Депутат Дастан Бекешев саясий кызматтагы адамдарга тиешелүү компаниялардын тендерлерге катышып жаткан фактыларын териштирүү боюнча Башкы прокуратурага экинчи ирээт кайрылды. Ушул жылы май айында жооптуу кызматкерлер жана алардын жакындарына таандык тиешелүү компаниялардын мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган эле.
Саясий кызматкерлер жана алардын жакындарына таандык компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбордун демилгечиси Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев. Депутат Жалпыга маалымдоо каражаттарында жогорку кызматта отурган аткаминерлерге тиешелүү компаниялар мамлекеттик тендерлерге катышып жаткан фактылар жарыяланып жатканын, мунун негизинде Башкы прокуратура баштаган органдарга кат жөнөткөнүн, жооп келбегенине байланыштуу экинчи ирээт кайрылганын айтып берди:
- ММКдагы макалада көп фактылар айтылган. Мисалы Осмонбек Артыкбаевдин компаниясы тендерге катышкан. Дагы башка мамлекеттик кызматкерлердин компаниялары тендерге катышкан учур болгон. Мен ошол боюнча кайрылгам. Азырынча жооп келе элек. Мен күтүп жатам, жооп келбегендиктен экинчи ирээт кайрылдым. Негизи бир айдын ичинде эле жооп келиши керек эле. Башкы прокуратура, Каржы министрлиги эч кимиси катка жооп жөнөткөн жок.
Жогорку кызматтагы адамдар жана алардын жакындарынын компанияларына мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзамга 18-майда кол коюлган. Каржы министрлиги тендерге катышып жаткан компаниялар кимге жазылган, негиздегендер жана кожоюндары кимдер экенин аныктоо үчүн Юстиция министрлигине кайрылды.
Аталган министрликтин алдындагы Мамлекеттик сатып алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Акжигит уулунун билдиришинче, мамлекеттик мекеме-министрликтерге кимдердин компаниялары тендерге катыша албай турганы боюнча кат жолдонду. Аныктоо иштери азырынча өздөрүндөгү маалымат боюнча жүрүп жаткан экен:
- Мисалы Жалал-Абадда жол боюнча тендер өтүп жаткан экен. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Акунаалы Досалиевдин бир тууган инисинин компаниясы катышып жатыптыр. Биз эскертүү бергенден кийин ал катышпай калды. Мындан башка дагы эки-үч ушундай көрүнүштөрдү, билип калгандарыбыздын алдын алдык. Ал эми билбегендерибиз толтура да. Жогорку бийликте иштегендердин балдары катышып жатат. Мисалы “Кыргызавтомаш” президент Алмазбек Атамбаевдин балдарыныкы деген сөз бар. Ал эми негиздөөчү тууралуу документте алардын такыр аттары жок экен. Бирок “Кыргызавтомаш” ошолордуку экенин мындай жазылбаса деле баары эле билет. Ошол эле Дамира Ниязалиева, Осмонбек Артыкбаев, Калыкбек Султановдордуку деле ушундай. Баарынын эле фирмалары башка адамдарга жазылган экен. Эми алардын баарын далилдеп бергиле деп Юстиция министрлигине бергенбиз. Жооп келсе аны жарыялайбыз. Башкы прокуратура болсо бул маселе биздин компетенцияга кирбейт деп жооп берди.
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов компаниялардын кагаздагы кожоюндарын аныктап беришерин бышыктады. Ошол эле убакта тендер өткөргөн мекеме эң ириде буга өзү кызыкдар болушу керектигин белгиледи:
- Эгерде бизге тендерге ушул компаниялар катышып жатат, аларды негиздегендер кимдер экен аныктап бергиле деген кат келсе биз алардын тизмесин Каржы министрлигине жөнөтөбүз. Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү аны көзөмөлгө алат. Бул жерде дагы прокуратура, атайын кызмат, ИИМ, Эсеп палатасы өңдүү көзөмөлдөөчү органдар бар. Алар да жөн турбай көзөмөлдөп турат. Тендерди өткөрүп жаткан аткименерлер жоопкерчиликти мойнуна алып, кийин жооп берип калбашы үчүн аябай дыкаттык менен иликтеп иштеши керек. Анткени кийин чыгып калышы мүмкүн. Прокуратура казып чыкса жоопко тартылып калышы ыктымал.
Ал ортодо вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык делген “Градиент” фирмасы жоюулуп кеткени маалым болду. Аталган ишкананын жетекчиси, өкмөт башчынын орун басарынын бир тууганы Эмир Сарпашевдин пикиринде, тендерге катышуу укугун чектелиши Баш мыйзамга каршы келет:
- “Градиент ” жабылган. Ал фирма эми жок. Мен азыр жумушу жок отурам. Жогорку кызматтагылардын компаниялары тендерге катышпасын деген мыйзамга кол коюула электе эле жабылган. Депутаттар Конституцияга каршы мыйзамды кабыл алып койгондон кийин жабылгандан башка менде кайсы арга калмак эле. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин мен тендерлерге катышып, ишкерлик кылуум мүмкүн болбой калды.
Бейрасмий маалыматка караганда “Градиент” башка ат менен башка адамдын наамына кайра катталды.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык делген “Градиент” фирмасынын соңку кездери тендерлерди байма-бай утушун, Кумтөр менен байланышын иликтөө үчүн өткөн жылдын этегинде Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Анда “Градиент” ишканасы соңку үч жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп тендер уткан деген корутунду чыккан. Сарпашев мындай дооматты четке каккан.
Адистер мамлекеттик мекемелерде коррупциянын негизги булагы мамлекеттик сатып алуулар болоорун айтып келишет. Мунун айынан өлкө казынасы миллиондогон сом чыгым тартат.