Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ата-бабадан калган жерди сатпайлы!


Эченди баштан өткөргөн акылман кыргыз элим! Бүгүнкү Эгемендик майрамың менен куттуктайм!

Алакандай кыргыз элиме жаратканым бейиштин төрүндөй жерди энчилеп берген экен. Ошол жерди биздин ата-бабабыз кан төгүп, келечек муун үчүн сактап келди, эми биз жерибизди курутуп салбайлы. Айрым бир маалымат каражаттарында кыргыздын жери коңшу мамлекеттерге четинен сатылып жатат деп жазылып жүрөт. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабасы маалым. Эгерде ошентип кыргыз жерин четинен мүлжүтө берсек, келечек муун бизге наалат айтышы айдан ачык.

Биздин эл акылман, ыймандуу, жароокер. Бирок акыркы убакта коомдун ыйманы качып баратканы байкалат. Биздин журтка мүнөздүү эмес терс сапаттар көбөйүп кетти. Мисалга алсак, өз баласын өлтүрүү же өз кызына мыкаачылык көрсөткөн аталар. Же болбосо ата-энесине зордук - зомбулук көрсөткөн уул-кыздар.

Айрыкча, бузулган кыздарды көрүп зээниӊ кейийт. Биздин кыздар качан ушундай эле деп ойлойсуӊ. θзүмдүн жеке пикирим боюнча бузулган элди оңдоонун бирден бир жолу ислам дининде.

Баары өз казанында кайнап жаткандай байлар акчанын кулу болуп, жаштар, жумушка жарамдуулар чет жакка кетип жатышат. Эгерде мен президент болсом биринчиден, акыр-чикирди кайра иштетүүчү заводду курдурмакмын. Экинчиден, дары-дармек заводун салдырмакмын, анткени биздин тоолордо ден соолукка пайдалуу чөптүн баары өсөт. Υчүнчүдөн, алкогол ичимдиктерин жоймокмун. Ошондой эле коӊшу мамлекеттер менен сый мамиледе болуп, бирок ички ынтымак менен улуттук ишенимди бекемдемекмин.

Ал эми Эгемендик күнүн майрамдоого бөлүнгөн акчаны жакырлар менен жетим - жесирлерге бөлүп бермекмин. Себеби, нан болсо, ыр болот дегендей элдин майрамдык маанайын аларга жардам берүү менен көтөрмөкмүн. Кыргызстандын өнүгүшүнө жалпы баарыбыз салым кошсок дээр элем. Окуучулар жакшы окуп, кызматкерлер пара албай иштесе, студенттер мыкты окуса мына ушул өнүгүүгө жол ачат эле.

Тилек Жумагулов, Кызыл-Суу айылы, Ысык-Көл облусу.

XS
SM
MD
LG