Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Текебаев менен Чотоновдун соту убактылуу токтоду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөкул Чотоновдун жактоочулары
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөкул Чотоновдун жактоочулары

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши убактылуу токтотулду. Буга Чотоновдун адвокаттарынын айыпталуучуну үй камагына чыгаруу өтүнүчү негиз болду. Бүгүнкү соттук жараянда негизги талкуу процессти видео менен чагылдыруунун айланасында жүрдү.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралган "атамекенчи" саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн жараян айыпталуучулардын адвокаттарынын өтүнүчтөрү менен коштолду.

Анда негизинен соттун жүрүшүн видеого тартууга уруксат берүү өтүнүчү келтирилди. Адвокаттар муну ачык-айкындуулукту камсыз кылуу талабы менен түшүндүрүштү.

Адвокаттардын өтүнүчүн Өмүрбек Текебаев да колдоп, күнөөсү жоктугун, сот процесси керек болсо жалпы эл көрө алчудай түз эфирде жүрүшү керектигин билдирди:

- Мен өзүмдү күнөөсүзмүн деп эсептейм. Моралдык артыкчылыгым Башкы прокуратура, УКМК жана президентке караганда жогору экенин билем. Атамбаев бир ай мурда Текебаевдин коррупционер экенин эл көрсүн, күбөлөрдү көрсөтүү керек деп айтып жаткан. Эми эмнеге артка кетип, видео көрсөтүлбөй жатат?

Сот алдында турган жактоочулар
Сот алдында турган жактоочулар

Ал эми прокуратура өкүлдөрү видеого тыюу салууну сунуштап, муну "күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында" деп түшүндүрдү. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мындай өтүнүчтү келтирген күбө орусиялык ишкер Леонид Маевский экени белгилүү болду.

Жыйынтыкта ишти караган судья Эрнис уулу Айбек "иш саясатташты" деген жүйөнү четке кагып, видео, сүрөткө тыюу салуу тууралуу мурда кабыл алган чечимин күчүндө калтырды:

- Бул сот отуруму ачык өтүп жатат. Өмүрбек Текебаев муну саясий иш деп жатат. Бирок ал саясий иш эмес. Биз жазык ишти карап жатабыз, саясий ишке киришпейбиз. Соттолуучуларга коюлган айып боюнча гана каралат. Ошондуктан адвокаттардын өтүнүчү канааттандыруусуз калат.

Мындан соң айыпталуучу Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларды экс-элчинин баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакта кармоого байланышпаган чарага алмаштырууну өтүнүштү. Алар Чотоновдун коомдогу кадыр-баркын эске алууну негиз катары келтиришти.

Бирок прокурорлор Чотоновго “коюлуп жаткан айыптын оордугуна, ал бош жүрүп, күбөлөргө таасир этиши ыктымал экенин билдирип, канааттандырбоого чакырды. Ошондой эле мамлекеттик айыптоо ишке катышы бар дагы бир "атамекенчи" Шералы Абдылдаевдин тергөө маалында өлкөдөн чыгып кеткенин эске салды.

Жараянга төрагалык кылуучу судья бул өтүнүчтү да четке кагуу чечимин чыгарды. Мындан соң Чотоновдун адвокаттары бул чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна кассациялык арыз менен кайрылды. Мындай жол менен шаардык сотто бул арыз каралганча Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн сот жараяны убактылуу токтотулду.

Бүгүнкү сот жараяны өтүп жаткан учурда Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында камактагы саясатчылардын тарапкерлери нааразылык акциясын да өткөрүштү.

Бир нече адам ак чүпүрөк менен көзүн байлап алды. Муну менен алар сот процессин видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салган судьянын чечимине протест деп билдирүүдө.

Сотко көз салуу үчун келген "Адилет" укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова жараян учурунда бир катар мыйзам бузуулар катталды деп билдирди:

- Соттук териштирүүнүн биринчи күнү мен судьянын ишин позитивдүү баалаган элем. Себеби анда одоно процессуалдык мыйзам бузуулар катталган эмес. Ал эми бүгүнкү жараянды көрүп, мен абдан таң калып жатам. Анткени териштирүүнүн жүрүшүндө жактоочулар беш жолу өтүнүч келтирди. Анын баары дароо четке кагылып жатты. Болгондо да сот эч кандай негизи жок эле, түшүндүрмөсүз четке кагылып жатат.

Жакупова сот мындай улана берсе, ишенбөөчүлүктү жаратарын эскертүүдө.

5-июнь, 2017-жыл
5-июнь, 2017-жыл

Ошол эле кезде айрым юристтер айыпталуучу адвокаттарынын дембе-дембе өтүнүч келтиришин сотту создуктуруу аракети менен түшүндүрүшүүдө. Маселен, адвокат Икрамидин Айткулов айыпталган тарап өзүнө саясий упай топтоо үчүн сотту создуктурууга кызыкдар деген пикирде:

- Албетте алар сотту создуктурууга аракет кылып жатышат. Бул дароо эле түшүнүктүү болуп жатпайбы. Адвокаттардын мындай аракети туура эмес. Себеби сотту өз нугунда бүткөрүү зарыл.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту 5-июнь күнү башталган. Анда адвокаттардын иштин материалдары менен толук таанышып бүтпөй калгандыгына байланыштуу үч күн убакыт берилген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегакомго" байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып менен 26-февралда камакка алынган. Анын ишине байланышы бар деп экс-министр Дүйшөнкул Чотонов да камалган. Буга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү себеп болгон.

"Ата Мекен" партиясы бул айыптоолорду саясий куугунтук деп атап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG