Тогуз дептерге толгон сандар
Жакында Бишкектеги жаңы конуштардын биринен бакиевдерге таандык болушу мүмкүн деп табылган мүлктүн арасынан сырдуу жазууга толо дептерлер чыккан. Анда көмүскө каржылык иштердин эсептери менен кимден канча өлчөмдө каражат келип түшүп, анын кайсы бөлүгү кайда жумшалганы боюнча учкай маалыматтар атайын шарттуу белгилер менен келтирилген. Мындай сырдуу акчаны топтоого жооптуу адамдардын өздүгү болсо шарттуу түрдө “Бай” жана “Кадр” деген сыяктуу аталыштар менен көрсөтүлгөн. Миллиондогон сомдор жана миңдеген долларлар кимден жана качан келгени тууралуу маалыматтарды камтыган кол жазмаларды тергөө тобу Жаныбек Бакиевдики деген тыянакка келди. Анткени Мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров кол жазмалар камтылган тогуз китепче Жаныбек Бакиевдин уулу көзөмөлдөгөн имараттан алынгандыгын белгиледи:
- Бул Искендердин атасы Жанышка тиешелүү портфель. Искендер көзөмөлдөгөн сейфтен алынгандыктан жана андагы кол жазманын Жаныш Бакиевдики менен окшоштугу мындан башкача күмөн саноого жол бербейт. Бул жерде ар кайсы учурда ар кимден келген каржылык агымды Жаныш каттоого алган. Алардын көпчүлүгү бизге белгилүү болгону менен ал фамиляларды жана негизги маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Чечмелей келгенде ал жазууларда мурдагы жана азыркы аткаминерлер менен белгилүү ишкерлердин ысымдары камтылган. Анан ал жазылган суммалар кадрдык дайындоолор менен бирге Бишкектин ичинде сатылган жер тилкелери үчүн төлөнгөнү да көрсөтүлгөн.
Бакиев бийлигинин соңку жылдарында анын инилеринин жана уулдарынын карамагындагы бейрасмий мекемелери ачык эле иштеп, ири ишкерлер менен үлкөн аткаминерлер жекече кабыл алынаары туурасында коомчулукта аңыздар тараган эле. Бишкекте Максимдин, Жаныштын жана Мараттын мекемелери деген ат менен белгилүү имараттардын алдында токтогон автоунаалардын узун кезеги тууралуу ошол кездеги оппозициялык басылмалар жазып чыкканы бар.
Көмүскө жолдор, көрүнбөгөн “колдор”
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов бакиевдер көмүскө схемалар аркылуу каражат топтоонун каналдарын мыкты өздөштүрүшкөнүнө мындайча токтолду:
- Анткени мен ал кезде коопсуздук органдарында, башкармалыкта иштегендиктен бул тууралуу оперативдүү маалыматтар бизге белгилүү болчу. Бакиевдердин бир туугандарынын чогулткан каражаттары бардыгыныкын кошкондо айына 3,5 миллиондон 5 миллион долларга чейин чамдап барчу. Анткени казынага түшө турган каражаттын көп бөлүгү алардын чөнтөгүнө кетип турган. Миллиондогон сомдор эки эле каржы булагынан - бажы жана салык тармагынан түшүп турган. Буга эми жанагы аткаминерлерден жана ишкерлерден чогултулган акча кирбейт. Аны өзүнчө чогултуп турушкан. Бакиевдер жооптуу кызматтарга өздөрүнүн адамдарын койуу менен алар аркылуу бүтүндөй көзөмөлдүктү колго алышкан.
Өлкөдөгү орчун киреше булагы жана маанилүү мамлекеттик кызмат катары саналган тармактарды бакиевдердин өкүлдөрү өз ара бөлүшүп алганы кийин ачыкка чыккан. Күч түзүмдөрү Жанышка, тышкы иштер министрлиги менен каржы тармагы ортончу инилери Марат менен Адылга, коопсуздук, бажы жана чек ара мурдагы президент Бакиевдин тун уулу Маратка таандык болсо, банк сектору, медиа жана тоо-кен тармагы Максим Бакиевдин көзөмөлүндө калган.
Ири ишкерлерге илинген “кайырмак”
“Дордой” корпорациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков бакиевдердин басымын өз башынан мындайча өткөргөн экен:
- Баягы эле президенттин ага туугандары келип эле мага “мына буга кол койо салыңыз, тигини бердиртиңиз” дей беришкендиктен Бишкек шаарынын мэрлигин өзүм өткөзүп бергемин. Анан ишкерлерди кысымга алышып, жер тилкелерин басып алып жатышты. “Тигинин бир нерсесин тартып алыш керек, аны эсепке отургузуп кой” деген сыяктуу бакиевдердин жан-жөкөрлөрүнүн талабы күчөп кеткен эле. Биздин “Дос Кредо банктагы” акцияларды да мажбурлап жүрүп отуруп, сатууга аргазсыз кылышты.
