![](https://gdb.rferl.org/13947a76-8016-4854-a588-e0206f754049_cx0_cy10_cw0_w250_r1.jpg)
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешинде кыргыз футболчусу Ильдар Амиров 87-мүнөттө топту киргизди. Ага чейин 26-мүнөттө Виталий Люкс бурчтан узатылган топту киргизген.
Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Аталган командалар тандоо оюндарынын алкагында буга чейин оюн талаасында таймашышкан. 2-раунддун биринчи турунда кыргыз футболчулары Бангладеште конокто ойноп 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Бангладеш футболчулары үч жолу беттешип, үч жолу тең кыргызстандыктар уткан.