Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Cөз эмес, иш менен өнүгөбүз


Урматтуу кыргызстандыктар!

Өлкөбүз эгемендүүлүк алган мезгилден бери басып өткөн жолубузга көз чаптырсак, калкыбыздын 0,5% түзгөн ар кандай деңгээлдеги жетекчилерибиз Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып бара албагандыгын убакыт далилдеп турат. Көптөгөн улуттук, мамлекеттик программалар кагаз жүзүндө гана кала берди.

Демек, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн ар бир жаран өз салымын кошуусу керек. Улутубуздун улуу инсаны Искак Раззаков 1950-жылдары “...ар ким өзүнөн башташы керек... Мен таза болсом, сен таза болсоң коом дагы таза болот” деген сөздөрүн жөн эле билип койбостон, ураан катары тутуп, жүрөгүбүзгө уялатып, нукура каада-салттарыбызды карманып, мээнеттен качпастан, ар бирибиз өз ишибизди аң-сезимдүүлүк, жоопкерчилик менен аткарсак, жакшы натыйжалар болуп, мамлекетибиздин түркүгү бекем болот эле.

Коомубуздагы чоң көйгөй – коррупциянын деңгээлин азайтуу үчүн жарандарыбыз убактылуу кызыкчылыктарын көздөбөстөн, мыйзамдын чегинде гана иш алып барса, бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлерине пара алууга ыңгайлуу шарт түзүлбөйт эле жана да коррупцияга каршы бир нече мамлекеттик мекемелерге муктаждык да болбойт эле.

Эгемендүүлүк күнүндө мекендештерибизге бекем ден соолуктан тышкары бийик акыл-эс, аң-сезим жана кыргыз эл акыны Жалил Садыков жазгандай жан дүйнөңүздөрдө “Көк кашка суудай тазалык” болушун каалаар элем.

Марина Уметова

XS
SM
MD
LG