Мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, ишинин ачыктыгын камсыздоо үчүн мамлекеттик структураларда үч жыл мурда түзүлгөн Байкоочу кеңештер максатына жетип жатабы?
"Арай көз чарай" талкуусуна Энергетика министрлигинин Байкоочу кеңешинин тең төрайымы Нурзат Абдырасулова, Билим берүү жана илим министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров, Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин Байкоочу кеңешинин катчысы Нурсеит Бактыбаев катышты.
“Азаттык”: УКМКнын алдындагы Байкоочу кеңештин он мүчөсү болсо, алардын үчөө мурда эле чыгып кетишкен экен. Кеңештин мурдагы мүчөсү ишибизден майнап чыкпай, сунуш берсең аткарылбайт, маани берилбейт, ошон үчүн өзүн өзү таратуу демилгесин көтөрүп жатышса керек деп айтып, бирок радиого сүйлөп берүүдөн баш тартты.
Экинчи бир мүчөсү иштен майнап чыгарса болорун белгилеп, бирок Байкоочу кеңештин мүчөлөрү көбүнесе образдуу айтканда “ачыбаган камырдай” деп сындады. Сиздер үч жыл ичинде коомдук пикир жарата алчу, элдин көкүрөгүндө турган кайсы маселени чечип же көтөрө алдыңыздар?
Нурзат Абдырасулова: Ар бир Байкоочу кеңештин иши ар башкача жүрүп жатат, бул багытта эки ача пикирлер бар. Анын ар бир мүчөсү бул багытта өз пикирин билдирип, эгер иштин жыйынтыгына канааттанбаса чыгып кетсе болот. Ошентсе да атайын токтомго ылайык, алар майнап чыкпады деп эле өзүн өзү таратып жибергенге акысы жок.
Башкалардан айырмаланып, биз коллегиялуу түрдө министрлик менен чогуу иштейбиз. Бир топ жетишкендиктер да, кыйынчылыктар да бар. Үч жыл ичинде биз маалыматтын ачыктыгына жетиштик. Маалымат каражаттарынан болгон маалыматтар чыгып, талкууланып жатат. Буга чейин бизге эч бир маалыматты бербей келген. Ошондуктан бул эң чоң жетишкендик деп эсептейбиз.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:
“Азаттык”: Байкоочу кеңештер мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыздоо максатында түзүлгөн да. Ошол максатка жеттиби?
Нурсеит Бактыбаев: Башында Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин Байкоочу кеңеши жакшы эле иштеп келгенбиз. Кийин анын иштерине отчет берилбей, мамлекет тарабынан көз салынбай, эч ким эч кимге жооп бербей, көп маселелерди чечкенге аракет кылсак дагы аны эч ким аткарган жок.
Ошондуктан биздин Байкоочу кеңеш абдан пассивдүү болуп, тароо алдында турат го деп ойлойм. Анткени көп иштерди текшерип, аны аткара турган жерлерге айткан менен ал жоопсуз калууда. Байкоочу кеңештин укуктары деле жакшы көрсөтүлгөн эмес. Башка тармактардай эле курулушта да коррупция көп болууда. Аракет кылганыбыз менен биздин иштен көп деле майнап чыккан жок.
“Азаттык”: Байкоочу кеңештерде кризис башталгандай. Алды өзүн өзү таратуу демилгесин көтөрүүдө. Байкоочу кеңештерди күчтөндүрүүгө кандай аракеттер керек?
Кеңешбек Сайназаров: Күчтөндүрүү үчүн тыгыз мамиледе болуш керек. Президенттик администрация тарабынан жумуштар аябай аксап кетти, аны жандандыруу зарыл.
Байкоочу кеңештерге байланыштуу мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште каралып, президентке жиберилген болчу. Ал кайра сунуштар менен кайтарылды. Буга чейин коомдук Байкоочу кеңештер президенттин токтому менен иштеп келсе, эми мыйзамдын алкагында иштейт. Ал жерде укуктары жана жоопкерчиликтери көрсөтүлгөн. Бул кабыл алынса, Байкоочу кеңештерди күчтөндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.