Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Бабанов: Бийлик менен тандемге барбайм


Бабанов: Аягына чейин күрөшөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Бабанов: аягына чейин күрөшөм

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынын куруп, президенттик орун үчүн аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткан саясатчы Өмүрбек Бабанов 31-июлда Бишкекте маалымат жыйынын уюштуруп, президенттикке талапкер болуу чечиминен баш тартпай турганын айтты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары “Бабанов бийлик талапкери менен тандем түзүп, премьер-министрлик кызмат орду үчүн шайлоодон баш тартышы мүмкүн” деп жазышкан. Бабанов мындай маалыматтарды саясий атаандаштары атайын таратып жатат деп ойлойт:

- Мени бирөө менен тандемге барып, анан кийин талапкерлигин алып салып премьер-министрлик кызматка барат деген маалыматтар таркатылып жатат. Мен буга ачык-айкын, так жооп бергим келет. Президенттик шайлоодо аягына чейин барам. Кудай буюрса, бул шайлоодо элдин колдоосуна ээ болуп өлкөнүн президенти болом.

Бабанов өзүнө карата каралоолор токтобосо, сотко кайрылууга аргасыз болорун да эскертти. Ал буга мисал катары ата-энесинин тегине байланыштуу жалган маалыматтар тарап жатканын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында КСДП талапкер көрсөтпөсө, Бабановду колдомокмун деп билдирген:

- Эгер КСДПдан талапкер көрсөтүлбөгөндө Бабановду колдомокмун. Ачык айтайын, ушул тапта менин көз карашымда Жээнбеков баарынан жакшы талапкер. Калгандары ким утса ошол утсун.

Президенттин бул пикири бир топ күн маалымат каражаттары менен соцтармактарда кызуу талкууга түшкөн. Бабанов өзү болсо президенттин сөзүн сыймыктануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ал премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, башка талапкерлер менен бирдей укукта жарышка катышуусу керектигин кыйытты. Шайлоодо административдик ресурс колдонулбай, добуш берүү акыйкат өтүшү үчүн Атамбаев кепил болот деп ишенет:

- Социал-демократтар Сооронбай Шариповичти көрсөтсө, Алмазбек Атамбаев бир партиянын президенти болбой, жалпы Кыргызстандын президенти катары бардык талапкерлерге бирдей карайт деп ойлойм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, административдик ресурсту колдонтпой, бул шайлоодо өлкөбүз үчүн жаңы баракча ачып берет деп ишенем. Таза шайлоого президент кепил болушу керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Анткен менен Бабановдун маалымат жыйыны коомчулукта ар кандай реакцияларды жаратууда. Саясат талдоочу Марс Сариев Бабанов кырдаалга жараша премьер-министрлик кызмат үчүн соодалашууга даяр деп эсептейт:

- Административдик ресурс пайдаланылып, кырдаал Бабанов үчүн жаман жакка ооп баратса, ал премьер-министрликке барышы мүмкүн. Ал Жээнбековдун ордуна болчу өкмөт башчы бир да партияга кирбей, убактылуу иштеп турушу керек деп өзүнө орун даярдап жаткандай. Ал мындай пикир менен өзүнө жылчык издеп жатат.

Саясий эксперт Медет Төлөгөновдун пикиринде, Бабанов бийлик партиясы үчүн эсептешүү керек болгон чоң атаандаш:

- Жээнбеков Бабановду олуттуу атаандаш катары кабыл алат. Анткени Бабановдо акча ресурсунан башка да мүмкүнчүлүктөр кенен. Башка партияларга салыштырмалуу ар бир аймакта өз өкүлчүлүктөрү бар, алар уюшкандыкта иштешет. Ооба, Жээнбековдо административдик ресурс жана туугандык байланыштар күчтүү. Бирок анын жанында Бабановдун мүмкүнчүлүктөрүн четке какпашыбыз керек. Бабанов бийлик үчүн күчтүү атаандаш.

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" фракциясын жетектейт. Ал президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн. Талапкер болуу дымагын билдиргендер саны 50дөн ашты. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG