Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Санариптик Жибек жолу Кыргызстандан өтөбү?


Кыргыз-Кытай делегациялары жолугушууда
Кыргыз-Кытай делегациялары жолугушууда

Президент Алмазбек Атамбаев "Бир алкак - бир жол" стратегиясында Кыргызстан аркылуу бир нече долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Жибек жолдун санариптик бөлүгүн өлкө аймагынан өткөрүүгө, буга чейинки темир жана кара жол куруу долбоорлорун колдоого чакырды. Улуу Жибек жолун жандандырууну көздөгөн ири долбоордон Кыргызстан кандай пайда көрө алат?

Президент Алмазбек Атамбаев Бээжинде өтүп жаткан "Бир алкак - бир жол" форумунун экинчи күнүндө сөз сүйлөп, концепцияны ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын көз карашын ортого салды.

"Бир алкак - бир жол" концепциясынын максаты Кыргызстанда буга чейин жарыяланган "Таза коом" долбооруна үндөш экенин белгиледи.

Атамбаев Кытайдан Европага өтчү санариптик Жибек жолун Кыргызстан аймагы аркылуу өткөрүүнү сунуштады:

- Мен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин кечээ баяндамасында айткан санариптик Жибек жолун куруу демилгесин жана бул жолдогу коррупция менен күрөш идеясын өзгөчө колдойм. Анткени биз азыр Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдап жатабыз. Бул стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп "Таза коом" улуттук санариптик программасы саналат. Буга байланыштуу Кыргызстан "Бир алкак - бир жол" концепциясын "Таза коом" улуттук программасы менен бирге ишке ашырууга даярдыгын билдирет. Анын алгачкы кадамы катары төмөнкү эки долбоорду биргеликте ишке ашырууну көздөйбүз. Алар Кытайдан Европага өтчү оптика-волокондук интернет түйүнүн кеңейтүү. Эгер бул түйүн Кыргызстан аркылуу өтсө маалымат алмашуунун ылдамдыгы он эселеп жогорулайт.

Атамбаев экинчи кадам катары Кытай менен жогорку технологиялык логистикалык борборлорду бирге курууну жана электрондук соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнү атады. Ошондой эле Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууга кызыкдар экенин кошумчалап, бул жол Борбор Азияны Тынч океан менен байланыштырарын эскертти.

Президент Атамбаев өлкөдө кара жолдорду курууга маани берип жатканын, ага мисал катары Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушун билдирди.

Кыргызстанда Жибек жолун жандардыруу демилгелеринин алкагында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу, кара жол инфраструктураларын өнүктүрүү мурдатан эле айтылып келаткан. Бирок азырынча бул жаатта көзгө көрүнөрлүк жылыш байкала элек.

Ал эми Кыргызстандын санариптик Жибек жолун куруу долбооруна катышуусу жаңыдан көтөрүлдү. Адистер долбоорго кызыгуусун билдирип жатышат.

Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров президент атаган долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстанда толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтууда:

- Азыр биздин балдар Кыргызстанда туруп алып эле Батыштан Чыгышка, Чыгыштан Батышка программалык камсыз кылуучу долбоорлорду ишке ашырууда. Маселен, жакында жапониялык бир компания Кыргызстанда call борбор ачып, өз товарларын сатып жатат. Ал жерде 60 адам иштеп жатат. Мындан башка Америкадагы өлкөлөр менен иштегендер көп. Ошондуктан биздин адистер, биздин өлкө Кытай сунуштаган виртуалдык Жибек жолу долбоорунда иштей алат.

Буга чейинки долбоорлордой эле "Таза коом" программасынын алкагында жаңыдан сунушталган долбоорлордун ишке ашынан күмөн санагандар да бар.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов буга чейинки долбоорлордун тагдырын эске алганда, жаңы сунуштардын турмушка ашарына ишене албай турганын билдирди:

- Негизинен Кытайдын жетекчилиги сунуштаган “Бир алкак - бир жол” концепциясынын Кыргызстанга пайдасы абдан көп. Бирок бул долбоор алкагында Кыргызстан сунуштаган бир долбоор ишке ашкан жок. Мисалы, темир жол долбоору, ошол эле убагында Түркмөнстандан биздин аймак аркылуу Кытайга газ куурун өткөрүү айтылган эле, ал да сөз жүзүндө калды. Менин пикиримде мындай кырдаалга негизги себеп катары биздин бийликтин аброюн жана саясий абалыбызди атасак болот.

Президент Атамбаев Бээжинге 13-майда барган. Сапар жүрүшүндө Кытайдын бир катар расмийлери менен жолугуп, эки тарап ортосундагы транспорт, инфраструктара тармагындагы долбоорлорду талкуулады.

Кыргыз президентинин дүйнөнүн 110дөн ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү, 30дан ашык мамлекеттин лидерлеринин башын кошкон форумга катышуусу чоң мааниге ээ болгонун Жогорку Кеңеш депутаты, дипломат Руслан Казакбаев белгиледи:

- Буга чейин айтылып келген долбоорлорду ишке ашырууга мезгил келип жетти. Темир жолду куруу боюнча Алмазбек Атамбаев президент болгон күндөн тарта эле айтылып келген эле. Ал айрым учурда практикалык жолдон саясатка айланып кетип, создугуп келди. Эми бул жолку форумдан кийин мындай долбоорлордун толугу ишке ашуусуна шарт түзүлөт деп ойлойм.

Ошол эле кезде Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкармалыгын төрагасы Темирбек Ажыкулов айтылган ар бир сунуш сөз жүзүндө калбай, конкреттүү ишке ашуусу маанилүү экенин билдирди:

- Мындай сүйлөшүүлөрдүн болгону абдан жакшы. Бирок бул долбоорлор деталдуу түрдө кантип аткарылат, канча мөөнөттө болору белгисиз. Биз азыр Бажы биримдигине мүчөбүз, бул долбоорлорду ишке ашырууда шарттар кандай болот. Ушулардын баарын эртерээк тактап алуу маанилүү.

“Бир алкак – бир жол” демилгеси Кытайдын “Жибек жолунун экономикалык кууру” жана “XXI кылымдын деңиз жибек жолу" долбоорлорунан түзүлгөн платформа. Платформа Жибек жолу өткөн өлкөлөр менен Кытайдын экономикалык алакаларын күчөтүп, Чыгыштан Батышка карай тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү максатын көздөйт. Бул концепцияны ишке ашырууга Кытай өкмөтү акыркы үч жылда 50 миллиард доллар бөлөрү кабарланган.

Бул жолу Кытай долбоорду ишке ашыруу үчүн Жибек жолу коруна кошумча 100 млрд юань (14,5 млрд. доллар) бөлөрүн билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG