Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Конституциянын беш беренеси бир жыл "күттүрөт"


28-декабрда Кыргызстандын президенти 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.

Өзгөргөн Баш мыйзамдын айрым беренелери эмне үчүн 2017-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирет?

"Арай көз чарай" талкуусуна юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев, «Коомдук анализ институту» бирикмесинин жетекчиси Рита Карасартова жана өзгөргөн Конституцияны колдоо тобунун жетекчиси Алга Кылычев катышты.

"Азаттык": Президент Алмазбек кол койгон “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын негизги бөлүгү 2017-жылдын 15-январынан күчүнө кире турган болсо, беш беренеси 2017-жылдын 1-декабрынан иштей турган болууда. Башкача айтканда бир Конституциянын эки бөлүнүп ишке киришине эмне себеп болду?

Рита Карасартова: Биз 2017-жылы 1-декабрда күчүнө кире турган бийликтин ыйгарым укуктары боюнча талкуу болгондо азыркы бийлик эмне үчүн өзгөртүүлөргө барып жатат деген суроо койгонбуз: бир жыныстуулардын үйлөнүшүнө тыюу салууну киргизүү, Азимжан Аскаровдун иши эгемендүүлүгүбүздү жоготот деген сыяктуу маселелер көз боёмочулук кылып, элдин көңүлүн башка жакка буруш үчүн жасалган. Ошондуктан бийликке тиешелүү беренелердин бир жылдан кийин күчүнө кирип жатышы менен азыркы бийликтин чыныгы жүзүн эми көрсөк болот.

Конституциядагы өзгөртүүлөрдүн күчүнө киришин президенттин мөөнөтү бүткөн жылга алып барып такап жатышы азыркы бийликте өзүн сактап калуу, бийлигин бекемдөө максаты бар экендиги көрүнүп калды.

Бекбосун Бөрүбашев: Референдум аркылуу Баш мыйзамыбызга 24 беренеге өзгөртүү киргизилсе, анын 19у 2017-жылдын 15-январында күчүнө кирсе, калган беш берене келерки жылдын 1-декабарынан ишке кирет. Ошол беш берене тең парламентаризмди өнүктүрүүгө арналган беренелер болчу.

Мен Рита айткан сөздөргө кошулат элем. Бул жерде коомдук кызыкчылыктан саясий кызыкчылыктардын жогору экендиги көрүнүп турат. Анткени иш жүзүндө маанилүү деп эсептелген беш беренени бир жыл кое туралы, алдыда чоң саясий өнөктүктөр, президенттик шайлоо турат дегени көрүнүп калды, бул туура эмес кадам болду.

Алга Кылычев: Жогоруда айтылган пикирлердин эч негизи жок. Чечмелеп айтсак, муну эки негизде карасак болот. Саясий өңүттө алсак, айтылып жаткан беш беренени январдан баштап күчүнө киргизип койгондо, ушул убакка чейин Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып келген саясий топтор тарабынан чоң саясий оюндар болмок. Президентибиз кийинки бийликке келгендер ажыдаар болуп кетпесин деп ушундай өзгөртүүлөргө барып жатам деп ачык эле айткан.

"Азаттык": Кол коюлган мыйзамга ылайык Конституциянын өзгөртүлгөндөн кийинки 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кириши көп талкууга түшүүдө. Мисалы, 70-беренени чечмелеп көрөлүчү. Анда «Парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициядан чыгуу жөнүндөгү чечими фракция депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциядан чыгуу үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коет” жазылган жобону 2017-жылдын башынан эле күчүнө кирсе кооптуу жагдайлар жаралат беле?

Бекбосун Бөрүбашев: Кооптуу болмок эмес. Анткени парламенттик, партиялык демократия деген бар. Бирок, биздин партияларда партиялык демократия жок, партия лидерлеринин диктатурасы бар. Кайсы мандатты ким берет, канча акчага сатарын партия лидери жеке чечет. Азыр айтылып жаткан 70, 72-беренелер дал ушуга бөгөт болчу. Ушул жобону 2017-жылдын 15-январынан эле күчүнө кирет деп койсо болмок. Мындай жобонун иштеши партиялык курулушту бекемдемек.

Кыргызстанда биз парламентаризм курабыз деп жатпайбызбы, анын негизи партиялар аркылуу калыптанат. Тилекке каршы, бизде партиялардын аты болгону менен заты партия эмес. Бул жоболорду дагы бир жылга жылдырып жатышы адилеттүүлүктөн, демократиядан саясий кызыкчылык жогору туруп, үстөмдүк кылып жатканы көрүнүп калды.

Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз:
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG