Көп балалуу үй-бүлөнүн баласымын. Бала кезде атабыз жыл сайын 31-август күнү ар бирибизге акча берип, ойноп келүүгө жөнөтчү. Биздин болсо 31-августта Ала-Тоо аянтына барбай койгон күнүбүз болбойт. Жыл сайын келебиз. Шаар айланып майрамдайбыз.
Мен минтип 10 жыл мурун жазмакмын. Азыр болсо жыйырма үчтөмүн. Кыргызстан экөөбүздүн жашыбыз бир. Ал эми азыр 31-август жөнүндө эмне деп жазам? Кыргызстан эгемендикке жеткен бул күн жыл айланып келген сайын мени кандай ойлор ээлейт?
Албетте, алгач Кыргызстан элин бул ыйык майрам менен куттуктабай коё албайм. Аталарыбыз алып берген эгемендикти ыйык тутуп, өлкөнү өнүгүү жолуна алып барабыз деген ниет бар. Бирок эгемендик, же болбосо эркиндик деген эмне? Аны кантип өлчөсө болот? Конституция деп аталган кагазда жазылган “Эгемендүү мамлекет” деген жазуулар жетиштүүбү? Менин оюмча, анын эң бир туура көрсөткүчү – ал өлкөдө жашаган элдин инсандыгында. Бир досум “Эркиндикти кандай түшүнөсүң?” деген суроого төмөндөгүдөй таризде жооп берген эле:
“Эң негизгиси – адамдын ою эркин болушу керек. Себеби физикалык жактан адам ансыз да чексиз эркин эмес. Сенин жаратылыш мүмкүнчүлүктөрүң белгилүү бир чекке чейин гана. Ал эми адамдын ою эркин болушу баарынан маанилүү. Адам ою ар кандай жаман сапаттардан, жаман ойлордон эркин турса, анда ал адамдан дүйнөнү дүңгүрөткөн идеялар чыгышы бышык.”
Карагылачы, кандай таамай айтылган сөздөр! Мен буга кошулбай коё албайм. Пайгамбарыбыз бир жолу согуштан келип, “Кичине жихаддан келдик, чоң жихад эми башталат”, - деп айткан экен. Чоң жихад болсо адамдын өзү менен болгон күрөшү. Ошондуктан, чын эле эгемен, эркин болгубуз келсе, өзүбүздөн баштап тазаланышыбыз керек. Ар дайым өзүбүз менен күрөшүшүбүз керек.
“Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” деген сөз бар эле. Андай болсо, мен дос экенмин.
Жакшы кабарым да бар. Бир жолу саясат таануу илими боюнча кандидаттык диссертация жактоого катышып калдым. Казакстандан да келишкен экен. Алардын бирөө “Казакстандын өнүгүү процессинин өзгөчөлүктөрү” деген темадагы диссертациясын жактап жатат. Жактоо учурунда “Казакстан башка Борбордук Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу катуу темпте өнүгүп жатат...” деген сөздөрдүн үстүнө тажрыйбалуу социолог “Кыргызстан супер президенттик режимден кийинки эки жолку бийлик алмашууну башынан өткөрдү. Казакстан муну али көрө элек. Биздин тажрыйбабыз чоң,” - деп айтып калды.
Мен буга ишенгим келди. Кыйын күндөрүбүз артта калганбы деген ой пайда болду. Ошондой эле болсун демекчимин. Себеби, эң эски Конституциясы бар АКШ да демократияны орнотуу процессинде көп кыйынчылыктарга туш болгон. Алма өзү эле бышып, оозубузга түшө койбостур. Ошон үчүн, бул күнү мен кыргызстандыктарга бекемдикти тилемекчимин. Азыркы мезгилде бул биз үчүн тилене турган тилектердин эң керектүүсү.
Шербол ЖАПАРАЛИЕВ, Бишкек
Урматтуу окурман, "Азаттыктын" "Эгемендик күнү элге кайрылыңыз" деген сынагына катышкыңыз келсе толук маалыматты бул жерден алыңыз.