Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

"Ала качуу айынан санаага баттым"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бурулай" түрмөгүндө ала качууга дуушар болуп, тагдырына баш ийген Наргиза аттуу каарман тууралуу баяндайбыз.

Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, сулууча келген Наргизаны үч жыл мурда айылдашы ой-боюна койбой ала качып алган.

- Жайкы эс алуу болчу. Туугандарыбыз менен чогулганда бир киши менен тааныштырышты. Мен ага турмуш курууга оюм жок экенин, дагы билим алаарымды айткам. Болбой эле ала качып алды. Анын үйүнө барганда апамды күттүм. "Алып кетет" деп ойлогом, бирок үмүтүм таш капты. Апам келбей койду. Ал буга чейин эле "күйөөгө чык, жакшы жер экен" деп айткан. Анткени өзү да 31 жашында турмушка чыккан экен. Мени да "эл-жер көрүп, тийбей коет" деп ойлоду окшойт.

Наргизаны ала качкан кезде ал Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окуп жаткан. Экинчи курсту аяктап, окуусун чет өлкөдө улантууну каалаган кыз бат эле чүнчүп, стресске баткан.

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

- Турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин. Бийик максатым бар болчу. Ошол учурдагы абалымды эч бир кызга каалабайм. Бирок биздин коомдо кыздын ою маанилүү эмес экен. Күйөөмдү такыр түшүнө албай кыйналдым. Чытырман токойго адашып кирип, чыга албай калгандай болдум.

Наргизаны ала качып алган күйөөсү өзүнөн он эки жаш улуу. Ал үйлөнгөнгө чейин Орусияда иштечү экен. Ошондуктан келинчегине "кетели" деген сунуш кылган. Бирок Наргиза ага макул болбой, окуусун улантууну чечкен.

- Элчилеп той берип, калың төлөшкөн жок. Эптеп Орусияга алып барып иштетүүнү көздөшкөн экен. Атама рахмат айткым келет. Ал күйөөмдү жана кайын-журтумду окуумду улантууга көндүрдү. Сабакка келгенде турмуш курганымды, күйөөм бар экенин унутуп калаар элем. Үй тиричилигине да баш-отум менен кирген жокмун. Максатым - окуп, өзүмдү өнүктүрүш болду. Бактысыздыгымды ушинтип жеңүүнү кааладым. Тренингдерге барып, алган билимим менен өзүмдү соороттум.

Наргиза төрт кыздын ортончусу. Эжеси да эрте турмушка чыккан экен. Бирок көп өтпөй ажырашып, баласы менен үйүнө кайтып келген. Наргиза ага окшоп басып кете албаса да, аял катары бактылуу боло албай келет. Жолдошу экөө чогуу жашаган үч жылдан бери алардын үйүндө наристенин үнү жаңыра элек.

- Балалуу болбой жатканымды эрте турмуш курганымдан көрөм. Күйөөсү менен ынтымактуу жашаган, бала жетелеген аялдарды көрүп суктанам. Бир чети күйөөмдү аяп кетем. Кайра кой сымал бөктөрүп кеткени үчүн жиним келет. Өткөндү эстеген сайын ызага муунуп, жашоом таптакыр башкача болмок деп өкүнөм. Ошон үчүн ала качууга каршымын.

Наргиза ушул тапта Бишкекте мамлекеттик мекемеде иштеп жатат. Балким бир кезде анын кыялы орундалып, бийик максаттары орундалаар. Бирок эркинен тышкары курулган үй-бүлөдөгү орду, келечек жашоосу дагы эле бүдөмүк бойдон турат.

"Сүйгөндү бил, сезим деген шурудай"

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG