Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Аскарбек Шадиевдин качканы анык болду


Аскарбек Шадиев
Аскарбек Шадиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскарбек Шадиевдин Тажикстан аркылуу Москвага, андан ары АКШга качып кеткенин бир айдан кийин гана билип, ага козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбы сыртынан угузулганын жарыялады.

Буга удаа эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевди камакка алуу жөнүндө туура бир айдан кийин сыртынан чечим чыгарды. Жарандык коомдун өкүлдөрү "Аскарбек Шадиевди качыруу бийликтин ишарасы менен болушу мүмкүн" деп шек санашууда.

Бир айдан кийинки айгай, "Лейлек - Нью-Йорк" кууш жолу

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 28-апрелде козголгон кылмыш ишинин алкагында парламент депутаты Аскарбек Шадиевди "Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыкты кымырып алууга катышы бар" деп таап, ага сыртынан айыбын угузган айыптоо токтомун 31-майда чыгарды.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, ал ага кылмыш иши козголордон бир күн мурун Баткенге кетип, андан ары өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду:

УКМК
УКМК

- 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстан тарапка мыйзамсыз (кечүү аркылуу) өтүп кеткен. 28-апрелде, кылмыш иши козголгондон кийин Шадиев Хожент-Москва (Домодедово) авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык паспортун колдонуу менен жөнөп, андан ары Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен. Жакындары "Шадиев дарыланууга кеткенин, бир-эки жумада кайтып келерин" айткан, бирок ал ушул күнгө чейин дагы эле тергөө органдарынан атайылап жашырынып жүрөт. Буга байланыштуу ага издөө жарыяланды.

Карасартова: Шадиевди качыруу атайын уюштурулган

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын берген материалдарынын негизинде 31-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевди кармап, камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандаган чечимди сыртынан чыгарды.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу шек саналган парламент депутаты Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн качканы бир айдан кийин гана расмий ырасталып, анан ага карата тергөөнүн айыптоо токтому менен аны камоо тууралуу соттун чечими чыканы жарандык коомдун өкүлдөрүн таң калтырды.

Коомдук активист Рита Карасартованын айтымында, Шадиевди качырып, кайра анын артынан кылмыш ишин козгоо атайын уюштурулушу мүмкүн:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

- Тиешелүү органдар "Шадиев тергөөгө таасир этиши мүмкүн же жоопкерчиликтен качышы ыктымал" деген негизде кылмыш ишин иликтеп жаткан учурда эле чара көрүшсө болмок. Бул маселе көтөрүлүп, ал сурак бере баштаган күндөн баштап ага кылмыш иши козголо элек болсо да анын өлкөдөн чыгып кетишине бөгөт коюлушу керек эле. Ал эбак эле өлкөдөн качып кеткенден кийин биздин УКМК аны "эч жакка чыга элек" деп, билмексен болуп маалымат таратканы таң калтырат. Негизи бул маселе алдын ала эле сүйлөшүлгөндөй болуп турат. Бул иштин логикасы "сен качып чыга бер, анан айла жок, артыңдан кылмыш ишин козгомуш болуп коёбуз" дегендей эле. Бул жерде эми тергөө "ошол уурдалган 30 миң доллар үчүн Шадиевге кылмыш иши козголду" деп коюшту. Бирок Шадиев энергетика министри болуп тургандагы кыңыр иштер, Бишкек ЖЭБинин модернизациясы боюнча каза турган болсо, мүмкүн толтура кылмыш иштери чыкмак. Муну атайын эле качырып жиберишти деген божомол бар.

Кошумча жаза мөөнөтү

Мындан бир айдай мурун депутат Аскарбек Шадиевдин жардамчысы "Азаттык" радиосуна анын чет өлкөгө дарыланыш үчүн чыгып кеткенин айткан.

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматы менен УКМК "Аскарбек Шадиев Кыргызстандын аймагынан эч жакка чыгып кеткен эмес" деп ишендирген эле. Эми туура бир айдан кийин качып кеткени ырасталып, бирок анын өткөрмө эмес, кечүү аркылуу чек арадан мыйзамсыз өткөнү жарыяланды.

31-май күнү болгон басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Шадиев чек арадан мыйзамсыз өтсө, анда ага кошумча кылмыш иши козголо турганын билдирген:

Дамир Сагынбаев
Дамир Сагынбаев

- Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге карата Мамлекеттик чек ара кызматы ал Кыргызстандан сыртка чыкпаганын билдирген. Эгерде Шадиев чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткени чын болсо, анда ага кошумча дагы бир кылмыш иши козголот. Анан ага козголгон кылмыш ишинен сырткары дагы жаза мөөнөтү кошулат. Кылмыш кылган ар бир аткаминер эртеби-кечпи жасаган иши үчүн жооп берүүгө туура келерин түшүнүшү керек.

Быйыл жыл башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы уурдалганы ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен учурда тиешелүү комитетти Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG