Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Депутаттын инисин атып кеткендер кармала элек

Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн атып кетишкен. Сүрөттө Улан Саляновдун үйү.
Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн атып кетишкен. Сүрөттө Улан Саляновдун үйү.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы киши колдуу болду. 42 жаштагы Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү Бишкектин күн чыгыш тарабындагы үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен.

Милиция оппозициячыл саясатчынын бир тууганынын өлүмүн иликтөөдө саясий себеп каралбаганын билдирди. Маркумдун жакындары болсо, бул кылмыш Салянованын ишмердиги менен байланышта болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Ал ортодо "Ата Мекен" фракциясы Аида Салянованын коопсуздугун камсыздоо талабы менен УКМКга кайрылды.

Каргашалуу түн

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн атып кетишкен.

Жакындарынын айтымында, окуя түнкү бир жарым ченде болгон. Анда 42 жаштагы Саляновдун курулушу бүтө элек үйүнө үч-төрт киши кирип келип, акча талап кылышкан. Кылмышкерлер беткапчан, камуфляж жана аскер өтүкчөн жүрүшкөн.

Үйдүн кожоюну алар менен кармаша кеткенде ага ок жаңылып, жан берген. Ал учурда 17 жаштагы уулу Абай кылмышкерлердин кол салуусунан качып үлгүргөнүн маркумдун агасы Карыбек Салянов "Азаттыкка" айтып берди:

- Келинибиз (Улан Саляновдун жубайы - ред.) намаз окуп бүтүп, берки бөлмөгө чыгып келе жатса эле беткапчан бир адам келип, тапанча менен коркутуп аркы бөлмөгө камап коюптур. 17 жаштагы кичүү уулу келе жатса тапанчаны башына такап коркутат. Анан иним кармаша кетип, экөөнүн алы жетпегенби, айтор атыптыр. Уулу болсо терезеден чыгып качат. Алар Уланды атып эле качышыптыр.

Салянов инисинин ашыкча байлыгы болбогонун, машине оңдоп тиричилик өткөргөнүн кошумчалады.

​Аида Салянованын туугандары.
​Аида Салянованын туугандары.

Үйдөн эч нерсе уурдалбагандыктан карактоо же жеке кастыктан улам мындай кылмыш жасалды дегенге туугандары ишенбей турат. Бул атайылап уюштурулган кол салуубу же үйдү тоноо максатында жасалганбы, азырынча белгисиз.

Салянованын инисине куралдуу кол салуунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Милициянын билдирүүсү

Ички иштер министрлиги Салянованын бир тууган инисинин өлүмүндө саясий себеп жок деп билдирүү таратты.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "киши өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

"Кылмышкерлер, алдын ала маалыматка караганда, ак түстөгү минивэн машинасына отуруп качып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда «колго түшүрүү» планы жарыяланды. Оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир нече версия каралууда. Окуя саясий өңүттө каралган жок. Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Ишти иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды"- деген билдирүү таратты Ички иштер министрлиги.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “Улан Саляновго кол салуунун бети ачылат. Аны өлтүргөндөрдү табабыз” деп убада берди.

Окуя Салянованын саясий ишмердигине байланыштуубу?

Бирок маркумдун жакындары жана бир катар саясий күчтөр бул кылмыш мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын саясий ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Маселен, агасы Карыбек Салянов дал ушул версияны чындыкка жакын деп санайт:

- Аиданын ишмердигине байланышы мүмкүн деген версияны четке какпайт элем. Мен да ошондой ойдо болуп жатам. Болбосо Улан иним өз үйүнүн дарбазасынан да ашыкча баспаган бала эле. Эки баласын ээрчитип мечитке барчу, намазын окучу. Бүгүн түнкү намазын окугандан кийин ушундай окуяга туш болуп отурбайбы.

Салянов: Инимдин душманы деле жок болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Аида Салянова мүчө болгон “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да Улан Саляновго кол салгандар эжесинен өч алууну көздөгөндөр болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, Саляновага буга чейин да кол салуу аракеттери болгон. Мындан улам “Ата Мекен” фракциясы депутаттын коопсуздугун камсыздоо талабы менен УКМКга кайрылууда:

- “Ата Мекен” фракциясы Аида Салянованын коопсуздугун коргоп берүү талабы менен УКМКга кайрылып жатабыз. Анткени Салянова башкы прокурор болуп турганда көптөгөн чуулгандуу иштер боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага өчөшкөн адамдар абдан көп. Буга чейин “Ала-Арча” резиденциясында жашап жатканда анын үйүнө, автоунаасына кол салуу болгон. Бул боюнча шаардык милицияга кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок.

Буга чейин дал ушундай эле чакырык менен Салянованын мурдагы адвокаты Улан Жумаков да чыккан эле. Негизи "Мамлекеттик күзөт жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, депутаттын коопсуздугуна коркунуч туулган учурда мамлекет кайтарууга алышы керек.

Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев кылмышты иликтөөдө ИИМ ар бир себепке дыкат мамиле кылуусу зарыл деп эсептейт:

- Эгер ал машине оңдоп иштесе, мындай чоң бизнес кызыкчылыктардан улам ушундай окуя жаралды деп айтуу кыйын. Ал эми саясатка канчалык байланышы бар, аны тергөө аныктаса керек. Анча-мынча убакыттын иши. Албетте, кылмышты иликтөөдө саясий версия да алдыда болушу керек деп ойлойм. Анткени алардын кийимдери, курал-жарагы атайын даярданып баргандай деген ойду жаратып жатат.

Депутаттын иниси киши колдуу болду

1/10
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Улан Саляновдун үйү. 
2/10 Улан Саляновдун үйү. 
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
"Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчыларынын айтымында, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы Улан Саляновдун үйүндө Чүйдүн Аламүдүн райондук жана Бишкектин Октябрь райондук тергөө топтору иштеп жатышат. 
3/10 "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчыларынын айтымында, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы Улан Саляновдун үйүндө Чүйдүн Аламүдүн райондук жана Бишкектин Октябрь райондук тергөө топтору иштеп жатышат. 
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө беришти. 
4/10 Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө беришти. 
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
​Туугандарынын айтымында, окуя түнкү бир жарымдарда болгон. Алгач беткапчан үч-төрт киши кирип келишип, акча талап кылышкан. Үйдүн кожоюну Улан Салянов алар менен кармаша кеткенде ок атылган. Ошол учурда 17 жаштагы уулу Абай Салянов үйдөн качып кеткен. Атайылап уюштурулган кол салуубу же үйдү тоноо максатында жасалганбы азырынча белгисиз. Милиция эч кандай маалымат бере элек.
5/10 ​Туугандарынын айтымында, окуя түнкү бир жарымдарда болгон. Алгач беткапчан үч-төрт киши кирип келишип, акча талап кылышкан. Үйдүн кожоюну Улан Салянов алар менен кармаша кеткенде ок атылган. Ошол учурда 17 жаштагы уулу Абай Салянов үйдөн качып кеткен. Атайылап уюштурулган кол салуубу же үйдү тоноо максатында жасалганбы азырынча белгисиз. Милиция эч кандай маалымат бере элек.
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Ок тийген жер кесилип алынып, экспертизага жөнөтүлдү.
6/10 Ок тийген жер кесилип алынып, экспертизага жөнөтүлдү.
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
7/10
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Бишкекте милиция адам өлтүргөн кылмышкерлерди издөө операциясын жарыялады.
8/10 Бишкекте милиция адам өлтүргөн кылмышкерлерди издөө операциясын жарыялады.
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Үй жаңы конушта болгондуктан бул жердеги тамдардын көбү эми курулуп жатканы байкалат. 
9/10 Үй жаңы конушта болгондуктан бул жердеги тамдардын көбү эми курулуп жатканы байкалат. 
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Адвокат Улан Жумаков окуяга байланыштуу тартип коргоо органдары Аида Салянованын коопсуздугун камсыздашы керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазды.&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/28789696.html" target="_blank">Аида Салянова</a>&nbsp;парламенттеги оппозициялык &quot;Ата Мекен&quot; фракциясынын депутаты, экс-башкы прокурор. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы &quot;кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган&quot; деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдиришип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет.
10/10 Адвокат Улан Жумаков окуяга байланыштуу тартип коргоо органдары Аида Салянованын коопсуздугун камсыздашы керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Аида Салянова парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, экс-башкы прокурор. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдиришип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет.
6-ноябрда түнкү саат бирден өткөндө Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.
Артка
Алдыга

Аида Салянова Апрел ыңкылабынан соң алгач юстиция министри, кийин төрт жыл башкы прокурор болуп иштеген. Ал учурда бир нече депутат жана министрлерге кылмыш ишин козгогон эле.

2015-жылы бийлик менен мамилеси бузулуп, президент Алмазбек Атамбаевдин саясий колдоосун сезбей калдым деген жүйө менен кызматтан кеткен. Андан соң "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламентке депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештеги бийликтин дарегине сын айткан белдүү оппозициячыл депутаттардын бири.

Башкы прокуратура Аида Салянова юстиция министри болуп турганда "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, кылмыш ишин козгогон. Ага байланыштуу жүргөн соттук териштирүүлөрдүн негизинде Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы беш жылга эркинен ажыраткан.

Депутат жазасын кийинчерээк - кенже кызы 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Кызы азыр үч жашта. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG