Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин эсеби боюнча жыл сайын Бишкектин абасына 240 миң тонна зыяндуу зат бөлүнүп чыгат. Бул деген ар бир Бишкек жашоочусуна жылына 200 килограмм зыяндуу зат туура келет дегенди билдирет. Же болбосо борбордун бир жылдык зыяндуу заттарынан 4 килограммдык 60 миллион кирпич жасаса болот.
Ооба, Бишкекте автоунаанын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Шаардын инфраструктурасы 50 миң автоунаага ылайыкташса, азыркы көрсөткүч мындан он эсе көп. Экологдордун эсеби боюнча абага чыккан зыяндуу заттардын 65-75 пайызы автоунааларга туура келет.
Борбор барган сайын бозорууда
Борбор барган сайын бозорууда
Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин маалыматы боюнча өлкөдөгү автомашиналардын 75 пайызы 15 жыл мурда өндүрүштөн чыккандар. Заводдон беш жыл мурда чыккан унаалардын жалпы саны өлкө боюнча 15 миңге жетпейт. Кыргызстанда 1 миллион 200 миңге жакын автоунаа катталса, анын 450 миңдейи Бишкек шаарында. Башка аймактардан борборго келип-кеткен автоунааларды кошкондо Бишкектеги транспорттун саны 500 миңге жетет.
Соңку 12 жылда эле Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 750 миң автоунаа кирген. Аталган унаалардын көбү эски, тагыраак айтканда, өлкөдө катталган 1 миллион 200 миң автотранспорттун 750 миңи өндүрүштөн 15 жыл мурда чыккандар. Өндүрүштөн чыкканына 5-10 жыл болгон жаңыраактарынын саны болгону 50 миңди түзөт. Калган 400 миң унаанын айдалып жүргөнүнө бери дегенде 20 жыл болгон.
Бишкек калкынын болжолдуу саны 1 миллион 200 миңди түзөт. 90-жылдардын башында бул көрсөткүч 600 миң болчу. Эл аралык эсептөөлөр боюнча таза аба менен камсыз болушу үчүн ар бир адамга беш бак же 30 чарчы метр жашыл аймак туура келиш керек.
Мэриянын “Жашылдандыруу чарбасы” ишканасынын маалыматы боюнча Бишкекте 235 миң муниципалдык бак бар. Жалпак тил менен айтканда борбор калаада беш адамга араң бир бак туура келет.
Бишкектин абасы тууралуу иликтөөнү видеодон көрүңүз.