Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Итибаев менен атышуу үч адамдын өмүрүн алды

Итибаев өлтүрүлгөн үй
Итибаев өлтүрүлгөн үй

Достук кичи районунда 12-октябрда абактан качып чыккан Алтынбек Итибаев милиция менен атышуудан набыт болду. Андан тышкары милициянын ыкчам отрядынын бир кызматкерине жана эки жай тургунга ок тийген.

Ички иштер министрлигинде бейшемби күнкү атышууда каза тапкан милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркум Нарын облусунда төрөлгөн. 37 жашта болчу. 2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган.

Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында каза тапкан эки жайкын тургун Нарын облусунун жашоочулары. Бири 79 жаштагы Батыш Койчуманова - Ак-Талаа районунан, 56 жаштагы Медет Какеев - Кочкор районунан болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Каза болгон эки жайкын тургундун өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козголгонун аталган мекемеден кабарлашты.

Достуктагы бүгүнкү абал
Достуктагы бүгүнкү абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Төлөбек Исмаилов менен коштошуу. 23-октябрь

Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Маркум Нарын облусунда төрөлгөн. 37 жашта болчу. 
1/8 Маркум Нарын облусунда төрөлгөн. 37 жашта болчу. 
2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. 
2/8 2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. 
Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган.  
3/8 Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган.  
Маркумдун артында үч бала калды.
5/8 Маркумдун артында үч бала калды.
Мамлекет каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө үй жана миллион сом бермей болду.
7/8 Мамлекет каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө үй жана миллион сом бермей болду.
Артка
Алдыга
Темир Сариев: Террорчуларды аябайбыз
Сариев: терроризмге каршы аёосуз күрөш болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн үй
Итибаев өлтүрүлгөн үй
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Итибаев автоматтан ок жаадырган

22-октябрда түнкү саат 10дор чамасында Достук кичи районундагы көп кабаттуу №8 үйдө Алтынбек Итибаев атып өлтүрүлдү. Ал милицияга каршы автомат жана тапанчадан ок жаадырган. Атышуу үч саатка созулган.

Итибаев бекинип отурган Достук кичи районундагы №8 үйдөгү квартира милиция тарабынан камоого алынган. Үйдүн тургундары буга байланыштуу сыртка чыга албай турушканын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдаган. ​

Алтынбек Итибаев
Алтынбек Итибаев

Окуя болуп жаткан жерге ички иштер министри Мелис Турганбаев да барган.

22-октябрда түрмөдөн качкан Эдил Абдырахманов да кармалган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдиргендей, анын колунда тапанча болгон. Жанынан “Ислам мамлекети” террордук тобунукуна окшош кара байрак табылган.

Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн үй. Достук, Бишкек

Итибаев өлтүрүлгөн үй

Бүгүн кечке жуук Достук кичи районундагы №8 үйгө бекинип алган Алтынбек Итибаев милицияга автоматтан ок чыгарган. 
1/5 Бүгүн кечке жуук Достук кичи районундагы №8 үйгө бекинип алган Алтынбек Итибаев милицияга автоматтан ок чыгарган. 
Итибаев милиция менен атышууда автоматтан ок чыгарган. 
2/5 Итибаев милиция менен атышууда автоматтан ок чыгарган. 
Үй курчоого алынып, ички иштер министри окуя болгон жерге барган. 
3/5 Үй курчоого алынып, ички иштер министри окуя болгон жерге барган. 
12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алардын бешөө ошол эле күнү кармалып, үчөө абакта каза болду. 
4/5 12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алардын бешөө ошол эле күнү кармалып, үчөө абакта каза болду. 
Качып кеткен төрт адамга издөө жарыяланып, экөө буга чейин атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган. Эдил Абдрахманов 22-октябрда жарадар болуп колго түшкөн. 
5/5 Качып кеткен төрт адамга издөө жарыяланып, экөө буга чейин атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган. Эдил Абдрахманов 22-октябрда жарадар болуп колго түшкөн. 
Артка
Алдыга

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алар үч түрмө кызматкерин - ички кызматтын майору Таалайбек Өмүрзаковду, Туратбек Садыбакасовду жана Фархад Орозбек уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бир кызматкерди чала жан кылып сабап качып кетишкен. Жарадар болгон абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев төрт күндөн кийин эсине келбей жатып көз жумган. Төртөөнүн артында он бала жетим калды.

Достук кичи районундагы атышуу учурунда тартылган видео. 22-октябрь

Достук кичи району. 22-октябрь

Абактан качкан Алтынбек Итибаев өлтүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:09 0:00

Абактан качкан тогуз кишинин бешөө бир сааттан кийин кармалган. Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк оору менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. Качып кетүүгө үлгүргөн 39 жаштагы Данияр Кадыралиев Дордой-1 конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мүсүралиев 20-октябрда Сокулуктагы ээн сарайда өлтүрүлгөн. Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов издөөдө жүргөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG