Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:40

Балдарга көз арткандар көбөйдү


Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда жыл өткөн сайын балдарга жана өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук күчөп баратат.

Былтыр ушундай мүнөздөгү 151 кылмыш катталган. Быйыл биринчи кварталда 34 окуя болгон. Балдарга зомбулукту токтотууну бийликтен талап кылып, 30дан ашуун жарандык уюм кол топтоодо.

"Арай көз чарай" талкуусуна “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси, укук коргоочу Назгүл Турдубекова, Республикалык психикалык ден соолук борборунунун бөлүм башчысы, психотерапевт Бактыгүл Мамырбаева катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда балдарга карата зомбулук жасагандарга каршы мыйзам иштебей, майнап чыкпай жатабы?

Назгүл Турдубекова: Чындыгында бүгүнкү күндө өкмөттүн балдардын жана аялдардын укугун коргоо системасы жакшы иштебей жатат. Буга далил жетиштүү.

Биздин уюмга эле бир жылда 250 кайрылуу түштү, анын ичинен 36сы сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болгондор. Өкүнүчтүүсү, тартип коргоо органдары тарабынан кылмыш кылган адамга карата иш козголбой, жаап-жашыруу болуп жатканы.

Азыр жакырчылыкта жашаган, аракка берилген ата-энелер көп. Көп учурда алардын кароосуз калган балдары зомбулукка кабылат. Мындай үй-бүлөлөрдүн балдарын сыртынан акмалап, аңдыгандар да болот.

Ата-эненин кайдыгерлиги да зомбулуктун күчөшүнө шыкак берет. Кыз болобу, эркек бала болобу үч-төрт жолу зомбулукка учураган жагдайлар кездешет. Биз ишти сотко жеткирген күндө да ата-энеси айыптуу тараптан акча алып, арызын кайтарып алат. Күнөөкөр адамдын эркиндикте калганын көргөн бала “ушундай эле болот турбайбы” деген ойдо калат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Ай сайын, дээрлик жума сайын үрөй учурган маалыматтарды угуп жатабыз. 10 жашка чейинки жеткинчек кыздарды атасы, кошунасы, бейтааныш адам зордуктады деген маалыматтар чыгып атат. Эмне үчүн барган сайын балдарга карата зомбулуктун саны өсүүдө?

Бактыгүл Мамырбаева: Бул коомдун деградациясы, төмөнкү деңгээлге түшүп кеткени. Аракка берилген ата-эненин эмчектеги баласын убактылуу сурап алып, тилемчилик кылган атайын топтор бар экен. Кенедей наристени суукта да, ысыкта да көчөдө көтөрүп жүрөт. Ошол балдар кийин кайра эле зомбулукка дуушар болуп жатышат.

Бачабаздык жаштарда эмес, өзгөчө орто жаштарда көбүрөөк пайда болот. Жакшынакай үй-бүлөсү бар, бала-чакалуу адамдардын ушундай жолго барганын угуп жакаңды кармайсың. Азыр коомдо ушундай көрүнүштөр көп кездеше баштады. Бачабаздар негизинен психологиясы бузулган адамдар. Көптөрү сыртынан байкалбайт, айрымдарында бул адат жашынып жатат. Ата-энелер сак болуп, балдарын эрте келдиби, кеч келдиби, каякка барды деп көзөмөлдөөсү зарыл.

XS
SM
MD
LG