Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Мактоо жана чочулоо коштогон мамиле

Бишкек Бээжиндин көңүлүн тынчытты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Бишкек Бээжиндин көңүлүн тынчытты

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген башка өлкөлөрдүн башчыларынан эрте келип, Бишкекте бир түнөгөн Кытайдын лидери 13-июнда Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Расмий тосуп алуу аземинен соң Жээнбеков жана Си Цзиньпиң көзмө-көз сүйлөшпөй эле дароо кеңири жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнү Сооронбай Жээнбеков расмий Бээжинди тынчсыздандырган маселелер боюнча Кыргызстандын позициясын билдирүү менен баштады.

«Кытайдын улуттук азчылыктарга байланыштуу маселеси Кытайдын жеке ички иши болуп эсептелет. Аталган маселеде биз сиздердин позицияңарды колдой турганыбызды өзгөчө белгилегим келет», - деп буга чейин кыргыз коомунда талкууланып келген маселе боюнча мамлекеттин көз карашын билдирди.

Президент Кытай менен Кыргызстандын достугунун бекемделишине умтулбаган күчтөр бар экенин да кошумчалады.

Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күздөн тарта чыга баштаган. Казакстандык «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюму Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганын кабарлаган. Буга байланыштуу кытайлык жана кыргызстандык активисттер баш калаада атайын жыйындарды жана митингдерди өткөрүшкөн.

Кыргыз президенти Тайвань маселеси боюнча сүйлөп жатып, расмий Бишкек Кытайдын позициясын колдоп, бул аймактагы жападан-жалгыз мыйзамдуу бийлик катары Бээжинди тааный турганын кошумчалады. Ал Кытайды «жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш» деп атады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жалпысынан 18 документке кол коюлду. Алардын ичинен эң маанилүүсү эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу декларация болду.

Ал эми калгандары Кыргызстандан айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экономикалык кылмыштарга каршы чогуу күрөшүү, ИИМге техникалык жардам көрсөтүү, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, «Таза суу» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү, Бишкек шаарында көчөлөрдү оңдоонун 2-фазасын ишке ашыруу жана Ош менен Кытайдагы үч шаарды боордош кылуу боюнча протокол-келишимдер болду.

Кытайдын лидери Си Цзиньпиң болсо расмий Бээжин Кыргызстан менен мамилени дагы өнүктүрүш үчүн бардык аракеттерди көрө турганын билдирди:

«Биз Кыргызстан менен бирге Кытай менен Кыргызстандын байыркы достугун өнүктүрүүгө, элибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалуу кызматташтыкты өстүрүүгө даярбыз. Сапарымдын алкагында сиз менен бирге эки тараптуу кызматташтыкты пландаштырууга жана аларды жаңы деңгээлге чыгарууга даярмын».

Мунун алдында Жээнбеков Си Цзиньпиңди 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы буга чейин талкууланып келген бир катар маанилүү маселелер боюнча кеп козголгон жок. Алсак, башы ачылбай турган, Бээжин аймактарды өнүктүрүү үчүн бөлүүгө убада берген 600 миллион юандын качан келери белгисиз бойдон калды. Сооронбай Жээнбеков бул каражат тезинен бөлүнөт деп ишенерин билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселе алдыга жылбай турат. Расмий Бишкек бул долбоордун абдан зарыл экенин айтканы менен конкреттүү аракеттер көрүлө элек.

Он жылдан ашык утур-утур көтөрүлгөнү менен темир жолдун маршрутун жана энин аныктоо жаатында иш илгерилей элек. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков темир жолду куруш үчүн Орусия менен кеңешүү керек экенин билдирген.

Эксперттер арасында Орусия бул жолду курулушун каалабай турганы, Кыргызстандын жетекчилиги убакыттан уттуруп жатканы айтылып жүрөт. Саясий эксперт Алишер Мамасалиев бул багытта кыргыз бийлиги аз сүйлөп, бирок көп иштеген позицияга өттү деген пикирде.

«Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан - бул үч мамлекетке эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү долбоор, буга Орусия да кызыгып жатат, - деди ал. - Буга чейин бийлик «темир жолду салабыз» деп эч нерсе боло электе айтып салып, бирок иш жылган эмес. Азыр болсо кадам-кадам аракет кылып, учурда финалдык бөлүккө жакындап калды деген маалыматым бар».

Ал эми Жапониядагы саясат таануучу Даниел Кадырбеков кыргыз бийлиги ашыкча ийкемдүүлүк кылып жатат деген ойдо.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Албетте, Кытай өз кызыкчылыгына туура келген нерсени кылып жатат. Биз бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек. Бирок алардын көңүлүн алыш үчүн кереги жок ашык билдирүүлөрдү жасап жатабыз. Тайван жана башка маселелер боюнча пикирибизди башынан эле айтып келебиз. Кытай тараптын көңүлүн алабыз деп ашыкча кошоматчылыкка барып жатабыз. Мурда Орусияга орунсуз эле ийкемдүү болуп келсе, эми ага Кытай кошулду. Мунун баары бизде ойлонулган тышкы саясаттын жоктугу», - деди Кадырбеков.

Бул Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңдин Кыргызстандагы экинчи мамлекеттик макамдагы сапары. Алгач ал 2013-жылы сентябрда ШКУнун саммитинин алкагында келген. Дал ошол сапардын алкагында кийин далай талкуунун башын ачкан Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого насыя алуу боюнча келишимге кол коюлган.

Беш жыл өтпөй бул долбоор Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу коррупциялык жаңжалга айланды. Бул маселе өлкөдөгү эки экс-премьер баш болгон бир нече аткаминерди эле каматпастан, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге таасирин тийгизгени айтылган.

Учурда Кытай - Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөшү. Былтыр эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 миллиард долларды түзгөн.

Ошондой эле Кытай Кыргызстандын акыркы жылдары эң көп карыз алган өлкөгө айланды. Бишкек Бээжинден акыркы беш жылда 1,7 миллиард доллар карыз алган. Бул өлкө эгемендигине шек келтирет деп чочулагандар бар.

ШКУ: Бишкек президенттерди тосуп алды

Орусиянын президенти Владимир Путинди тосуп алуу. 
1/20 Орусиянын президенти Владимир Путинди тосуп алуу. 
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга саммит алкагында Бишкекке расмий сапар менен келди.
2/20 Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга саммит алкагында Бишкекке расмий сапар менен келди.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
Сапардын жүрүшүндө Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Анда эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлмакчы.
3/20 Сапардын жүрүшүндө Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Анда эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлмакчы.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
4/20

Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды.<br />
&nbsp;
5/20 Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды.
 
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
Элчиликтин ачылышына ушул күндөрү Бишкекте расмий сапар менен жүргөн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Монголиянын башкы консулу Тогтох Ганболд катышты.
6/20 Элчиликтин ачылышына ушул күндөрү Бишкекте расмий сапар менен жүргөн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Монголиянын башкы консулу Тогтох Ганболд катышты.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
7/20

<p>12-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди.</p>
8/20

12-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди.

14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
<p>&laquo;Манас&raquo; аэропортунан аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.</p>
9/20

«Манас» аэропортунан аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
Бул Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга экинчи жолку мамлекеттик макамдагы сапары. Алгач жолу 2013-жылы сентябрда Шанхай Кызматташтык уюмунун алкагында келген.
10/20 Бул Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга экинчи жолку мамлекеттик макамдагы сапары. Алгач жолу 2013-жылы сентябрда Шанхай Кызматташтык уюмунун алкагында келген.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
14-июнда Кытайдын лидери Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.
11/20 14-июнда Кытайдын лидери Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
13-июнда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар документтерге кол коюлат жана бизнес-форум уюштурулат.
12/20 13-июнда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар документтерге кол коюлат жана бизнес-форум уюштурулат.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
13-14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Жыйын соңунда уюмга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Орусияга өткөрүлүп берилет.
13/20 13-14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Жыйын соңунда уюмга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Орусияга өткөрүлүп берилет.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын лидерлери келмекчи. Байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын президенттери да жыйынга катыша турганы маалымдалган.
14/20 Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын лидерлери келмекчи. Байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын президенттери да жыйынга катыша турганы маалымдалган.
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
15/20

16/20

17/20

18/20

19/20

20/20

Артка
Алдыга
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG