Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Аскаровго өкүм өзгөрүүсүз калды


Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Мындай чечимди Чүй облустук сотунун коллегиясы кабыл алды. Анда судьялар бул иш боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү ырасталып, Аскаровдун күнөөсү аныкталганын белгилешти.

Азимжан Аскаров сот өкүмүнөн кийин ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

Аскаровдун коомдук жактоочусу, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова сот өкүмү адилетсиз болуп, бийликтин тапшырмасы менен кабыл алынганын айтып чыкты.

“Бул жараян соттордун бийликке көз каранды экенин көргөздү”, - деди Исмаилова.

Аскаровдун адвокаттары эми Жогорку Сотко кайрыларын кабарлашты.

66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.

Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камакта отурат деген негизде бошотууну Кыргызстандан талап кылган. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра териштирүүнү Чүй облустук сотуна тапшырган эле.

XS
SM
MD
LG