Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Иманкулов УКМК башчысына нааразы


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

УКМКнын мурдагы жетекчисинин орун басары Марат Иманкулов бийликтин кысымына кабылганын айтып чыкты. Ал буга атайын кызматта иштеген инисинин негизсиз иштен алынышын жүйө кармоодо.

Чекист, атайын кызматтын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов маалымат жыйын куруп, бийлик аны куугунтуктап жатканын айтып коомчулукка кайрылды.

Айтымында, ал “Таза Кыргызстан” деп саясий партия түптөп, бийликке сын айтканы үчүн кысымга калган. Иманкулов буга УКМКда иштеген бир тууган инисинин мыйзамсыз иштен алынышын жүйө кармап, куугунтуктун башында аталган кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев турарын айтууда.

- Мен үзөңгүлөштөрүм менен “Таза Кыргызстан” деген партия түптөгөм. Аты эле айтып тургандай таза адамдар, мекенчилдер чогула баштаган. Ушундан коркуп бийлик бир тууганымды иштен алып, мага кысым жасай баштады. Инимдин жетекчиси кызматтан кетирүүгө негиз жок десе, Абдил Сегизбаев буйругумдун негизинде алынсын дептир. Мыйзамсыз иши үчүн Сегизбаев жооп бериши керек.

Чекист иниси өз укугун өзү коргорун айтып, азыркы бийликке каршы күрөшүн улантарын кошумчалады.

Иштен "айдалган" Иманкулов...

Анткен менен УКМКнын катчысы Рахат Сулайманов подполковник Мурат Иманкуловдун иштен алынышынын агасынын ишмердигине тиешеси жок деди. Анын ишендиришинче, Иманкулов эмгек келишимин так аткарбаганы үчүн иштен алынган.

- Подполковник Муратбек Иманкулов эмгек келишиминдеги шарттарды так аткарбаганы үчүн иштен алынды. Анын саясатка тиешеси жок. Бүгүнтөн тарта УКМКда иштебейт.

Экс-депутат, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик каршылаштарын ар кандай ыкмалар менен кысымга алып жатканын билдирди. "Иманкулов бийликке каршы күчтөргө кошулганы үчүн куугунтукка кабылды" дейт ал.

- Бир адамга кызмат кылууда УКМКнын ролу абдан жогору. Алар көп мүмкүнчүлүккө ээ, тыңшай алат, аңдыйт, керек болсо чагым уюштурат. Марат Иманкулов болсо акыркы убактарда оппозицияга кошула баштаган. Мени менен да эки-үч ирет жолуккан. Ал азыркы бийликтин саясатына ачык каршы чыга баштаган. Менимче УКМК ушуларды билип куугунтук кылып жатат. Бул азыркы бийликтин саясаты болуп калды.

Куугунтукпу же курмандыкпы?

Марат Иманкулов буга чейин УКМК төрагасы Сегизбаевдин ишмердигин сындап, бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине каршы экенин билдирген. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов жогорудагы дооматтарды четке кагып, бул аракеттерди упай топтоо катары баалады.

- Эч кандай саясий куугунтук болгон жок, болбойт дагы. Анткени азыр заман башка. Кээ бир чала саясатчылар куугунтук болуп жатат деп кыйкырып жатышат. Алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын, таарынычын саясатка аралаштырып, элдин көңүлүн бургусу келип жатат. Азыркы бийлик мындай дооматтарга кошулбайт. Андай эч качан болбойт.

Ушул кезге дейре оппозициялык активист Уран Ботобеков саясий кысымга кабылганын айтып өлкөдөн чыгып кеткен. Ал буга президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 1,8 млн. сом доого жыкканын жүйө кылган.

Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп 2 миллион сомго доого жыгылган журналист Дайыр Орунбеков да куугунтук курмандыгы экенин айтып келет.

Дагы бир журналист Адилет Айтикеев кысымга чыдабай АКШда баш паанек сурап жүргөнүн билдирген. Мындан сырткары Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков сыяктуу оппозициялык саясатчылар атайын кызмат алардын сары изине түшкөнүн айтып келет. Деген менен бийлик булардын баарын куру доомат катары төгүндөөдө.

XS
SM
MD
LG