Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

КСДП тыңшоо коюлганын билдирди


КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын кеңешчиси Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюлганын жарыялады.

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсүмүн, «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган тасманы КСДП таратты.

Тасмада «"Форумдун" IT кызматкеримин» деген адам УКМКнын кызматкери «экс-президенттин иш бөлмөсүнө орнот» деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн.

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалады.

КСДП ушул тапта видео тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүүдө. ​

Тасмада: "Апрель" телеканалы чыгарган видео

УКМК 24-майда билдирүү таратып, «"Форум" ишканасынын өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу түзмөк орнотууга мажбурланган» деген кабарды төгүндөдү.

Мекеме КСДПнын билдирүүсүн «чагым» деп баалады. Ошондой эле айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды коюп жатканын белгиледи.

Ал арада кыргызстандык активисттер менен укук коргоочулардын УКМКны реформалоону талап кылган жыйынында талаш-тартыш чыкты. Бишкекте өтүп жаткан отурумда катышуучулар бир топко чейин ой-пикирлерин айта албай, сөз сүйлөөнү сураган эки-үч киши менен талашып-тартышып жатышты.

Уюштуруучулар «УКМК жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында чырды атайылап уюштурган» деген пикирлерин билдиришти. Ошондой эле «жыйынга келген бул кишилер - Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү» деген ойлор айтылды. Активисттер УКМКны «Орусиянын атайын кызматынын тапшырмасын аткарат» деп сынга алышты.

Ал эми сөз сураган адамдар өздөрүнүн дарегине айтылгандарды четке кагышты. Алардын бири «Антитеррор» коомдук бирикмесинен келгенин айтты. Жыйынтыгында уюштуруучулардын бири, активист Рита Карасартова жадыбал боюнча эки баяндама окулгандан кийин калгандарга сөз бериле турганын билдирген соң жыйын уланды.

УКМК жыйында айтылган дооматтарга комментарий бере элек.

Буга чейин Рита Карасартова баштаган топ «Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!» деп аталган онлайн петиция түзүп, кол топтой баштаган.

Петицияда УКМКны реформалаш үчүн бир нече сунуш киргизилип жатат. Алардын арасында Коррупцияга каршы күрөш кызматын УКМКнын карамагынан чыгаруу, мекемеден тергөө функциясын алып салуу сыяктуу демилгелер бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG