Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Кысымга кабылган Кытай ишкерлери


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Кытайлык эки ишкер укук коргоо жана сот органдарынын колдоосуна таянган уюшкан топко бизнесин тарттырып жибергени боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Курулуш, тоо-кен жана тамак-аш тармагына миллиондогон доллар акча салып, бирок соттордун мыйзамсыз чечими менен андан ажыраган Кытай ишкерлери аларды каралоо жүрүп жатканына даттанышкан. Быйыл жазында башталган соттук териштирүүлөргө дале чекит коюла элек. Жергиликтүү ишкерлер тескерисинче өздөрү алдамчылыктын курмандыгы болушканын айтып, соттор алардын бузулган укугун гана калыбына келтиргенин жүйө келтиришкен.

Таңкалычтуу сот чечими

Кытай ишкерлери Гао Жин Вей жана Чен Мао Чун 2012-жылы ири ишкердик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга келишкен. Президенттин наамына жазылган кайрылууда алар башында Бишкектеги “БЛС” деген курулуш компанияны сатып алып, 280 батирлүү элиталык типтеги көп кабат үй курушканы көрсөтүлгөн. Бирок төрт жылдан кийин сот экинчи тараптын катышуусуз эле кыймылсыз мүлктү компаниянын мурдагы ээсине кайтарып салган. Чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаркеева чыгарган.

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Кытай ишкери Гао Жин Вейдин адвокаты Анатолий Сафонов соттун чечими мыйзамды одоно бузуу менен чыкканын айтты:

- Судья Жаркеева бир эле жолку соттук жыйында менчик укугунан ажыраткан акылга сыйбаган чечим чыгарды. Ошол эле кезде ал акылга сыйбаган чечим кабыл албастан, андагы таңкалычтуу укуктук эмес жагдайларга жол берди. Судья Жаркеева аталган сот чечиминде ага нааразы тараптарга кассациялык жана апелляциялык даттанууга тыюу салган. Бул деген маңызында соттук коргоо укугуна тыюу салуу дегендик. Бул адамдардын конституциялык укугун чектөө.

“Чоң күчтөрдүн” өкүмзордугу

Кытай ишкерлери Бишкектин Свердлов райондук сотунун бул чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко даттанышкан. Бирок шаардык сот райондук соттун чечиминдеги укуктук ченемдер бузулду деген дооматка карабастан аны өзгөртүүсүз калтырган. Ошондой эле кытайлык ишкерлер алдамчылык жол менен бизнести тартып алуу фактысы боюнча экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматка арыз жазган. Бирок кылмыш иши козголгон менен бир күндөн кийин ал ишти Башкы прокуратура өзүнө чакыртып алып, тергөө иштери токтотулган. Кытай ишкерлеринин өкүлү Элмира Умарова бул ишке өтө чоң кызыкдар күчтөр кийлигишип жаткан жагдайга токтолду:

- Башкы прокуратура баш болуп, УКМК, тиешелүү сот органдары биргелешип алып, кайсы бир чоң күчкө жардам берип жатканы ачык эле байкалып турат. Буга чейин соттор Гао Жин Вейди жана анын кызыкчылыгын коргогон тарапты сотко чакырбай туруп эле мына ушундай чечимдерди кабыл алуунун өзү эмнени туюнтат? Мыйзамды уруп ойнобостон, ушинтип ашкере аша чабууга кимдин чоң эрки жетип, ким сотторду ушуга түртүп жатат? Негизи эки ортодо келишим болгон үчүн анан Кытай ишкери чоң акчасын жумшап, мына ошол көп кабат үйдү салып баштаган. Анан курулуш бүткөндөн кийин ага акчасын жумшабаган эле мына ошол Воинов деген адам эми “макулдашууга мен кол койгон эмесмин” деп чыкканы кандай? Эгерде Воинов деген кол койбогон болсо, ал кол жасалма болсо, анда Кытай ишкери Гао Жин Вейдин үстүнөн кылмыш ишин козготуп, аны отургузуп салмак. Анда эмнеге “ага жасалма кол коюну жасаган” деген негизде кылмыш ишин козгошпойт. Анткени андай нерсе болгон эмес.

Маалыматтык чабуулдун “төө бастысы”

Кытай ишкерлери жабыркаган жагдай муну менен эле чектелбейт. Ишкерлер Гао Жин Вей жана Чен Мао Чун кыргыз тараптын сунушу менен 2012-жылы 24-сентябрда “Баткен Майнинг” компаниясына инвестор катары киришкен. Алар мына ошондон бери Баткендеги ал кен байлыкты иштетүүгө 10 миллион доллардан ашуун акча сарпташканын кайрылууда мисал келтиришкен. Кытай ишкерлеринин президентке ачык кайрылуусунан кийин эле алар менен кызматташкан кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон өкүлдөр биригип алышып, атайын маалымат жыйынын өткөзүштү.

“Баткен Майнинг” компаниясынын өкүлү Адыл Жекшеев “Вечерний Бишкек” маалымат борборунда кайра кытайлык инвесторлордун өздөрүн айыптаган болчу:

- Келишим боюнча ири өлчөдө каражат салууга милдеттеме алат дагы анан компаниядагы үлүштү өзүнүн наамына жеке тарап катары чыгарып жатпайбы. Анткени келишимде “Синь Хуа” деген компания болчу. Бирок ал үлүш “Синь-Хуага” кеткен жок, үлүш мага таандык, мен кожоюнумун” деп мурдагы алган милдеттемелеринен баш тарткан.

Бишкектеги “БЛС” курулуш компаниясы жана “Синь Хуа” рестораны боюнча Кытай ишкерлери менен чатакташып жаткан тарап өзү ачыкка чыга элек. Алар адвокаттарын гана соттук жараяндарга жөнөтүшкөнү менен арыздарда аттары көрсөтүлгөн “алданган” кыргыз ишкерлери чынында кимдер экени белгисиз. Алардын кызыкчылыгын коргоп чыккан адвокаттар жана коомдук жактоочулар маалымат жыйынында Кытай ишкерлерин адилет кыргыз сотторуна көө жапкан алдамчылар катары сыпатташкан болчу. Мына ошол жактоочулардын бири, серепчи Бакыт Бакетаев бул тууралуу мына буларга токтолгон эле:

- Мына өздөрү жасалма документ жасаган материалдын негизинде сот чечим чыгарса алар сотту жамандап жатышат. Документтин жасалма экенин далилдеп берип, ошонун негизинде баштапкы менчик ээлеринин укугун калыбына келтирген мына ошол Кыргызстандын судьяларынын бардыгы жаман экен.

Ири сумманы жоготкон инвесторлор

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Баткен Майнинг” компаниясындагы Кытай тараптын менчик укугун 2014-жылы 11-июлда эле жокко чыгарганы эки жылдан кийин гана белгилүү болгон. Ошондой эле алар жаңыдан ишке киргизген Бишкектеги “Синь-Хуа” рестораны дагы мына ошондай жагдайга дуушар болгон.

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр борборун куруу боюнча жарыяланган тендер катышуучулардын жоктугунан улам болбой калды.

Кытай ишкерлеринин өкүлү Элмира Умарова сот чечимдеринде кеткен чыгымдарды калыбына келтирүү жагы дагы эске алынбаган жагдайды төмөндөгүчө мүнөздөдү:

- Бул боюнча Ош райондор аралык сотунда териштирүү жүрүп жаткан кезде алар Биринчи Май райондук сотуна дагы экинчи арызды берип коюшкан экен. Анан Биринчи Май райондук соту Кытай ишкерлерин жана алардын кызыкчылыгын коргогон адвокаттарды сотко чакырбастан туруп эле, көнүмүш адатка салып, компанияны тигил тарапка өткөрүп берген чечим чыгарып салган. Аны биз жакында билип отурабыз. Анан Кытай ишкерлери Бишкектеги ресторанды дагы сатып алышып, аны оңдоп куруп, 3 миллион доллардай акча жумшаган. Мына ошол “Синь Хуа” ресторанын дагы тымызын сот чечими аркылуу мына ошол эле адамдар кайра өзүнө кайтарып алышкан. Ошентип бул эки кытай ишкери Кыргызстандагы акча салган бүт мүлкүнөн айрылды. Сот керек болсо бул ишкерлер чыгым кылып кетирген акчаны дагы калыбына келтирүү жагын дагы чечимине киргизген эмес.

Ошол эле кезде Кытай ишкерлеринин кызыкчылыгын коргогон тарап мына ушул үч ишкер долбоору боюнча тең баштапкы сот иштери алардын катышуусуз өткөнүн белгилешти. Муну Жарандык процессуалдык кодекстин ченемдерин одоно бузуу катары караган Кытай ишкерлеринин адвокаттары бул соттук иштердин акыйкаттыгына жетүү үчүн жана бузулган менчик укугун коргоо максатында Эл аралык арбитражга чейин арыз менен кайрылууга даярданып жатышканын билдиришти. Кытайлык эки ишкер алардын бизнес кызыкчылыгы тебеленген жагдай боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине дагы кайрылганы белгилүү болду.

Кыргызстанга инвестиция тартуу, инвестор чакыруу канчалык ишке ашууда? Эмне үчүн чет элдик инвестициянын көлөмү аз? Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун "Азаттыкка" курган маеги.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:04 0:00
Түз линк
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG