Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Байчечекей сүйүүлөр


Жыргадык бүгүн. Мектептеги үлбүрөгөн байчечекей сүйүүлөрдү эстедик. Каттар аркылуу ташылган сүйүүлөрдү. Жолдубай сырын төгүп атат:

- Бир кызга уз-у-ун сабак сүйүү катын экөөлөп (дагы бир классташы) жаздык да, бир мадырабаштан берип жибердик. Бир жумадан кийин ошол эле биз жиберген каттын көлөмүндөй борсойгон конверт келди. Жүрөк дүкүлдөйт. Ачкандан айбыгабыз. Киши көрбөсүн деп айылдан үч чакырымдай алыс кетип калдык. Эмнеге анча кеттик десең. Бир чакырым деле жетиштүү болмок да. Ээн талаага барып алып, толкунданып ачсак… өзүбүздүн катыбыз кайра келиптир. Болгондо да каталарын кызыл жаян кылып оңдоп туруп, аягына «2» деген баа коюп коюптур.

Жолдубайдын айтканы менин алгачкы сүйүү катын алган күнүмдү эсиме салды. 7-класстамын. Сабактан чыгып баратсам 5-класстын бир баласы колума бүктөлгөн конвертти салып кетти. Кайда батыраарымды, эмне кылаарымды билбей кайсалайм. Айылдын четиндеги ээн көпүрөөгө жөнөдүм. Каттын мазмуну эсимде калбай калды, бирок, шаркырап аккан чоң суунун добушу менен жарыша соккон жүрөгүмдүн добушу азыр да кулагыма угулуп турат.

Ошол сезимди сагынып турам. Быйыл жайда барсам айылымдагы ошол чоң суу бөксөрүп, нугу башка жакка бурулуп кетиптир. Бантигим менен жүрөгүм бирдей дирилдеп, мен алгачкы сүйүү катын майдалап тытып, сууга сапырып турган көпүрө эчак бузулуптур…

Рахманкул «Мен ортосуна кат ташыгандардын көбү кийин үйлөнүштү» деп балача мактанды. Бир жүрөктөн экинчи жүрөккө сүйүүлөрдү кат аркылуу ташыган ошол ынтызар «поштоочулар» кайра эле өздөрү бала сүйүүнүн тузагына түшкөнүн айтсаң.

… Коноктон кайтып келатабыз. Кыштын кардуу түнүндө уулум машинесин каалгытып жай айдайт. «Биздин муун силердей болгондо кайсы сүйүүнү эстейт болдук экен?» деп өзүнө өзү суроо берип, биздин кечени кайрадан ой элегинен өткөрүп келатат.

Мен болсо «атасынын классташтары менен жолугушууга барганы жакшы болду» деген ойду терметем. Атасы жөнүндө, ал жанынан артык көргөн Ак-Музу (туулган айылы), анда өткөн балалыгы, мектептеги алгачкы сүйүүсү жөнүндө кандай гана сөздөр айтылбады. Атасына сагынычы тарагандай болду.

"Апа, атамдын классташтарын сыйлап коеюн, уруксат берсеңиз" деди бир маалда... Атасынын эки күндөн кийин келе турган туулган күнү эсине түштү окшойт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG