Урматтуу Кыргыз эли жана кыргыз жерин өзүнүн Ата Мекени деп эсептеп, Кыргызстанда жашап-мекендеп жүрүшкөн Мекендештер!
Сиздердин бардыгыңыздарды тең Кыргызстандын 1991-жылы 31-август күнү, СССР деген аталыштагы коммунисттик-тоталитардык системасынан бөлүнүп чыгып, эч бир элге жана өлкөгө көз карандысыз эгемен мамлекет болуп түзүлүүсүнүн, 23 жыл болуп толгон майрам күнү менен куттуктаймын! Жана сиздердин бардыгыңыздарга тең бул дүйнө берген жашоодо узун өмүр, чың ден соолук, бакубат турмуш, аткарган ишиңерде албан-албан ийгиликтерди жана теңирден тилеген каалоолоруңардын бардыгынын тең аткарылуусун каалаймын! Бирок ошол эле убакытта кыргыз элинин чыныгы эч кимге, эч кандай саясий жана экономикалык жактан көз карандысыз өнүккөн өлкө катары өмүр сүрүүсүн каалаган ой-максаттарынын толугу менен ишке ашпай жаткандагысын дагы, өзүбүздүн мойнубузга алуубуз керек. Биз ушул багытта жүргүзгөн иштерибизде кетирген каталарыбызды дыкат иликтеп, азыркы мезгилде ал кемчиликтер экинчи такыр кайталанбагыдай болуп, Кыргызстандын гүлдөп өсүп-өнүгүү жолуна түшүүсүн камсыздоонун жана элдин бакубат турмушта өмүр сүрүүсүн каалаган ой-максаттарын иш жүзүнө ашыруунун аракетинин үстүндө, болгон акыл-эсимди жана күчүмдү аябай, эч бир тыным албай эмгектенүүгө бекем убада кылам!
Эгемен майрам күнүңөр куттуу болсун!
Бакыт Нарынбаев