Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

ЖЭБ соту: депутаттар, экс-премьер көрсөтмө беришти


ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райсотунда каралып жатат. Шаршембиде сотто Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы өкмөт башчы көрсөтмө беришти.

7-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин кароо уланды. Күбө катары сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ЖЭБди оңдоп-түзөө процессине башынан аягына чейин ошол кезде президенттик аппараттын бөлүм башчысы болгон Сапар Исаков катышканын билдирди. «Бул күнөө коюу эмес, менин субъективдүү оюм» деди Иманалиев.

Депутат буга чейин тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн тастыктай турганын, президенттик аппараттан ЖЭБ келишимин кароо боюнча буйрук түшпөгөнүн, басым эмес, сураныч болгонун, аны аткаруу милдети өкмөткө жүктөлгөнүн билдирди.

Ошондой эле Иманалиев ЖЭБди жаңылоо туура чечим болгонун, кептин баары суммасында экенин, анча акча болбош керек экенин кошумчалады.

Исаковдун адвокаты Замир Жоошевдин «ТВЕАнын өкүлү менен таанышсызбы?» деген суроосуна Иманалиев «Жок» деп жооп берди. Бирок Жоошев тергөөнүн ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек уулу 2015-жылы Иманалиев менен жолукканы тууралуу материалын көрсөттү.

Иманалиев андай кишини тааныбай турганын айтты.

Бүгүнкү сураштыруу учурунда Исаков Кытайдын соода өкүлү менен 18 жолу жолукпаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, ЖЭБди оңдоп-түзөө келишимине байланыштуу парламенттин бир топ эскертүүсү болгон. Депутаттын сөзүнө караганда ал учурда Сапар Исаков «бул маалыматтарды Эсеп палатасы жана башкалар текшерип чыксын, азыр маселе көтөрүү Кытай-Кыргызстан мамилесине доо кетирет” деп айткан.

Рыспаев 2013-жылы жайкы каникулда жүргөндө андан сурабай туруп ЖЭБди жаңылоо боюнча жумуш тобуна кошуп коюшканын, ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев телефон чалып, дос катары топтун жыйынына катыша берүүнү суранганын билдирди.

Депутат Сапар Исаков менен 2012-жылы эмес, 2017-жылы жолукканын кошумчалады.

Экономика министрлигинин эскертүүсү эске түштү

Ошол эле учурда соттук отурумда күбө катары сүйлөгөн Темир Сариев Экономика министрлиги Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо үчүн тендер өткөрүү керек экенин өз учурунда эскерткенин билдирди. 2013-жылы ал экономика министри болуп иштеп турган.

Сариевдин айтымында, өкмөт бул маселени караган учурда коллегиалдуу чечим кабыл алган, Энергетика министрлиги тармактык мыйзамды негиз кылып, түз тандоону сунуштап, жыйынтыгында өкмөттүн коллегиалдуу чечими кабыл алынган.

Муну менен катар Сариев ЖЭБди оңдоо ошол кезде зарыл болгонун, себеби кошумча өндүрүштүк кубаттуулук керек болуп турганын айтты.

Прокурордун Сариевге улам бир суроо берип жатышын соттолуучу Жантөрө Сатыбалдиев "басым" деп баалады.

Узак Кыдырбаев абактан боштулду

6-августта Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу иш каралып, Биринчи май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүлдү.

Ал чечимге ылайык соттолуучулар - «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов - материалдык чыгым катары «Электр станциялары» компаниясынын пайдасына 3 млн. 808 миң 702 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми ушул эле соттолуучулар «Бишкек жылуулук түйүнү» ишканасынын пайдасына материалдык чыгым катары 1 млн. 376 миң 682 сом төлөп бериши керек.

Калиевдин, Кыдырбаевдин жана Бримкуловдун жаза мөөнөтү боюнча чечим өзгөртүүсүз калды. Бирок Кыдырбаевдин жаза мөөнөтү аяктагандыктан сот залынан бошотулду. Айыпталуучулардын жактоочуларынын доо арыздары канааттандырылган жок.

12-апрелде Биринчи май райондук соту Айбек Калиевди 2,5 жылга кесилип, 100 миң сом айыпка жыккан. Узак Кыдырбаев төрт жылга кесилип, 150 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан камакка алынган. ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2,5 жылга соттолуп, 100 миң сом айып төлөмөк.

Мындан сырткары Нурлан Садыков 2,5 жылга соттолуп, мамлекетке 100 миң сом айып төлөмөк. «Электр станциялары» компаниясынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев сегиз жылга кесилип, 150 миң сом айыпка жыгылган. ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу төрт жылга кесилип, 150 миң сом айып салынып, сот залынан камакка алынган. ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков төрт жылга кесилген жана 150 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан камакка алынган. Айыппулдан сырткары күнөөлүү деп табылгандар мамлекетке 3 млн. 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган.

ЖЭБ ишинде айыпталган жетекчилер

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан бери сотто карала баштаган.

Жалпы жонунан Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча беш кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG