Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Бишкек Азиянын мыкты балбандарын чогултту


Күрөштүн түрлөрү боюнча Бишкекте өткөн Азия чемпионаты.
Күрөштүн түрлөрү боюнча Бишкекте өткөн Азия чемпионаты.

Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдешке 20 өлкөнүн алдыңкы балбандары келди. Оюндардын алгачкы күнүндө кыргызстандыктар эки күмүш, эки коло медал утту.

Күтүлбөгөн жеңүүчүлөр

Мелдиштин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар эки алтын медалды алдырып жиберди. Жоломан Шаршенбеков менен Урмат Аматов грек-рим күрөшү боюнча финалдык таймаштарда атаандаштарына жеңилип, күмүш байге алып калышты.

Ага карабай 55 кг салмакта килемге чыккан Жоломан Шаршенбеков менен 63 кг салмакта күрөшкөн Урмат Аматовдун финалга чыкканына машыктыруучулары таң калуусун жашырган жок. Анткени бул Шаршенбеков үчүн чоңдор арасындагы биринчи турнир болсо, Аматов ден соолугуна байланыштуу эки жылдан ашык убакыттан бери ири мелдештерге чыга элек болчу.

Күрөштүн түрлөрү боюнча улуттук курама команданын жетекчиси Нурланбек Исмаиловдун “Азаттыкка” айтканына караганда, эки балбандын алтын байге үчүн күрөшкөнү чоң эрдик:

- Биз Жоломанды чоңдор арасында күрөшүп, утулуп калышы мүмкүн деп ойлогонбуз. Бирок бүгүн ал чоңдорду ашып өттү. Ал эми Урмат Аматов эки-үч жылдан бери ооруга байланыштуу эс алып келди. Бирок бүгүн кандай мыкты күрөш көрсөткөнүнө өзүңүздөр күбө болдуңуздар.

Мындан башка Мурат Романов (130 кг) менен Азат Бейшенбеков (87 кг) Кыргызстандын капчыгын дагы эки коло медал менен толуктады.

Кыргызстандык Жоломан Шаршенбеков жана жапониялык Шумо Танакура
Кыргызстандык Жоломан Шаршенбеков жана жапониялык Шумо Танакура

Спорт сарайга жан кирди

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүдө. Кыргызстанга Азиянын Жапония, Иран, Кытай, Түштүк Корея сыяктуу 20дай өлкөсүнүн мыкты спортчулар чогулду. