Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленди


Бүгүн Кыргызстандагы православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти.

Кыргызстандагы православ епискобу Даниил майрамда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү диний радикализм менен бардык диндер бирдей күрөшүү керек экенин билдирди. Анын айтымында, салттуу исламдын радикал агымдары болсо, христиандыктын ар кандай секталары бар. Алар аймактагы туруктуулукка терс таасирин тийгизет.

Тирешүү эмес, түшүнүшүү

Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Иса пайгамбардын туулган күнүндө Бишкектеги орус православ чиркөөсүнө келип, диний жөрөлгөлөрүн жасашты.

7-январь Кыргызстанда расмий белгиленип, дем алыш күн катар эсептелет. Бул динди өлкө тургундарынын он пайыздан ашууну тутунушат. Башкача айтканда Кыргызстандагы орус, украин, беларус улутундагылардын басымдуу бөлүгү православдар.

Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки орундагы негизги дин катары саналып келет. Кыргызстандагы православ орус чиркөөсүнүн епискобу Даниил православ христиандары өлкөдө сыналып, көптөгөн жылдардан бери башка диндегилер менен ынтымактуу жашап келишкенин белгиледи:

- Биз бардык ишенимди, диндерди сыйлап жашап келебиз. Мисалы, ислам дини менен жалпы байланыштарыбыз бар. Алар менен чогуу жыйындарды өткөрүп, өлкөнүн дин көйгөйлөрүн талкуулап жүрөбүз. Иса, Мухаммед пайгамбарлар жагынан да үндөшүп кетебиз. Кыскасы диний системабыз бир. Ал эмес, Орто Азияда жашагандыктан православ христиандар менен исламдын маданияты дагы окшошуп кетет. Андыктан алар менен карама-каршылык жок.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тарта диний агымдар, секталар көбөйүп кеткени айтылып жүрөт. Алардын арасында бири-бирин жектеп, кыртышы сүйбөгөндөр да жок эмес. Адистер белгилегендей, өлкө ичинде туруктуу иш алып барган тоталитардык түрдүү секталарда кездешет. Алардын арасында диндер ортосундагы кастыкты козуткан, туура эмес багытта иш алып баргандары да жок эмес.

Диний радикализм - бардык диндердин көйгөйү. Мамлекет исламдагы гана радикалдашууга каршы күрөшпөстөн, түрдүү тоталитардык секталарды да көзөмөлгө алып турушу керек. Кыргызстандагы православ орус чиркөөсүнүн епискобу Даниил:

- Исламда радикализм бар, ал эми православиеде, христиандарда ар кандай түрдүү секталарды радикализм деп атасак болот. Ушул жерден жалпы көйгөй биригет. Салттуу диндер толеранттуулукка, сабырдуулукка чакырат. Диний радикализм менен күрөшпөстөн, аларды алдын алуу үчүн системалуу иш алып баруу керек. Элге көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк. Башка секталар болсо, катарын толуктоодо ар кандай ыкманы колдонуп элдин башын айлантып жатышат.

Епископ Кыргызстанда дин эркиндиги жакшы сакталганын, азыркы мыйзамдар жарандардын ишенимин чектебей турганын белгилеп, бирок учурдагы кырдаалга жараша өлкөдө мыйзам чегинде дин жаатына көз салып турушун колдойт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диндердин көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекет четте карап турбасын билдирип келет. Аталган тармакта бүгүнкү күндө эгемендиктен кийин каптаган секталардын ишин солгундатуу, санын кыскартуу аракети, диний экстремисттик уюмдардын ишмердигин чектөө боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Деген менен адистер алардын саны расмий кыскарганы менен тымызын иш жүргүзүп жаткандар арбын экенин айтышат. Диний маселелер боюнча серепчи Назгүл Курбанова шектүү христиан агымдары боюнча буларга токтолду.

- Агымдар жашыруун иштерди жүргүзүшөт. Аларды байкоо дайыма эле мүмкүн эмес. Андыктан алар иштерин уланта беришет. Мисалы, йога, окутуу борбору, бий ийрими деп катталып алышат. Себеби алардын секта болуп катталганга уруксаты жок.

Кыргызстанда ушул тапта православ, католик багытындагы элүүдөн ашык мекеме иш жүргүзөт. Христиан дининин протестанттык багытындагы уюмдардын саны 250нүн тегерегинде.

Иса пайгамбардын туулган күнү Ысык-Көлдө да белгиленди
Ысык-Көл: Иса пайгамбардын туулган күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG