Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды


Камактагы саясатчы Жантөрө Сатыбалдиев.
Камактагы саясатчы Жантөрө Сатыбалдиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн мурдагы башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө жана жакындарына катталган үй-мүлкү камакка алынганын жарыялады.

Ага жана анын жакындарына таандык 12 автоунаа, тогуз жер тилкеси, эки үй жана башка кыймылсыз мүлкү камакка алынган. Эгерде сот Жантөрө Сатыбалдиевге коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аны күнөөлүү деп тапса, анда аталган мүлк объектилери мамлекетке өткөрүлөт. Ал соттон акталса, мүлкүнө коюлган бөгөт чаралары жоюлат.

Айрым саясатчылар коррупцияга каршы мындай күрөш айрым мурдагы-кийинки аткаминерлерге карата гана эмес, системалуу өнөктүккө айланышы керек деп эсептешет.

Бөгөт коюлган мүлк

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ага жана анын жакындарына катталган үй-мүлкү аныкталып, тизмектелди.

Буга байланыштуу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы ал мүлктү сатууга, ижарага берүүгө жана үчүнчү тарапка өткөрүүгө тыюу салган бөгөт чарасы коюлганын жарыялады. Жантөрө Сатыбалдиевдин жеке өзүнө жана анын жакын адамдарына таандык деп ар кандай үлгүдөгү 12 автоунаа, тогуз жер тилкеси, эки үй, батир, өндүрүштүк имарат, дүкөн, гараж жана башка кыймылсыз мүлк аныкталган.

УКМКнын маалымат борборунун өкүлү Рахат Сулайманов ал мүлккө бөгөт чарасы козголгон кылмыш ишинин алкагында гана коюлганын билдирди:

- Учурда ага байланыштуу кылмыш ишин териштирүү жүрүп жатат. Кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жана анын жакындарына таандык деп саналган мүлккө бөгөт чарасы коюлду. Ал азырынча козголгон кылмыш ишинин негизинде гана аныкталды.

Жантөрө Сатыбалдиевдин уулуна таандык деп айтылган Сокулук районунун Фрунзе айылындагы жер тилкеси. 6-август, 2018-жыл
Жантөрө Сатыбалдиевдин уулуна таандык деп айтылган Сокулук районунун Фрунзе айылындагы жер тилкеси. 6-август, 2018-жыл

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө Бишкек шаарынын Бектенов 128 дарегиндеги үй, Ош шаарынын Актилек кичи районундагы үй, "Тойота Камри" үлгүсүндөгү 2008-жылы чыккан автоунаа, 2000-жылы чыгарылган "Мерседес-Бенц-500", "Мерседес-Бенц-Б500" үлгүсүндөгү эки автоунаа катталган. Жубайы Канышай Смадияровага Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн 129б дарегиндеги өндүрүштүк имарат, ушул эле даректеги батир, гараж, 2004-жылкы "Лексус- RX330",1993-жылкы "БМВ 325", 2005-жылы чыккан "Тойота Прадо" үлгүсүндөгү автоунаалар катталган.​

Уулу Кубат Жантөрө уулуна "Лексус-ЕС-350", "Мерседес-Бенц-ОЕК280", "Хонда-Одиссей" жеңил унаалары жана МАЗ үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаа катталган. Уулу Исламбек Сатыбалдиевге болсо Сокулук районунун Фрунзе айылынын бир көчөсүндө жайгашкан тогуз жер тилкеси катталган. Дагы бир уулу Жоомарт Сатыбалдиевге Ош шаарынын "Анар" кичирайонунда жайгашкан дүкөн, 2008-жылкы "Тойота-Камри" автоунаасы катталган. Мурдагы премьер-министр Сатыбалдиевдин кыздарына жана күйөө балдарына катталган мүлк тизмеге киргизилген эмес.

Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү Жантөрө Сатыбалдиевге таандык экени айтылган үй.
Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү Жантөрө Сатыбалдиевге таандык экени айтылган үй.

УКМКнын бул убактылуу кабыл алган чарасына карата камактагы экс-премьер-министрдин жактоочулары жана жакындары комментарий бере элек.

Ал эми юрист Кайрат Осмоналиев мыйзам боюнча, аталган мүлк козголгон кылмыш ишине байланышы болгондо гана аларга бөгөт чарасы коюлушу керек экенин айтты:

- Ар кандай мүлк анын балдарына, жакындарына жана досторуна катталган болушу мүмкүн. Тергөөнүн жүрүшүндө изилденип, алардын ошол козголгон кылмыш ишине байланыштуу болсо, анда ал мүлктүн баарына бөгөт чарасы коюлат. Эгерде ал мүлктүн коюлган айыптоо боюнча аталган кылмыш эпизоддоруна тиешеси болбосо, анда ал мүлккө бөгөт коюлбашы керек. Тергөөчүлөр бул боюнча чыгарган токтомдорунда анын жагдайлары изилденип, далилденип, кеңири баяндалат. Мүлктүн кылмыш иштерине байланышы аныкталбаса деле, толук изилденгенге чейин тергөөчү аларга бөгөт коюшу мүмкүн. Бул учурда айыпкердин адвокаттары ал мүлктүн кылмышка же айыпталып жаткан адамга тиешеси жоктугун далилдеп, бул боюнча прокуратурага же сотко арызданганга укугу бар.

"Күрөш жалпы улуттук өнөктүккө айланышы зарыл"

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш ишинин алкагында ага жана анын жакындарына таандык мүлк аныкталып, аларга бөгөт чарасы киргизилген жагдай буга чейин иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан жогорку кызмат адамдарына карата шекти күчөттү. Андыктан коомчулукта аткаминерлердин киреше-чыгашаларын аныктаган декларацияларын текшерип, алардын тапкан байлыгынын каяктан келгенин изилдөө боюнча демилге көтөрүлдү.

Парламенттин мурдагы спикери, коомдук ишмер Алманбет Матубраимов коррупцияга каршы системалуу иш жүргүзүлүп, жалпы өнөктүк жүргөндө гана жыйынтык боло турганын белгиледи:

Алманбет Матубраимов.
Алманбет Матубраимов.

- Кыргызстан боюнча аткаминерлердин жана алардын жакындарынын киреше-чыгаша декларациясын толук текшерип чыгыш керек. Көчөдөгү кымбат баалуу унаалар, шаардагы хан сарайлар, элиталык батирлер кимдерге таандык экенин, иш жүзүндө кимдерге катталганын таап чыкса болот. Ошол мүлктү кимдер жана кайсы акчага сатып алып жатышканын иликтөө зарыл. Ал үчүн бирин-экин эле мурдагы кызмат адамын кармап алып, "коррупцияга каршы күрөштүк" дей бербей, аны системалуу түрдө жүргүзүш керек. Ошондо ким кайсы мүлктү каяктан тапканы аныкталат. Мамлекеттен уурдап алдыбы же жакын адамдары ишкердик менен алектенип жүрүп таптыбы - анын баарын аныктап чыкса болот. Анан эми кайсы бир аткаминерлерди гана тандап алып, аларды үй-мүлкүн эле чокулай бергенден натыйжа чыкпайт. Бул иш системалуу түрдө, жалпы улуттук өнөктүк катары жүрүшү керек. Ошондо гана чоң жыйынтыктар көрүнө баштайт. Сситемалык коррупциянын бетин ачып, уурулуктун эсебинен туйтунган аткаминерлерди толугу менен аныктоо менен биз мамлекеттин тышкы карызын да жапсак болот.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси, Ош облусунун губернатору, вице-премьер-министр, энергетика министри, Ош шаарынын мэри, транспорт министри сыяктуу жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген. Мезгилдүү басма сөздө Жантөрө Сатыбалдиевге Бишкек-Ош жолунун курулушундагы кыңыр иштер жана Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө чыгымдалган акчага байланыштуу кине коюлуп келген. Ал өзү бул боюнча дооматтардын баарын четке кагып келгени белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG