образы аркылуу таанылган.

Кинокадрдагы анын романтикалуу жаштык кези азыр да көрүүчүнү өзүнө тартып, ошол элес, ошол турпат өз күйөрмандарынын эсинен чыккыс болуп сиңип калган.

Бул тасмага тартылган мезгилде Дүйшөн Байдөбөтов болгону жыйырма үч жашта экен. Тасма жарыкка чыгары менен актердун ысымы жалпы кыргыз элине жарк дей түшүп, Илияс элдин сүймөнчүгүнө айланган.

Актердун замандашы, Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев кесиптешинин чыгармачылыгына токтолуп жатып, анын акыркы сапарга кеткенине ишенгиси келбей турду:

- Мындайда бир нерсе деп айтыш да кыйын экен. Ажырап калдык деп айтканга оозум барбай турат. Элибиз сыйлаган эң мыкты артисттердин бири эле. Ооруга айла жок турбайбы. Дүйшөн кинодо болобу, театрдагы спектаклдерде болобу кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болуп калган.

Думанаев актердун дагы бир кайталангыс образы катары “Акбаранын көз жашында” - Базарбайдын кейипкерин келиштире аткарганын белгиледи.

Дүйшөн Байдөбөтов "Туу жыгар" спектаклинде Санчы сынчыны ойногон. 2012-жыл
Дүйшөн Байдөбөтов "Туу жыгар" спектаклинде Санчы сынчыны ойногон. 2012-жыл

Байдөбөтовдун киноактер катары андан аркы жолу шыдыр уланып, “Айсулуунун талаасы” тасмасында - Сабырдын, “Каныбекте” - Түлкүбектин, “Саманчынын жолунда" – Субанкулдун, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, кийинки муундагы режиссерлордун бири Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" тасмасында айдоочунун образын жараткан. Театр актеру катары “Курманбек”, “Барпы ырчы”, “Коммунист Танабай", “Отелло" баштаган жүздөгөн спектаклдерде башкы ролдорду аткарган.

Акыркы жылдары актер өзү ооруп жаткан учурда да сахнага кайрадан кайрылууну көксөп жүрдү. Өнөр ээси көзү өтөрүнө жакын ден соолугу чың, чыгармачылык дарамети ашып-ташып турган учуру өлкөнүн маданият тармагы оор кырдаалга кептелген жылдарга туш болгонуна өкүнүп, “Азаттык” үналгысына буларды айткан:

- Өзүмдү өзүм толук ача албай калдым. Ача албай калдым деген себебим баары өзүмдүн оюмдагыдай болбой калды. Мен көп нерсеге жетпей калдым. Көп нерсеге... Театрда да, кинодо да ойногон колумдан келмек. Бирок, оору деген жаман экен. Бир аз кыйнап койду. Бирок кыйнаганына карабай өзүң көрүп тургандай балдарды таштай албай, алар менен минтип бирге окуп жатабыз. Мурда "Актерлук чеберчиликтен" сабак өтчүмүн. Ага да өзүң бир аз тыңыраак болуш керек экен. Азыр мен студенттерге көркөм окуу боюнча сабак берип жатам.

Байдөбөтовду өксүткөн өткөөл жылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:19 0:00
Түз линк

Сахнага болгон сагынычы, кусалыгы ашынган актер өмүрүнүн акырына чейин сакайып кетеринен үмүт үзгөн жок:

- Дарыгерлердин баары эле оорукчандарды жакшы болуп кетсе экен дейт да. Мен көптөгөн догдурларга көрүндүм. Корей, дунган, орус, кыргыз элдик медициналарына да түшүп көрдүм. Бирок, көп нерсе өзүңдөн экен. Көп басып, көп кыймылдап, аракет кылыш керек дешти. Анан ушинтип аракет кылып жүрөм. Эл "бул инсульт дегендин өз убактысы болот, ошол учур келгенде кое берет" деп коюшат экен. Мен азыр ошол кое берген учурду күтүп жүрөм.

Назым Меңдибаиров
Назым Меңдибаиров

Байдөбөтов трагедияны да, комедияны да бирдей ойногон, чыгармачылык кудурети кеңири актер эле.

Кыргыз академиялык улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдибаиров актерду минтип эскерди:

- Дүйшөн агайдын кеткени кыргыз театры жана киносу үчүн чоң жоготуу болду. Анткени агайыбыз бул тармакта бүтүндөй бир чоң эпоханы алып жүргөн инсан эле. Бардык эле чыгармачыл чөйрөдө шакирттерди тегерегине топтой алган, кайсы жерге барса да тегерегиндеги жаштарга үлгү боло алган уютку сыяктуу таланттар болот. Биз ошондой адамдан ажырадык. Агай акыркы кезде педогогдук багытта иш алып барып, жаш муундарды тарбиялап жүрдү. Ал жаштарга базалык билим бере ала турган мыкты устат да эле.

Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөлгөн. 1972-жылы Москвада А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүп келип, алгачкы эмгек жолун Ош драма театрын түзүүдөн баштаган.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун тажыясы 9-июлда өтүп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилет. Маркумдун зыйнатын кичи мекенинде өткөрүү үй-бүлөсү жана жакындарынын чечими болгон.

"Илиястын ыры" Мирбек Атабековдун аткаруусунда

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG