Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

«Бир дүйнө» балдардын укугуна басым коёт


Фестивалдын жарнама тасмасынан бир көрүнүш.
Фестивалдын жарнама тасмасынан бир көрүнүш.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2019» XIII эл аралык фестивалында дүйнөнүн он өлкөсүнөн балдардын укуктары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, мигранттардын, качкындардын балдарынын укуктарын чагылдырган 20дан ашуун даректүү тасма көрсөтүлөт.

Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2019» XIII эл аралык фестивалынын ачылышына байланыштуу журналисттер баарлашуу өттү.

Анда быйылкы фестивалдын темасы балдардын укуктарына арналганы, 20дан ашуун дүйнөлүк жана жергиликтүү даректүү фильм тандалып алынганы айтылды.

Жыл сайын Бишкек шаарында уюштурулган фестиваль быйыл 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин өтөт.

XIII эл аралык фестивалдын аткаруучу директору, Кыргызстандын Кинематографисттер бирикмесинин мүчөсү Райхан Абдрайимова тасмаларды тандоо оңой болбогонун белгиледи:

- Фестивалда он өлкөдөн топтолгон 20дан ашуун даректүү тасма көрсөтүлөт. Бул жылы балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, мигранттардын, качкындардын балдарынын укуктары чагылдырылган даректүү тасмалар, ошондой эле Кыргызстанда, аймактык жана эл аралык деңгээлдерде балдардын укуктарын коргоо жаатында тутумдук маселелерди чечүү боюнча инновациялык ыкмаларды чагылдырган тасмалар көрсөтүлөт. Тандоо кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Тасмалар 12-ноябрдан 15-ноябрга чейин «Россия» кинотеатрында эртең мененки ондон кечки алтыга чейин көрсөтүлөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып баарын фестивалга чакырам.

Фестивалдын жарнама тасмасынан бир көрүнүш
Фестивалдын жарнама тасмасынан бир көрүнүш

Быйылкы иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарына жана Балдардын укуктары боюнча БУУ конвенциясынын 30 жылдыгына арналат.

Тасмаларды көрсөтүүдөн тышкары фестивалдын алкагында балдардын укуктары, балдарды коргоо маселелери боюнча 15 семинар, талкуулар өтөт.

Фестивалдын уюштуруу тобунун мүчөсү Лира Асылбек баарлашуулардын натыйжасында өкмөткө сунуштар берилерин маалым кылды:

- Быйыл БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясына 30 жыл болду. Талкууларыбыз ушул маселеге арналат. Анда «Кыргызстанда балдардын абалы кандай? Балдар укуктары жаатында кандай иштер аткарылып жатат?» деген суроолорго жооп издейбиз. Эл аралык келишимдерге, документтерге кол койгон Кыргызстан бул багытта милдеттенмелерин кандай аткарып жатканы боюнча отчёттор угулат. Фестивалдын алкагында ар бир семинар менен талкуудан кийин эксперттер менен кошо мамлекетке сунуштар берилет.

Шаршембиде өткөн баарлашууда 13-фестивалдын концепциясы, өнөктүктүн промосу, бренд-жасалгалары, программасы, фестивалга удаа өтүүчү иш-чаралар тууралуу да маалымат берилди.

«Бир дүйнө» фестивалына быйыл «Азаттык» радиосунун журналисттери тарткан тасмалар да тандалып алынган.

12 жыл аралыгында фестивалда 450дөн ашуун даректүү тасма көрсөтүлгөн. Ар жылы иш-чарага беш миңден ашуун адам катышат.

Балдар укуктары: тасмалар электен өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
Түз линк
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG