Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Учак көйгөйү: убагында учпагандар нааразы


Жалал-Абад аэропортунда уча албай тургандар. 28-январь, 2018-жыл.
Жалал-Абад аэропортунда уча албай тургандар. 28-январь, 2018-жыл.

Кыргызстанда авиакомпаниялардын ички каттамдарды тейлөөсүнө нааразылык күчөдү.

Суук түшкөндөн бери аба ырайынан улам каттамдар тез-тез үзгүлтүккө учурап жатат. Компаниялар жаратылыш кубулушуна каршы чара көрө албай турганын билдирсе, жүргүнчүлөр тейлөөчүлөрдүн укугу корголбогонун айтып кейишет. Жарандык авиация агенттиги мындай жагдайда эмне кылыш керек экенине баш катырып турган чагы.

Жылдырылган, которулган каттамдар

28-январь, жекшемби. Жалал-Абад аэропортунда жүргүнчүлөр нааразы. Алардын айрымдары 26-январдан бери Бишкекке уча албай турушат. "Тез жет" авиакомпаниясы "аба ырайына байланыштуу" деген жүйө келтирип, каттамды жүргүзгөн жок. Билеттерди "Авиа траффик" компаниясына которуп, жүргүнчүлөр Ош аэропортуна жөнөтүлдү.

Анара Абдувалиева.
Анара Абдувалиева.

Нааразы болгондордун бири - Таш-Көмүрдөн келген Анара Абдувалиева. Анын он күндүк небереси жана кызы эки күндөн бери аэропортто учак күтүп жатат:

- Жума күнгө саат 11:15ке ушул компаниядан 2100 сомго билет алганбыз. Ал күнү "аба ырайына байланыштуу" деп учкан жок. "Макул" дедик. "Жекшемби күнү учат" деп айтышкан. Мунусу да аткарылбай жатат. Авиакомпания эч кандай жоопкерчилик албайт. Жүргүнчүнү алдап эмне кереги бар?

Талап койгондордун дагы бири, Жумабай Момунов аттуу аксакал Жалал-Абаддан Ошко билет которгондордун жол кире чыгымын авиакомпаниялар төлөп бербегенине, учак күтүп отургандарга ысык чай сунулбаганына нааразы:

- Авиакомпания мындай чыгымдарды көтөрүп бериши керек. Бул туура эмес. Кемчилигин жазып же рахматымды айтып коёюн деп "Сунуш дептер" сурасам, авиакомпания өкүлчүлүктөрүндө андай дептер да жок экен.

Жалал-Абаддагы жүргүнчүлөрдүн мындай нааразылыгы кийинки күндөрү көп айтыла баштады. Учакты күтүп аэропорттун ремонту бүтө элек суук имаратында күнү-түнү отургандар же болбосо Жалал-Абаддан Ош аэропортуна айласыздан кетип жаткандар ондоп саналат. Туманга байланыштуу Оштон да убагында учпай калгандар көп.

Жалал-Абад: суукта учак күткөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

Кыргызстандын ички каттамдарын "Эйр Манас", "Авиа Траффик" жана "Тез жет" компаниялары жүргүзөт. Бул ишканалардын өкүлдөрү мындай кырдаал катаал аба ырайы учурунда гана болорун, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн каттам токтотуларын билдиришти. Бирок алар айласыздан билеттер алмаштырылганда элди тигил шаардан бул шаарга жеткирүү милдетин албай турганын белгилешет.

Эл аралык эреже боюнча каттам төрт сааттан ашык кечиксе, жүргүнчүлөргө авиакомпания ысык чай бериши керек. Сегиз сааттан көп кечиккенде ысык тамак, он эки сааттан ашып кетсе мейманкана берилиши зарыл.

Кыргызстандын авиация эрежелерине ылайык, учак компаниялардын күнөөсү менен учпай калганда же кечиккенде жүргүнчүлөргө компенсация төлөнөт же башка талаптар аткарылууга тийиш. Мисалы, төрт сааттан ашык кечигүүдө билет баасынын 10%, сегиз сааттан көп кармалган учурда 25% төлөнүүгө тийиш. Бул тууралуу өлкөнүн Авиация эрежесинин 9-бөлүгүндө жазылган.

Бакыт Азимканов
Бакыт Азимканов

Авиация тармагын изилдеп, эл аралык каттамдарда такай учуп жүргөн Бакыт Азимканов билет авиакомпания менен жүргүнчүнүн ортосундагы келишим экенин айтып, төмөнкүдөй шарттарга токтолду:

- Эл аралык Варшава (1929-ж.) жана Чикаго (1944-ж.) конвенцияларына ылайык, эгер учак аэрропорттун шартына же аба ырайына байланыштуу белгиленген шаарга коно албай, каттам башка шаардан аткарылса, анда авиакомпания жүргүнчүлөрдү ошол шаарга алып барууга милдеттүү жана чыгымдарды мойнуна алышы керек. Жүргүнчүлөр билет алып жатканда компания ошол конвенцияларга мүчөбү-жокпу, тактап алышы керек.

Курманбек Акышев
Курманбек Акышев

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, Кыргызстандагы авиакомпаниялар Чикаго конвенцияларынын эрежелери менен иштейт. Бирок жүргүнчүлөрдүн укуктарына байланышкан маселелерге көп учурда көңүл бурулбай кала берүүдө:

- Аба ырайына байланыштуу жагдайларды "форс-мажор кырдаал" деп коёбуз. Анын үстүндө иштеп жатабыз. "Каттамдар которулган учурда жүргүнчүлөргө транспорт уюштуруп бересиңер" деген милдетти коё баштадык. Азыр толук чечиле элек.

Акышев суук мезгилде жүргүнчүлөрдүн укугун коргоп, ички каттамдарга билет баалары арзандатылганын, мисалы Бишкек-Ош багытына "төрт миң сомдон ашырылбасын" деген талап коюлуп, ал сакталып жатканын кошумчалады.

Бишкек-Жалал-Абад багытында билеттин баасы 2100 сомдон жогору. Кээде 3000-4000 сомго чейин чыгат. Ош, Баткенге да ушундай эле баа коюлган.

Жазылбаган эрежелер жана "кара тизме"

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 22 авиакомпания каттоодон өткөн. Тийиштүү эрежелерге дал келбей, көбүнүн учууга уруксаты токтотулган.

Ош аэропорту кышында тумандан улам каттамдарды тез-тез токтотот.
Ош аэропорту кышында тумандан улам каттамдарды тез-тез токтотот.

Ички каттамдар Ошко, Жалал-Абадга, Баткенге учат. Исфана менен Тамчыга да кез-кези менен каттап турат.

Кыргызстандын Аба кодекси 167 беренеден турат жана анда авиакыймыл жана учуу эрежелери жазылган. Жарандар талаштуу учурларда "Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга таянып гана чара көрүшү мүмкүн.

Совет учурунда Кыргызстанда чоң жана кичи, айыл чарбалык, аскердик аэропорттор жана учуу-конуу тилкелери, вертодромдор кошулуп 86 авиаобъект иштеп турган. Азыр анын жетөө гана учактарды кабыл алууга жарайт. Алар Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кантта, Тамчыда, Исфанада жана Баткенде жайгашкан.

Аймактардагы аэропорттордун абалы тууралуу да такай сын пикирлер айтылат. Мисалы, Жалал-Абад аэропортун оңдоп-түзөөгө 2013-жылдан бери каражат бөлүү каралып, ремонт 2017-жылдын ноябрында гана башталды.

Оштогу аэропортто учак күтүү. 2016-жыл, декабрь.
Оштогу аэропортто учак күтүү. 2016-жыл, декабрь.

"Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен кыргызстандык авиакомпаниялар 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген.

Жакында Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда да өкмөт башчы Сапар Исаков Эл аралык авиация уюмунун жетекчиси менен жолугушуп, "кара тизмеден" чыгуу маселесин талкуулаган. Сүйлөшүүгө ылайык, маселе 2019-жылы каралышы мүмкүн.

Макаланы бул жерден угуңуз:

Учак көйгөйү: убагында учпагандар нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG