Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий жол кыймылын көзөмөлдөө учурдун маанилүү маселеси болуп турганын белгилеп, бул көйгөйдү ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоорун кайрадан жандандыруу аркылуу чечүү керек деди:
- Биз учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун программасын иштеп чыгып жатабыз. Бул боюнча бүгүн-эртең өкмөттүн токтому чыгып калышы керек. Мурда аталган долбоор боюнча өткөн тендерде кемчиликтер кетип, анын айынан программа токтоп калган. Жакында Бишкек мэри менен Ички иштер министри жолугуп, долбоор кайра жанданды. Анын негизинде Байтик баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишине көзөмөл камера коюлат. Мындан сырткары түштүк магистралда ашыкча ылдамдык менен жүргөн унаалар көзөмөлдөнүп, маалыматтар ИИМдин серверине берилип турат.
Милицкийдин айтымына караганда, мындай чаралар автотыгындарды жана жол кырсыктарын азайтып, айдоочунун маданиятынын калыптанышын шарттайт.
Анткен менен чубактын кунундай чубалган “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашаарына ынанбаган шаардыктар четтен чыгат:
- Булардын шаарды коопсуз кылабыз дегенине канча жыл болду? Интернеттен, маалымат каражаттарынан кайра-кайра эле окуп, угуп келебиз. Башында чындап эле эми тартиптүү шаарда жашап калат экенбиз деп сүйүндүк эле. Камералар коюлуп калса жолдо машиналар да этияттап жүрүп калат эле да. Эми бул долбоордун ишке ашышына таптакыр ишенбей калдым, - деди шаар тургундарынын бири.
Расмий маалымат боюнча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү эки миңдей маршруттук такси, муниципалдык 140 троллейбус тейлейт.
Шаар бийлиги ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин көңүл ачуучу жайларга ижарага берилишин көзөмөлдөй турган мыйзамдарды кабыл алууга кызыкдар экенин билдирди. Муну жетекчилер шаардыктардын коопсуздугу жана жашоосуна ыңгайсыздыктын жаралышы менен негиздешти.
Бишкек мэринин орун басары Айгүл Рыскулова маалымат жыйынында Бишкек шаарындагы мектептердин тартыштыгын билим берүү жаатындагы башкы көйгөй деп атады. Вице-мэрдин айтымында, бүгүн шаарда болгону 75 миң окуучуга ылайыкталган мектептерде 137 миң бала билим алат:
- Ошол эле убакта региондордо көптөгөн мектептер курулду. Ар бир айылда бирден мектеп бар десек болот. Бирок Бишкек шаарына мектеп салынбай жатат. Анткени көп жылдан бери Билим берүү системасы жергиликтүү бюджетке калтырылган. Республикадан бир тыйын акча албайбыз. “Бишкектин өзүнүн акчасы көп, өздөрү мектеп салып алат” деген ой менен борбор шаарга көңүл бурулбай келатат. Аны биз өкмөткө да, Билим берүү министрлигине да айтып жүрөбүз. Былтыр Жерүйдүн акчасынан беш мектеп салганга акча берилет дешти эле, ал да берилбей калды.
Бишкек шаарынын бюджетинин 50 пайыздан ашыгы социалдык муктаждыктарга жумшалат. Баш калаанын 2016-жыл үчүн бюджети сегиз миллиард сомдон ашык каражатты түзөт.