Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

«Кыргыз кереметинин» алпы кетти

Белгилүү кинорежиссёр, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал ноябрь айынан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиниканын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Маркумдун жакындары берген маалыматка ылайык, Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты 24-декабрда Опера жана балет театрында өттү.

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Жээнбековдун кайрылуусунда Болот Шамшиев кыргыз тарыхын жана "Манас" эпосун терең изилдөөдө да олуттуу иштерди аткарганы белгиленет.

- Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдызына айландырган. Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган. Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды. Жакында эле мени менен жолугуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы - элибиздин терең урматына татыды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти, - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Ушундай эле көңүл айтууну Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да жолдоду.

- Болот Төлөнович дүйнөлүк кино искусствосуна эбегейсиз из калтырды. Ал эки элдин ынтымагынын бекемделишине чоң салым кошту. Болот Шамшиевдин аты эсибизде түбөлүк сакталарына ишенем, - деп жазды казак президентине караштуу akorda.kz сайты.

Касым-Жоомарт Токаев Болот Шамшиевдин жараткан эмгектери эки элдин орток маданий байлыгы болуп калганын белгилеген.

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу

Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу.
1/9 Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
2/9
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
3/9
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
"Кыргыз кереметинин" алпын узатууга маданият кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер барышты.
4/9 "Кыргыз кереметинин" алпын узатууга маданият кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер барышты.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
Болот Шамшиев "Бөрү зындан", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан.
5/9 Болот Шамшиев "Бөрү зындан", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө туулган.
6/9 Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө туулган.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
Болот Шамшиев 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон.
7/9 Болот Шамшиев 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
Президент Сооронбай Жээнбеков топурак салууга барды.
8/9 Президент Сооронбай Жээнбеков топурак салууга барды.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
9/9
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.
Артка
Алдыга

Шамшиевдин мектеби

Кыргыз коомчулугу СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин дүйнөдөн өткөнүн оор кабыл алып, таанымал режиссердун дүйнөдөн өтүшү менен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Мелис Убукеев сыяктуу кыргыз кино искусствосунун жаралуу, калыптануу жана көтөрүлүү мезгилинин бир этабы аяктаганын кеп кылып жатышат.

Легендага айланган талант

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.(Сүрөт Александр Фёдоровго таандык).
1/14 Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.(Сүрөт Александр Фёдоровго таандык).
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Болот Шамшиев “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” ж.б. тасмалары менен аты далайга кеткен кинорежиссер. (Сүрөт Александр Фёдоровго таандык).
2/14 Болот Шамшиев “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” ж.б. тасмалары менен аты далайга кеткен кинорежиссер. (Сүрөт Александр Фёдоровго таандык).
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Режиссер Болот Шамшиев өз үйүндө кино тартып жаткан учуру. 1-декабрь, 1978-жыл.&nbsp;&nbsp;<br />
&nbsp;
3/14 Режиссер Болот Шамшиев өз үйүндө кино тартып жаткан учуру. 1-декабрь, 1978-жыл.  
 
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Тасма тартуу учуру.&nbsp;(Сүрөт Александр Фёдоровго таандык).
4/14 Тасма тартуу учуру. (Сүрөт Александр Фёдоровго таандык).
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Болот Шамшиев &quot;Аптап&quot; тасмасында башкы ролду аткарып жаткан учуру.&nbsp;<br />
<br />
&nbsp;<br />
<br />
<br />
&nbsp;&nbsp;
5/14 Болот Шамшиев "Аптап" тасмасында башкы ролду аткарып жаткан учуру. 

 


  
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Болот Шамшиев &quot;Аптап&quot; тасмасында башкы ролду аткарып жаткан учуру.&nbsp;<br />
&nbsp;
6/14 Болот Шамшиев "Аптап" тасмасында башкы ролду аткарып жаткан учуру. 
 
