Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

Орозо айт нааразылыктар менен коштолду


Бишкектеги Орозо айт намазы, 30-август, 2011-жыл
Бишкектеги Орозо айт намазы, 30-август, 2011-жыл

Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт. Муфтият айт болоорун чукул жарыялашы элдин көбүн түйшүккө салганы айтылууда.

Анткени, айт күн Кыргызстан мыйзамдары боюнча майрам болуп саналат жана иш күнү эмес. Муфтият бул жагдайды шариятка такап, айдын жаңырганы менен байланыштырууда.

Айттан кабарсыз калгандар болду

Бүгүн Бишкектин эски аянтында айт намазы адаттагыдан эрте, таңкы саат жетиден өткөндө башталды. Айрымдар кечээ түнү муфтийдин кайрылуусун угуп келишсе, бүгүн айт экенин кокусунан гана билип, намазга шаша-буша жетишип калгандар бар.

Ал ортодо орозо айттын так күнүнөн тумалак эле кабардар болбой калгандар да болуптур. Алардын бири Жалал-Абаддан келген Заирбек мырза:

- Мен кечээ саат он бирде деп айтылганынан сыналгыны карап отурдум. Он бирде карасам улак-тартыш болуп жатыптыр. Анан бир он беш мүнөт күтүп отуруп, кийин жатып алдык. Эртең менен туруп кадимкидей орозо туттук. Анан көчөгө чыксам, бирөөлөр бүгүн айт деди. Анан мен көчөдө жүрүп оозумду ачтым.

Эс алуу күнү жумушка чыккандар бар

Кечээ түнү 11лер чамасында муфтий Чубак ажы Жалилов коомдук телеканал аркылуу орозо бүткөнүн, айт 30-августка белгиленгенин жарыя кылган. Мыйзамга ылайык айт Кыргызстанда эс алуу күнү катары эсептелет.

Биз Казакстан, Орусия же Өзбекстанга окшоп күн мурунтан рамазандын аякташын белгилеп койсок болот эле. Бирок бул шарият жөрөлгөлөрүнө туура эмес келип калат экен...
Шаар көчөлөрүн кыдырып, элдин пикирин сураганыбызда, бүгүн кадимкидей эле иш күнү экен деп жумушка чыккандар көп кездешти. Бишкек тургуну Кыял Тажиева күндөгүдөй таң эрте жумушка камынып, кайра үйүнө кайтууга мажбур болгондордон:

- Бул жагдай ыңгайсыздык жаратты. Себеп дегенде бардыгыбыз жумушка келген элек. Эми айт майрамы мурдагыдай деңгээлде өтпөй калат го дейм. Анткени биз азыр барып борсоок бышырып, кечке чейин даярданып, кечинде гана элдерди чакырганга мүмкүн болуп калат да.

Шаар көчөлөрүндө “боорсок бышырылбай калды”, “ай башы, арапа кылбай калдык” деп наалыгандар да кездешти. Ал түгүл 30 күн орозону толук кармап, 31-августта гана Орозо айтты белгилейм дегендер болду. Айт майрамынын кеч жарыяланышы интернеттеги социалдык тармактарда да катуу талкууга туш болду.

Акыйкатчы муфтиятты сынга алды

Ал арада акыйкатчы Турсунбек Акун муфтияттын кадамын сынга алып, жагдайды иликтей турган комиссия түзөрүн айтып чыкты. Акун калк айттын кеч белгиленишин саясий өңүттөр менен байланыштырып, бүдөмүк ойлорго туш болуп жатат деп эсептейт:

- Ошону үчүн мен акыйкатчы катары атайын комиссия түзөйүн деп жатам. Атайын аалымдардан турган комиссия түзүлүп, муфтияттын бул аракети туурабы же туура эмеспи аныкталат.

Муфтият: Бардыгы шариятка ылайык

Деген менен муфтият айт майрамына байланыштуу чечим шарияттын негизинде гана кабыл алынганын, бул жерде эч кандай саясат жок экендигин билдирүүдө. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев шариятка ылайык, рамазан айынын башталышы менен бүтүшү айдын абалына карап белгиленерин бүгүн таңда "Азаттыкка" ачыктады:

Кечээ түнү 11лер чамасында муфтий Чубак ажы Жалилов коомдук телеканал аркылуу орозо бүткөнүн, айт 30-августка белгиленгенин жарыя кылган.
- Айдын чыгышына карап орозонун башталышы аныкталат. Айдын чыгышына, толгонуна карап Рамазан айынын аяктаганы белгиленет. Биз Казакстан, Орусия же Өзбекстанга окшоп күн мурунтан рамазандын аякташын белгилеп койсок болот эле. Мурдагы жылдардагыдай. Бирок бул шарият жөрөлгөлөрүнө туура эмес келип калат экен да. Муфтий Чубак ажы Жалилов, элибиз шариятты туура түшүнүп жатат, бул нерсени колдойт деп, мындайча айтканда революциялык кадамга бет алды.

Айдын 29-августта жаңырары эбак белгилүү болгонбу?

Коомдук ишмер, жылнаамачы Дастан Сарыгулов муфтият айдын жаңырышын туура белгилегенин, анткен менен ай жылнамаасында айдын жаңыраары эбак эле белгилүү болгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Ай календарын түзгөндө көрсөткөм, кара түс менен. 29-августта аба ырайы өзгөрүлөт, ай жаңырат деп. Муфтият туура айтты. Бирок муну алдын ала менден сурап, же календарымды карап, элди кыйнабай эле айтып коюшса болмок.

Рамазан айы Борбор Азиядагы өлкөлөрдө 1-августта башталганына карабастан, коңшу мамлекеттер айт майрамын ар кайсы күндөрү белгилеп жатышат. Орозо айт Кыргызстан менен Казакстанда бүгүн белгиленип жатса, Өзбекстан, Түркмөнстан менен Тажикстан болсо 31-августта майрамдаганы турушат.

Тасмада: Бишкектеги Орозо айт намазы

Бишкектеги айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG