Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Бишкек мэринин "оң колуна" иш козголду


Ренат Макенов.
Ренат Макенов.

Өткөн жума күнү УКМКнын тергөө абагына киргизилген Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновду тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу жөнүндө сот 9-июлда чечим чыгарды. Вице-мэр менен кошо жер ресурстары башкармалыгынын башчысы да камалган. Алар үч гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланууга берген деп шек саналууда.

Бишкек шаар башчысынын биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-июлда камакка алды. Алар Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичирайонундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналып жатат.

УКМК кабарлагандай, бул аткаминерлерге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "Коррупция" беренелери боюнча айып тагылууда.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Макеновдун бөгөт чарасын 9-июлда карап, тергөө бүткөнчө абакта калтырды. Ал эми Мурзакановдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бериле элек.

Ренат Макенов былтыр августтан бери Бишкектин биринчи вице-мэринин кызматын аркалап келаткан. Факты катталган учурда ал Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп турган.

Ренат Макеновдун адвокаттары жана Бишкек мэриясынын жетекчилиги бул иш боюнча комментарий бере элек. Шаардын мэри Албек Ибраимов буга чейин Бишкекте бөлүнгөн жерлер мыйзамдын чегинде берилгенин "Азаттыкка" билдирген эле:

Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

- Эми жерлер ачык-айкын конкурс аркылуу берилет. Электрондук порталга чыгат. Мен өзүм кызматтык ыйгарым укуктарым боюнча ал комиссиянын мүчөсү эмесмин. Конкурсту атайын комиссия өткөрөт. Ким катышып, кандай сунуш берип жатканы мыйзамдын чегинде каралып, анан чечим кабыл алынат.

№12 кичирайон кирген Бишкектин түштүк тарабындагы тилкелер абдан кымбат, "майлуу" жер болуп эсептелет. Учурда бул аймакта бир канча курулуш компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Кылмыш иши козголгон тилкеге кайсы компания имарат куруп жатканын тергөө органдары ачык айта элек.

Бул аймактагы тилкелерлердин бөлүнүшүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселе буга чейин көтөрүлүп келгенинин шаардык кеңештин депутаты, анын мурдагы төрагасы Канатбек Музуралиев белгиледи:

Канатбек Музуралиев.
Канатбек Музуралиев.

- Бул жер тилкеси төмөндөтүлгөн баа менен сатылышы мүмкүн. Мен Макенов камаларда өткөн бейшембиде анын иш бөлмөсүнө кирип сүйлөшүп, маалыматтарды тактагам. Анда ал "биздин күнөөбүз жок" деп айтып жаткан. Бирок эң чоң маселе - жер тилкесин беш жылга алып, экинчи тарапка миллион долларга сатып жиберип жатканында болуп жатат. Мэрия болсо "биз саткан жокпуз, ижарага алган адам сатып жиберди" деп түшүндүрүүдө. Бирок мэрия ижарага алгандарды "сиздин бул жерди сатууга укугуңуз жок" деп талап кылышы керек болчу. Тескерисинче, курулуш курганга уруксат берип жатышат.

46 жаштагы Макенов баш калаанын мэри Албек Ибраимовдун көздөй кадры катары айтылып жүрчү. Ал 2014-2016-жылдары Ибраимов "Манас" аэропортунун жетекчиси болуп турган учурда аэропортто авиакеросин сатуу менен алектенген "Интек" аттуу компанияны башкарган.

Кийин Албек Ибраимов борбор шаарды башкарганы келгенде Ренат Макенов мэриянын муниципиалдык менчик башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган. Ал эми бир жыл өтпөй биринчи вице-мэрликке көтөрүлгөн эле. Дал ушул кызматта Макеновго өз ыйгарым укуктарына кирбеген шаардагы жер тилкелерин бөлүштүрүү милдети жүктөлгөн. Шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев бул ошол учурда да эле шек туудурган жагдай болгонун белгиледи:

- Эмне себептен жер маселесине буга чейин жооптуу болуп келген Бакыт Дүйшөмбиевден бул укук алынып, биринчи вице-мэр Ренат Макеновго берилет? Биринчи вице-мэр финансы жана экономика жаатын тейлеши керек. Бирок учурдагы мэр аны бузган. Себеби, биринчиден Макенов жакын кишиси. Экинчиден, Макенов вице-мэрликке чейин Мурзакановдун ордунда жер ресурстарын башкаруу башкармалыгын жетектеген. Анын ушуларды эске алып туруп мэр өзүнө жакын кишиге өткөрүп жатпайбы. Ушул жерде эле коррупциялык схема көрүнүп жатат.

Бишкектеги мыйзамсыз жерлер боюнча буга чейин иликтөөлөрдү жүргүзүп келген жарандык активист Калича Умуралиева №12 кичирайондогу бөлүнгөн жер тилкелери боюнча жалаң эле вице-мэрдин жоопкерчилиги каралбай, башка да кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Жоопкерчиликти караса Макенов менен Мурзаканов эле эмес, жер боюнча комиссиянын мүчөсү болгон шаардык кеңештин сегиз депутаты, райондук бийлик жетекчилери да отурушу керек. Себеби, алар чечимге кол койгон. Бул бир-эки эле адам кабыл алып койгон эмес, коллегиалдуу чечим болгон.

Рысбай Аматов - Бишкек шаардык кеңештин депутаты. Ал 2014-2016-жылдары мэрияга караштуу архитектура, шаар куруу, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү болгон. Дал ушул комиссия борбор калаадагы жер тилкерлерин ижарага берүү, сатуу боюнча чечим кабыл алат.

Рысбай Аматов комиссияга мүчө болуп турган жылдары №12 кичирайондогу 3,5 гектардан ашык жер тилкесин ижарага берүү боюнча маселе каралганын эстей албай жатат. Анын айтымында, баш калаа үчүн мындай аянттагы жер тилкесинин ижарага берилиши көптөгөн талкууларды жаратмак:

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

- Негизи комиссиянын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат. Бирок бул жерди жөн эле берип салды дегенди түшүнбөй жатам. "Конкурста үч гектар жер берилди" дегенди быйыл гана уктум. Ага чейин мындай аянттагы жерди ижарага берилген учурда эстей албай жатам. Биздин учурда андай болгон эмес

Ошол эле учурда айрым активисттер "жер чуусуна байланыштуу кылмыш иши козголгон соң шаардык кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, маселени талкуулашы керек" деген талаптарды айтышты. Бирок шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйын боюнча демилге жок экенин билдиришти.

Бул жер чуусу акыркы айдагы алгачкы козголгон алгачкы кылмыш иши эмес. Буга чейин Бишкектин түштүк тарабындагы 2,8 гектар жер тилкесинин мыйзамсыз ижара берилиши боюнча кылмыш иши козголгон. Анда мурдагы бийликке жакын деп эсептелген курулуш компаниялары бул тилкелерде көп кабаттуу үй салып жатканы белгилүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG