Коомчулукта Бишкек шаарынын архитектуралык абалы тууралуу нааразы пикирлер арбын.
Шаар тургундары айрыкча борбор калаага тиешелүү жер тилкелери башаламан жана эстетикалык көркү жок колдонулуп жатканын айтып келишет. Адистер мындай нааразылыктар жүйөлүү экенин айтса, Бишкек мэриясы шаар архитектурасына жолдонгон сынды четке какты.
Бишкек шаарынын тургуну Тынчтыкбек Кожобековдун айтымында, калаага кай тарабынан кирбе, айылга келгендей болосуң. Бишкек кайсыл жерден башталып, кайсыл жерден бүтөрүн эч ким билбейт. Шаар көчөлөрүндө эч кандай эстетикалык чен-өлчөм сакталган эмес:
- Мисалы жакында шаардык кызмат көчөгө таштанды чакаларын коюп бербедиби. Мына сиз экөөбүз анын жанында турабыз. Тегеригин тосту. Ал эми ошонун эле жанында мектепти курчаган короону караңыз. Ал кымбат. Бул жерде мыкты, кымбат жасалга турат. Экөөсүн салыштырыңыз, анан тиги комокту караңыз. Тээтиги бал саткан дүкөндүн алдындагы мамалакты караңыз. Ал сонун нерсе. Бирок ал көз жаздымды калып калды. Эл аны байкабайт деле.
Кыргызстандын борбору Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, көк тиреген кабат-кабат үйлөр салынууда. Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан көз тайгылткан үйлөр менен өткөн кылымдын эстелиги катары калган жепирейген тамдар катар орун алып, борбор шаардын көркү бузулууда.
Тынчтыкбек учурда Борбор калаанын жалпы эле архитектуралык көрүнүшү жүрөк оорутарлык абалда экенин айтып, анан калса шаар аймагы тартипсиз пайдаланылып, бош жерлер боло калса унаа жуучу, оңдоочу, май куюучу, дарыкана, дүкөн курулуп жатканы көркөмдүк жактан туура эмес деген пикирин кошумчалады.
Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун директорунун орун басары Нарзулла Кошбаков шаардыктарды тынчсыздандырып жаткан маселеге токтолуп жатып, шаардын архитектуралык башкы планы иштелип чыкканы менен деталдык план толук ишке аша электигин айтты:
- Башкы план бекигенден кийин тез арада шаардын деталдык планы иштелип чыгышы керек эле. Ал план он жылдай жасалбай келген. Эми мына бир жыл болуп калды, шаар мэриясы ага буюртма берип, учурда ал иштелип жатат. Деталдык план деген эмне деген сөз? Башкы план жасалгандан кийин кайсы жерде бийик үйлөр салынат, алардын машина токтотуучу жайы кандай болот, кайсы жерден шаар башталат, кайсыл жерден бүтөт деген суроолор ошол жерде чечилет. Деталдык план сүрөт, макети менен бекитилет.
Кошбаков бул планда шаардын ар бир кадамы көзөмөлдөнүп, кайсыл жерге кандай түс, кайсыл жерге кандай жарык коюлушу керек экени так көрсөтүлөрүн, шаар ошол план менен жасалса эч кандай каталык кетпей турганын кеп кылды.
Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгынын өкүлү Лигай Геннадий болсо Борбор калаанын азыркы архитектуралык ал-акыбалы тууралуу айтылган сын-пикирге кошулбайт:
- “Бишкек шаарынын архитектуралык өзгөчөлүгүн табуу кыйын”, -дегендердин айтканы чындыкка дал келбейт. Мисалы, Ала-Тоо аянтындагы Агропром комплексин карагыла, Совет мезгилинде курулган. Филармония имаратынын комплексин карагыла, тегерегинде “ Океан” дүкөнү жана башка көркөм курулуштар бар. Келишимдерде сөзсүз түрдө курулуп жаткан жаңы имараттардын кандай түстө болору да бекитилет. Менимче сын айткандар – дилетанттар. Алар архитектура адистери эмес.
Башкы планы жок эле тиягына жер берилип кетет, биягына жер берилип кетет. Шаардын көркү ошентип бузулат да. Эгер башкы план боюнча жасалса анда такыр катачылык болбойт.
Нарзулла Кошбаков
Анткен менен адис Нарзулла Кошбаков Бишкектин башкы планы кабыл алына элек учурда жана андан кийин деле шаар тилкелерин пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар кездешип келгенин белгиледи:
- Башкы планы жок эле тиягына жер берилип кетет, биягына жер берилип кетет. Шаардын көркү ошентип бузулат да. Эгер башкы план боюнча жасалса анда такыр катачылык болбойт. Башкы планда кызыл сызык бар. Мына биз беш китепти мамлекеттик курулуш башкармалыгынан бекиттирип койгонбуз. Ошол кызыл сызыкка чейин баарын өз орду, тартиби менен жасап кете берсең шаар гүлдөп кетет. Негизи жол-жобону кимдер бузат? Депутаттар, өкмөттө иштеген айрым чиновниктер бузат.
Кошбаков бирок акыркы жылдары өкмөт башчы, шаар мэри Бишкектин башкы планын ишке ашыруу боюнча Шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо иниститутуна келип, адистер менен кызматташа баштаганын айтып, бул план боюнча кетсе Бишкек он жыл аралыгында жакшы жагына өзгөрөрүнө ишендирди.
"Азаттыктын" архиви: Борбордун өткөнү жана учурдагысы. 02.03.2013
Эски-жаңы альбом: Фрунзе-Бишкек
1/18Фрунзе-Бишкек. "Россия" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
2/18Фрунзе-Бишкек. Шаардын түштүк дарбазасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
3/18Фрунзе-Бишкек. Чыгыш (эски) автовокзалы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
4/18Фрунзе-Бишкек. Мурдагы Конституциялык Соттун имараты.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
5/18Фрунзе-Бишкек. Мурдагы политехникалык техникумдун имараты азыр Кыргызстан эл аралык университетинин бир корпусу.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
6/18Фрунзе-Бишкек. Качандыр бир кезде бул жерде балмуздак, суусундуктар сатылган. Азыр ал чакан кафе-караоке.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
7/18Фрунзе-Бишкек. Панфилов паркынын башкы дарбазасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
8/18Фрунзе-Бишкек. Опера жана балет театры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
9/18Фрунзе-Бишкек. Жаш гвардия бульварындагы эстелик.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
10/18Фрунзе-Бишкек. "Манас" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
11/18Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" мейманканасы азыр иштебейт.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
12/18Фрунзе-Бишкек. Шаардык аткаруу комитетинин имараты, азыркы мэрия.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
13/18Фрунзе-Бишкек. Эски аянттагы Өкмөт үйү.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
14/18Фрунзе-Бишкек. "Жалал-Абад" чайканасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
15/18Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
16/18Фрунзе-Бишкек. Илимдер Академиясы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
17/18Фрунзе-Бишкек. Борбор Азиядагы Америка университети, мурда бул имаратта Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жана башка өкмөттүк мекемелер турган.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
18/18Фрунзе-Бишкек. Мурдагы "Кыргызстан" мейманканасы, азыркы - Hyatt Regency Bishkek Hotel
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Артка
Алдыга
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.