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
7/14
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Болот Шамшиев тасма тартуу учурунда.&nbsp;&nbsp;
8/14 Болот Шамшиев тасма тартуу учурунда.  
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Болот Шамшиев эгемендик жылдары каражат жоктугунан улам көптөгөн кино долбоорлорун ишке ашыра албай калган.&nbsp;
9/14 Болот Шамшиев эгемендик жылдары каражат жоктугунан улам көптөгөн кино долбоорлорун ишке ашыра албай калган. 
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Кезинде кино тармагында иштегендер &quot;Болот Шамшиевдин тасмасына түшкөн актер кино академияны бүтүп чыгат&quot;, деп келишкен.&nbsp; &nbsp;
10/14 Кезинде кино тармагында иштегендер "Болот Шамшиевдин тасмасына түшкөн актер кино академияны бүтүп чыгат", деп келишкен.   
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Шамшиев 1965-жылы Саякбай Каралаев тууралуу тартылган &quot;Манасчы&quot; кыска метраждуу тасмасын тартып, жаш режиссердун тырнак алды эмгеги эл аралык сынакта баш байге алган.&nbsp; &nbsp;
11/14 Шамшиев 1965-жылы Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Манасчы" кыска метраждуу тасмасын тартып, жаш режиссердун тырнак алды эмгеги эл аралык сынакта баш байге алган.   
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова жана режиссер Болот Шамшиев.
12/14 Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова жана режиссер Болот Шамшиев.
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
13/14
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
14/14
Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган.
Артка
Алдыга

«Бөрү зындан» тасмасында Композ деген ат менен таанымал болгон актёр Мурат Мамбетов Шамшиев кино тармагынын чыныгы адискөйү болгонун белгилеп, кезинде киночулар «Шамшиевдин тасмасына түшкөн актер академияны бүткөндөй болот» деген баасын берип келгенин сөз кылды.

- Шамшиевдин өзгөчөлүгү бар эле. Ал өзү тарта турган кинону алгач мээсинде тартып бүтүрүп, андан кийин гана ишти баштачу. Иштеп жатканда тасманын ар бир ирмемин майда-чүйдөсүнө чейин элестетип, тактап алганы билинип турар эле. Ошондуктан ал актёрлорго өзүнүн оюндагы талаптарды койчу. Актёрлордун «бул жерин мындай кылайын, өзүм кошумчалайын» дегенине көнчү эмес. Анткени ал тарта турган тасмасындагы ар бир образды ага чейин эле даярдап койчу.

Болот Шамшиев менен коштошуу. 24.12.2019

Болот Шамшиев кино тармагына «Манасчы» аттуу даректүү тасмасы менен кирген. 1965-жылы режиссёрдун бул тырмак алды чыгармасы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган. Шамшиев бул кыска метраждуу тасманы тартуу үчүн беш жыл даярданганын айткан эле.

- Мен 1-курста китепканага барып, «Манас» кайдан чыкканын изилдеп, беш жыл иштедим. Диплом коргоого чыкканда мен киностудияга барып «Саякбай Каралаев тууралуу тартам» деп айттым.

Замандаштарынын айтымында, табиятынан эс тутуму күчтүү, ар бир тасмасын чоң даярдык, билим менен баштаган Болот Шамшиев тунгуч тасмасына удаа эле «Караш-караш», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Снайперлер», «Бөрү зындан» сыяктуу тасмаларды тартып, чоң ийгиликтерди жараткан.

Кесиптештери эгемендик жылдары Болот Шамшиевдин бай тажрыйбасы колдонулбай калганын айтышууда. Таланттуу режиссер эгемендик жылдары каражаттын айынан көптөгөн кино долбоорлорун ишке ашыра албай калды. «Ак кеме» тасмасында баланын образын жараткан Нургазы Сыдыгалиев Шамшиев менен акыркы кезде жолукканда «Кожомкул» тасмасын тартууга белсенип жүргөнүн айтты.

- Мен Болот байкенин өжөрлүгү менен бул тасмада роль жаратып калгам. Себеби ошол кезде алгач комиссия мени «бул өтө эле шок бала экен» деп жаратпай койгон экен. Болот байке «мен өзүм жооп берем, бул баладан бир нерсе чыгат» деп киного катыштырган. Ал балдардын психологиясын өтө жакшы билген.

Шамшиев кыргыз киносунда Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров менен катар «Кыргыз кереметин» жараткан залкар режиссёр катары калды. Ошентсе да ал өмүрүнүн соңку жылдары экранга чыга элек бир нече сценарийлери, ондон ашык кино долбоорлору бар экенин, каражат тартыштыгына байланыштуу кийинки чыгармалары тартылбай жатканына кейип келген.

- Мен азыр үйдө отуруп эки томдой китеп жаздым. Азыр тарыхый темаларга токтолуп жатам. Кожомкул тууралуу эки жыл иштедим. Биринчи китебим «Каба жоо жүрөк», экинчи китебим «Кожомкул» деп аталды. Азыр болсо милицияда иштеген чыныгы адискөй, укук таануучу полковник Исабаевди прототип кылып көркөм образ чыгарып жатам.


Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да иштеп, 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, 1998-жылы туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда ал кездеги Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы ал окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG