Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Баткен: айланма жолдун курулушу токтоп калды


Көк-Таш- Ак-Сай жолун куруу иштеринен бир учур. Баткен, 23-январь, 2014
Көк-Таш- Ак-Сай жолун куруу иштеринен бир учур. Баткен, 23-январь, 2014

Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги айылдарынын калкы Ак-Сай – Көк-Таш жолунун курулушун тезинен улантууну талап кылууда.

Тажикстан менен чек арада турган Баткендин үч айыл өкмөтү: Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн тургундары Ак-Сай - Көк-Таш айланма жолун куруу иштери токтоп калышына нааразылык билдирип, жергиликтүү бийликке эгер мамлекет жолду бүтүрбөсө, эл аны өз күчү менен курмакчы болуп жатканын эскертишти.

Жол куруу эмнеге токтоп калды?

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев жогорку бийлик өкүлдөрү бир айдан бери жолдун курулушу боюнча эч кандай маалымат бербей, элдин чыдамын кетиргенин айтат:

- Кошуна жашаган тажик жарандары күн сайын ар кандай чагымдарды салып, бизге тийишип жатат. Биздин жаштардын кыжыры кайнап, эптеп кармап турабыз. Мына эми жаз келип, талаа иштери башталууда. Жол бүтпөсө жайлоого кантип чыгабыз? Жолдун курулушу ок атышкан жерге келип эле токтоп калды. Же бийлик өкүлдөрү эмнеге курулуш жүрбөй жатканын түшүндүрбөйт. Тажик тарап курдурбай жатабы, же каражат жокпу? Эл ушул суроолорго жооп таба албай кыйналып кетти. Жол курулуп бүтпөсө бизге тынчтык жок.

Ал эми вице-премьер-министр Токон Мамытов чек ара маселеси боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү марттын аягында уланарын “Азаттыкка” билдирди. Ал Ак-Сай – Көк-Таш жолунун курулушу эмне үчүн токтоп турганын мындайча чечемеледи:

- Жолдун курулушу убактылуу токтоп турат. Биринчиден, 1,3 км жерди жардырыш керек. Экинчиден, ошол жерге жогорку чыңалуудагы электр мамылары туруп калган. Жардырууга тоскоол болот. Электриктердин айтымында, аталган мамыларды көчүрүш керек. Бирок аталган жолдун экинчи канаты болгон Ак-Сай – Рават жолунун курулушу азыр кызуу жүрүп жатат.

Деген менен учурда Баткенде жүргөн Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйкановдун жол курулушунун токтошу боюнча түшүндүрмөсү вице-премьердикине окшобойт:

- Тоону жардырууда тажик тарап менен баягыдай жаңжал болуп кетпесин деп курулушту токтоттук. Башка варианттарды да караштырабыз. Бирок бул жол баары бир курулат. Азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Дыйканов Ак-Сай – Көк-Таш жолунун курулушу токтоп турганы менен, Ак-Сай – Рават жолунун курулушу кызуу жүрүп жатканын айтууда. Анын белгилешинче, эки жолдун курулушу тең жергиликтүү эл үчүн абдан маанилүү.

- Ак-Сай – Рават жолу курулуп жатат. Суу киргенге чейин көпүрөнү куруп алышыбыз керек. Ошондуктан болгон күчтү ошол жакка жумшап жатабыз. Бул жол да жергиликтүүлөр үчүн өтө маанилүү.

"Тажик чек арачылары чатыр тигип алышкан"

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев Ак-Сай – Көк-Таш жолу курулуп бүтмөйүнчө Рават жолунун курулушу жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн чече албасын айтууда. Анын маалыматына таянсак, тажик тарап 11-январдагы жаңжалдан кийин өз аскерлерин аталган аймактан алып кеткен эмес. Анысы аз келгенсип Ак-Сай - Көк-Таш жолу өтө турган тоо бооруна чатыр тигип алышкан.

- Азыр ошол тоонун биздин территорияга караган бөлүгүндө чоң чатыр тигилип турат. Дагы бир эски машиненин кузовун коюп алышкан. Ичинде 20-30 аскер бар, Жолдун берки тарабына болсо атайын контейнер коюшуп, желектерин илип алышкан. Ал жерде да 30-40тай аскер бар. А биздин аскерлер болсо ал жерден чыгарылып кеткен.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу өткөн жылдын 17-декабрында Тажикстан менен чек аралаш жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары айланма жол куруп берүү талабы менен жол тоскондон кийин башталган. Учурда жолдун курулушу тоо таяган бойдон токтоп турат. Курулушту улантуу үчүн тажиктердин чатыры тигилген тоону жардырууга туура келет.

Быйыл жыл башында, 11-январда дал ушул жолдун курулушунан кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, ошондон бери чек ара жабык. Чек ара аймактарындагы абал да ошондон бери чыңалган бойдон турат.

Азыр курулушу жүрүп жатканы айтылган Ак-Сай - Рават жолу болсо Көк-Таш - Ак-Сай жолунун экинчи бөлүгү. Ал жол Ворух анклавын айланып өтүп, андан ары Баткен району менен Лейлек районунун чектешкен жериндеги Рават айылына чыгат да, Баткен - Исфана жолуна кошулат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, азыр бул жолдун экинчи бөлүгүн куруунун көп деле зарылчылыгы жок. Анткени бери жакта Баткен - Лейлек райондорун байланыштырган Ош - Исфана чоң жолу оңдолуп жатат. Ошондуктан чек арадагы айылдардын калкы кандай болсо да тез арада Көк-Таш - Ак-Сай жолун бүтүрүү талабын коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG