Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Кыргыздын Уитниси болгусу келген Чолпонай


Ош шаарынын 15 жаштагы тургуну Чолпонай Улукбек кызы дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы болууну самайт.

Шопен, Бах жана башка улуу композиторлордун чыгармаларын пианинодо ийнине жеткире аткарып жүргөн бул кыз жаңы гана сегизинчи классты аяктады. Ал пианинодо гана ойнобой, гитара, скрипка сыяктуу аспаптарды да чертет. Ырчылыкка да ышкысын койгон.

Болгондо да жөнөкөй ырларды эмес, опералык чыгармаларды аткарганды жактырат. Жашы жете электигине байланыштуу апасы азырынча чоң чыгармаларды аткаруусун каалабайт:

- Музыкалык жолду тандап алгандан кийин эми ушул багыт менен гана кетем, деп алдыма максат койдум. Кыргызстандын атын алыска чыгарган чыгармачыл адам болом. Азырынча кичинекей кыз болгондугум үчүн көп ырдасам, операларды аткарсам үнүм бузулуп калышы мүмкүн, же болбосо адамдардын көзү тийип калышы ыктымал. Ошондуктан апам азырынча үйрөнүп тур, бир аз чоңойсоң анан чоң сахнага чыгасын дейт…

Жолдубай Кайыповдун "Атам менен энеме" ыры Чолпонайдын аткаруусунда



Чолпонайдын музыкага болгон шыгы тээ бала чагында эле ойгонуптур. Эки эжеси музыкалык мектепте окугандыктан, там-тум басып калган кезинде эле түрдүү аспаптарды ойноого кызыкчу экен. Муну байкаган апасы Мейликан эже аны да музыкалык мектепке берген:

- Мен да бала кезимде музыкалык чөйрөнүн кишиси болууну каалайт элем. Бирок шартым болбой, окуй албай калгам. Менин максатымды балдарым орундатсын деген ой менен кыздарымды музыкалык мектепке бергем.

Мейликан эже кызынын чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн колдон келген бардык аракетин көрүп жатат. Соңку кездери Оштогу майрамдык иш-чаралардын дээрлик бардыгына Чолпонай ырчы катары чакырылып жүрөт.

- Шаардагы иш-чараларга музыкалык мектепте окуган таланттарды мугалимдер сунушташат эмеспи. Бир жолу кичинекей эле майрамга барып ырдады эле, ошондон бери кызыма талап күчөдү. Чын эле кызымдын өзгөчө үнү бар. Менин орундалбай калган кыялым ушул кызым аркылуу ишке ашып жатат, - дейт Мейликан эже.
"Солнышко"



Чолпонай кыргызстандык музыканттардын арасынан Жолдубай Кайыпов менен Гүлнур Сатылганованын чыгармачылыгын баалайт. Дүйнөлүк эстрада өкүлдөрүнөн Уитни Хьюстондун талантына таазим этет жана келечекте анын денгээлине жетүүнү каалайт:

- Опера ырчысы болуу негизги максатым. Бирок ошол эле учурда салттуу ырчылыкты кошо ала кетсем дейм. Бирок катардагы ырчылардай эмес, өзгөчөлөнгөн үнүм менен айырмаланып турууну каалайм. Мисалы, Уитни Хюстонго окшоп... Ал менин эң сүйүктүү ырчым, тилекке каршы дүйнөдөн өтүп кетти. Буйруса, мен Кыргызстандын Уитниси болом…
XS
SM
MD
LG