Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Мектепти медресеге алмаштыргандар көбөйдү


Чоң-Алайда окуучулар 9-классты бүтүп эле кетип калышууда. 9-класста 2-3-класс болсо, 10-11ге келгенде балдардын саны бир класска араң жетет.

Бүтүрүүчүлөр айрымдары кесиптик-техникалык лицейлерге тапшырса, көпчүлүгү медреселерге кирүүдө. Ата-энелер балдарын эртерээк жетилсин деген максатта ушундай кылса, мугалимдер балдар толук билим албайт деп кабатырланышууда.

9-классты жаңыдан аяктап жаткан Муса Абдыманапов дагы эки жыл мектепте убара болууну каалаган жок. “Андан көрө шаарга эртерээк жетип, эртерээк кесипти үйрөнө бергеним жакшы”,-дейт ал:

- Мен быйыл 9-классты бүтүп, буюруса Ош шаарына барып, финансы жана юридика коллежине тапшырайын деген ниетим бар. 10-11-класста бул жакта бекер эле жүргөндөн көрө, ал жакта кыйла нерселерди үйрөнүп алам. Анан эки жыл окугандан кийин жогорку окуу жайына да тапшырып кетем. Ошондо өзүмдүн классташтарыма караганда ЖОЖду 2 жыл эрте бүтөт экенмин. Андан башка 3 жыл келишим акыны арзан төлөйм. 2-3 жагынан мага пайдалуу болуп атат.

Абдыманаповдун белгилешинче, ага окшоп окууга тапшыргысы келген классташтары да көп:

- Мен эле эмес, менин классымда быйыл окууга тапшырып кетебиз дегендер толтура. Көпчүлүгү окуйбуз деп кетип атышат. Ал эми азыраагы гана айылда калышат. Алар бул жакта дыйканчылык кылышат, же мал карашат. Анан эми 10-11ди деле толук окуп бүтүрөбүз дегендер бар.

Балдардын мындай ойлорун ата-энелер да колдоого алышууда. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын жашоочусу Мамасали Асаналиев да кызын борбор жакка эртерээк жөнөтүүнү максат кылып жаткан экен:

- Бул жакта 2 жыл салпактап жүргүчө шаарга барып, балдар такшалып калышат экен. Достору мурдун тарта албай жатканда алар шаар көрүп, элге аралашып, ар нерсени билип калышат. Ал эми кийинкисине жакшы болот. Азыр ата-энелердин көпчүлүгү ушундай кылып атат. Мына, мен өзүм деле кызымды медициналык окуу жайга бергени жатам. Менин билишимче, ата-энелердин 50% 9-класстан эле балдарын кетиребиз дешүүдө.

Мындай тенденция тоолуу айылдардын дээрлик баарында көбөйүүдө дешет адистер. Чоң-Алайдагы ар бир кыштакта 10-11-класстын окуучуларын сейрек кездештирүүгө болот.

Ачык-Суу айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин директору Асан Төлөнбаев мындай дейт:

- 9-класста 33 окуучу бар, ал эми 10-11де бирден эле класс бар. Бирөөндө 15 окуучу, бирөөндө 20 окуучу. Кырдаал ушундан эле толук көрүнүп турат. Анткени мурда ар бир класста экиден класс бар болчу, “а”, “б” деген. Эми кандай кылмак элек, элге, ата-энелерге бир нерсе дей албайт экенсиң. 11-класска чейин милдеттүү деп жазылбагандан кийин алардын ар бирин кармай албайсың. Мындан 5 жыл мурда бизде 550 окуучу болсо, азыр бизде 370 гана окуучу калды.

Тайырбек Жайчыбеков
Тайырбек Жайчыбеков
Райондун борборунда жайгашкан Саит Алайчы уулу атындагы мектепте деле абал так ушундай. Айрымдары гана айылда окубай калганы болбосо, балдардын көпчүлүгү калаа жакты көздөй агылышат. Мындагы 9-классты бүтүрүүчүлөр негизинен диний багытка көбүрөөк кызыгып атышкан экен. Мектеп директору Тайырбек Жайчыбеков:

- Мусулман болгондон кийин бүгүнкү күндө ата-энелер эң туура жол экен деп ошол ислам медреселерине балдарын бергиси келет. Анткени андан ата-энесин сыйлаган, жакшы балдар чыгат экен. Мен деле буюруса 9-классты бүтө турган баламды Оштогу медресеге окутсамбы деген оюм бар. Негизинен жакшы окуган балдар кетип атышат, аны жашырганда эмне... Менин мектебимде бир жылда 9-классты 70 бала бүткөн болсо, ошолордун жыйырмасы 10-11ди окубай койду. 20 баланын ону медресеге, бешөө атайын орто окуу жайына, дагы эки-үчү кесиптик техникалык окуу жайга тапшырып, калган экөө-үчөө айылда калып жатышат. Балдардын эң көп окуп жатканы ошол диний окуу жайлары болуп жатат.

Жылдан-жылга кыштактарда бүтүрүүчү класстардын окуучулары азайып баратканынын себебин андагы билим берүү сапатынын начардыгы менен байланыштыргандар да бар. Айрымдары бул тенденцияны балдардын эрте жетилүүгө болгон аракети катары баалашса, кээлери 10-11-классты окубай калган балдардын сабаты начар болуп жатканын айтышат. Кантсе да мыйзам боюнча милдеттүү билим берүү 9-класска чейин гана эмеспи.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG