Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Жамашева: Соттордун иши үзгүлтүккө учураган жок


Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева сот системасындагы кризиске байланыштуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

“Азаттык”: Өткөн жылдын декабрь айынын этегинде бир канча судьянын ыйгарым укуктары аяктаптыр. Январь айында да айрымдарынын мөөнөтү бүтөт экен. Оболу тактап кетесизби, канча судьянын мөөнөтү аяктады жана бул соттук жараяндарга канчалык таасир этип жатат? Азыр судьялар иштегиси келбей, илең-салаң болуп, бир топ иштерди кароону кийинкиге жылдырып жатышат деп айтышууда.

Феруза Жамашева: 2011-жылдын 29-декабрында 46 судьянын мөөнөтү бүттү. Ага чейин 33 судьянын мөөнөтү бүткөн. Ошолордун баарын бириктиргенде азыркы учурда 79 судьянын мөөнөтү аяктады. Бул көп судьялардын мөөнөтү бүтүп иштебей жатканын билдирип жатат. Бирок мен судьялардын иштегиси келбей жатат дегенге кошула албайм. Анткени ар бир судья өзүнүн жоопкерчилигин билип, азыр иштегиси келбей эмес, тескерсинче тыкан болуп, жакшырак иштеп 2-3 судьянын ишин бир алып кетип жатат.

“Азаттык”: Демек судьялардын мөөнөтүнүн аяктап иштебей жатышы жалпы сот процесстерге таасир деле берген эмес турбайбы.

Феруза Жамашева: Көп сандагы судьянын иштебей жатышы деле сот процесстерине таасир бере албайт. Анткени иштин көлөмү ошол бойдон эле калууда, бирок судьялардын саны азыраак болууда. Албетте кээ бир иштер каралбай мөөнөттөрү өтүп кетип жатат. Бул жарандардын нааразычылыгын жаратууда. Бирок бардык судьялар аны билгизбей иштегенге аракет кылып жатышат.

“Азаттык”: Сот ситемасы азыр кризиске кептелди деп айтылууда. Былтыр июнь айында Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, ал жыл этегине чейин судьяларды тандап чыкмак болчу. Бирок азыр кеңештин өзүнүн келечеги бүдөмүк болуп турат. Президент Алмазбек Атамбаев сот системасын реформалоону сөз жок улантуу керек деп билдирди. Сиз реформанын, туңгуюктан чыгуунун кандай жолун көрүп турасыз?

Феруза Жамашева: Туңгуюктан чыгыш үчүн сотторду тандоо кеңеши толук иштеши керек. Азыркы учурда мыйзамдарда карама-каршылыктар бар экен, Сотторду тандоо кеңеши иштесе ошолорду оңдосо, мөөнөтү аяктап иштей албай калган судьялар болбойт, бардыгы иштешет. Жаман иштеген судьялар тандоодон өтпөйт, жакшылар иргелет. Мен буга толук ишенем. Сот системасы кадимкидей иштеп калат.

Андан сырткары биз сотторду окутуу боюнча программа жүргүзгөнбүз. Сотторду дайындалганга чейин окутуу боюнча. Анткени биздин тажрыйбада мурун сот болуп дайындалып, окутуу андан кийин жүргүзүлчү. Биз мындай тажрыйба натыйжалуу эместигин билдик. Сот болуп бир-эки ай иштеп, иштерди караганда да бир топ кемчиликтерди кетирген учурлар болуп калат экен.

“Азаттык”: Сот адилеттүүлүгү тууралуу айта кетсеңиз. Биздин редакцияга бир топ адамдар сотторго нааразыланып көп кайрылышат.

Феруза Жамашева: Соттордун бардыгы эле таптаза дегенден алысмын. Ооба, бизде бир топ кемчиликтер бар. Элдин нааразычылыгы да чоң.

Бизде соттордун кеңеши деген орган иштейт. Сотторго нааразы болгон жарандар болсо ошол жакка кайрылат. Соттор кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алар келген арызды карап, сот туура эмес иштеп, кемчилик кетирсе анын үстүнөн дисциплинардык өндүрүш козголуп чара көрүлөт.

XS
SM
MD
LG