2010-жылы 7-апрелден кийин айрым ири ишкерлер алардын мүлкүн бакиевдер тартып алган деген доомат менен чыгышкан. Бирок териштирүүдө андай учурлардын айрымдары тастыкталса, көпчүлүгү кадимки алды-сатты аркылуу эле башка кожоюнга өткөнү аныкталган. Кээ бир ишкерлер ал кезде “бакиевдер мүлктү мажбурлап алган” деген менен ошолордун эле көпчүлүгү бакиевдер менен өнөктөш болуп, колдоо табыш үчүн көбүнчө алардын алдына өздөрү барышкан деген божомолдор арбын. "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Табылды Эгембердиев учурунда бийликтин зулумдугу менен ээнбаштыгына өздөрү жол берип карап тургандар түштөн кийин жабырлануучу болуп жатканына таң калуусун жашырган жок:
- Бакиевдердин үй-бүлөсү менен эч кандай мамилем жана аласа-бересем болгон эмес. Айдар деле Максим деле тийишкен жок. Анткени менен алардын аталары менен мамилем жакшы болчу. Мени менен эсептешишчү. Бирок башка ишкерлер оор абалда калып жатышканы боюнча укканым бар. Мына ошол кезде бакиевдердин мына ошондой деңгээлге чыгып кетишине биз коомчулуктун дагы салымы болду окшойт. Анткени ишкерлер өз учурунда бул боюнча ачык кайрылуу жасаганда алардын жаман ойлорун ишке ашырбай койгонго ошол эле ишкерлерде мүмкүнчүлүк бар эле да. Мага тийиштик кылышкан жок. Мага тийишишсе коомчулукка ал боюнча ачык айтып чыгат элем.
Акча топтомой адат кала элекпи?
Ошол эле кезде парламенттин айрым депутаттары азыркы бийликтин тушунда деле кадрдык дайындоолор жең ичинен бүткөрүлгөн учурлар бар экенинен кеп салышууда. Ошондой эле “өлкөдө көмүскө схемалар аркылуу киреше булактарын көзөмөлдөө жагы өзгөрүүсүз калды” деп кине койгондор да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков азыркы бийлик деле жеке басарлык өнөкөттөн ары кете элек деп эсептейт:
- Өлкөнүн бар болгон байлыгын бир колдо кармап туруп, бир адам көзөмөлдөп турган жерде ушундай болот. Азыр биз Акаев менен Бакиевди айтып жатабыз. Учурунда билген эмеспиз. Азыркы бийликтин деле мына ушуга окшогон былык иштери чыгат. Анткени азыркы бийлик деле бардык ресурстарды бир эле адам – президент иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат. Бирок азыр ал жакта иштеп жаткандар бул боюнча ачык айтып чыга алышпайт да. Бир адам жалгыз өзү көзөмөлдөгөн жерде мына ушуга окшогон өнөкөттөр улантыла берет экен. Бир мисал: президенттик шайлоодо аткаминерлер акча топтоду. Бирок биз аларды колунан кармап кала алган жокпуз да.
Бирок мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин тушундагы көмүскө жагдайлар менен азыркы абалды салыштырууга болбойт дегендер да арбын. Анткени парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген айрым депутаттар бажы, салык тармактары жана мамлекеттик кызматтарга дайындоолор толук болбосо да коомчулуктун көзөмөлүнө өттү деген пикирди карманышат. “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов буга мындайча мисал келтирди:
- Азыркы учурда мурдагы Жаныш Бакиевдикиндей иштер жүрүп жатат дегенге мен кошула албайм. Анткени андай иштер кичинекей Кыргызстанда бат эле белгилүү болуп калат. Жаныштын иштери ошол кезде эле белгилүү болуп калган болчу. Ал бүтүндөй укук коргоо органдарын көзөмөлдөп, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчыларына чейин өзү дайындатчу. Албетте бекер эмес. Анан күч түзүмдөрүндө тиешелүү кызматка баргандар ай сайын каттоодон өтүп, кызматына жараша акча төгүп турганы маалым. Күндөлүктөгү эсеп-чот ошолордун бири болушу мүмкүн.
Ошол эле кезде бакиевдердин таланган мүлкүн иликтөө боюнча түзүлгөн тергөө тобу Жаныбек Бакиевге таандык деген китепчелердеги адамдардын ысымдары жана андагы каржы агымдары тууралуу маалыматтар кылмыш ишинин алкагында изилденип жатканын жарыялады. Аталган ишке ылайык, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Жаныбек Бакиев түзгөн көмүскө схемалардын “каармандары” аныкталып суракка чакыртылышы мүмкүн.