Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Коррупция менен күрөшүүгө тергөөчү жетишпейт


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн жылы УКМКнын коррупцияга каршы кызматы саясий жемкорлукка каршы күрөштө жогорку кызматтагы 26 адамга кылмыш ишин козгогон.

Анын арасында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын алты депутаты бар. Уурдалган акчанын мамлекетке кайтарылган көлөмү миллиарддаган сомго жетти.

Мындай маалыматтар Башкы прокуратурага караштуу Коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңештин жыйынында айтылды. Бирок Башкы прокуратура быйыл коррупцияга каршы күрөштүн көрсөткүчтөрү төмөндөйт деп тынчсызданууда.

Коррупция күч органдарынан кетпей жатат

Кыргызстанда күч кызматкерлери паракорчулуктун башатында турат. Антикоррупциялык кызматтын төрагасы Дүйшөнбек Чоткараевдин айтуусунда, жалпысынан 337 кылмыш иши козголсо, анын ичинде прокуратура, сот, милиция органдарында иштегендерге 53 иш козголду. Коррупция боюнча козголгон иштердин экинчи сабында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендер турат.

Чоткараев саясий коррупция менен күрөшүү активдүү жүрүп жатканын кошумчалап, 6-чакырылыштын алты депутатына кылмыш иши козголгонун айтат.

- Саясий системадагы коррупция менен күрөштө алты депутат, эки соттун төрагасы, район жана шаардык соттун үч судьясына, министрлик жана ведомстводогу төрт жооптуу кызматкер, бир шаар мэри жана мамлекеттик ишканалардын 10 жетекчисине кылмыш иштери козголду. Булардын көпчүлүгүнө “кызмат абалынан кыянат пайдалануу", “опузалоо” жана “пара алуу” беренелери менен иш ачылган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы өлкөдөгү коррупциядан казынага 1 млрд. 314 млн. сом зыян тийсе, жемкорлук менен күрөштүн натыйжасында 1 млрд. сомдон ашыгы кайтарылганын айтат. Дал ушу казынадан уурдалган акчаны мамлекетке кайтаруу жагынан мактанаарлык иш бар экенин Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров белгилеп, акыркы жылдардагы сандарга токтолду.

Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

- Биз акыркы беш жылдагы жыйынтыкты чыгарып, аябай чоң иш аткарылганын көрдүк. Мен бир эле мисалды айтсам, акыркы беш жылда тартип коргоо органдары мамлекетке 7 млрд. сомду кайтарып келди. 2012-жылы бул көрсөткүчтөр 200 млн. сомдон араң ашчу. Айрыкча былтыр коррупция менен күрөш жакшы жүрүп, 3 млрд. сом бюджетке кайтарылган. Бирок биз жетишкендиктер менен токтоп калбастан, тартип коргоо органдарынын ишин дагы күчөтүшүбүз керек.

Анткен менен талдоочу Турат Акимов, бийликтин коррупция менен күрөшүн жетишээрлик эмес десе, паракорчулуктан мамлекетке өндүрүлгөн каражат эч нерсеге арзыбайт дейт.

- Менин оюмча бул өтө деле чоң жетишкендик эмес. Анткени УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын 5-6 жыл ичинде сарптаган акчасы өзү эле 7 млрд. сомдон көп болушу керек. Ал эми жалпы эле күч органдарына сарпталган каражат 7 млрд. сомдон он эсе көп болуп чыгат. Ошондуктан биздин укук коргоо органдарынын мамлекетке кайтардык деп жаткан каражатын тамаша деп эле койсок болот.

Прокуратура: көрсөткүчтөр төмөндөдү

Жыйында башкы прокурор Индира Жолдубаева коррупцияга каршы күрөштүн 2017-жылдын аягындагы көрсөткүчү төмөндөй турганын билдирди. Былтыр кылмыш иштердин 80 пайызын прокуратура козгогон. Быйыл жыл аягында андай көрсөткүч болушу күмөн:

- Ушул жылдын биринчи үч айлыгын карасам, бардык тартип коргоо органдары 179 кылмыш ишин козгоптур. УКМКда 146 иш тергөөдө жүрсө, 246 иш токтотулду. Мунун бардыгы тергөөчүлөрдүн жетишсиздигинен болуп жатат. Жыл аягында биз өтө кейиштүү сандарды алабыз. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш кызматы 305 ишти тергөөгө алса, 371 ишти токтотту. Бул органда болгону 54 тергөөчү бар. Мындан башка тергелген иштин сотко жөнөтүү көрсөткүчү да бир топ төмөндөп кетти.

Буга Конституциянын жаңы редакциясына прокуратуранын тергөө укугунан ажыраткан жобонун кириши себепкер деп эсептеген башкы прокурор жагдай боюнча президентке сунуш киргизүүнү көздөп жатат.

Катуу талап жаштарды качырат

Күч органдарында тергөөчүлөрдүн тартыштыгы курч маселе болуп, иштин көптүгүнөн алар нормадан ашык иш алып барып жатканын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш кызматынын жетекчиси Замирбек Осмонов белгиледи. Тергөөчүлөргө алып барган ишине жараша кошумча каражат, сыйакы бөлбөсө, жумушун таштап кетиши мүмкүн:

- Биз жакында эле сынакты аяктап, 54 тергөөчү менен иштеп жатабыз. Көпчүлүгү жаштар. Бирок аларга катуу талапты койсоң жумуштан кетүүгө арызын жазууга даяр турушат. Андыктан алардын айлыгын көбөйтүшүбүз керек. Өкмөттө уурдалган акча мамлекетке кайтарылганда 30 пайызы ведомствого келип түшө турган токтом чыккан. Ал дагы иштебей жатат. Биз тергөөчүлөрдүн маянасын көтөрмөйүнчө тергөөчүлөрдүн эффективдүү иштешин талап кыла албайт экенбиз.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жыйында айтылган мындай жүйөлөргө макул болгон жок:

- Ар бир реформага кандайдыр бир убакыт керек. Учурда система жаңыдан гана адаптация болуп жатат. Мен реформанын алкагында коррупция менен күрөш мурдагыдан да жакшы түшүмүн берет деген ойдомун. Биз бир гана статистикалык көрсөткүчкө таянбашыбыз керек. Реформанын мааниси ар бир укук коргоо органы өзүнө тийиштүү гана ишти алып барыш керек. Мисалы, прокуратура мыйзамдуулукка көзөмөл салгандан кийин башка ишке өтпөй, өз милдетин гана аткарыш керек. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти гана жүргүзүп, экономикалык кылмыштуулукка каршы башка орган иш жүргүзөт.

Коррупцияга каршы абалды талкуулаган Координациялык кеңеш өлкөдө күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги коррупция токтобой жатканына тынчсызданды. Жыйында сүйлөгөндөр коррупциянын бул түрү токтомоюнча элде бийликке ишеним болбойт деп, жаңы сунушталып жаткан "Таза коом" долбооруна үмүт артышты.

Долбоорду демилгелеген бийлик бул долбоор ишке ашса бардык кагаздар автоматташтырылат, жарандарга ыңгайсыздык жараткан маалымдама документтери электрондук форматка өтөт, адам факторуна байланышкан өксүктөр азаят деп убада берип жатат.

Жыл башында дүйнө өлкөлөрүнүн коррупциялык барометрин изилдеген “Трансперенси Интернешнл” уюму Кыргызстанды коррупция гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарында калтырган. Уюмдун изилдөөсү боюнча Кыргызстан жемкорлуктун деңгээли боюнча 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG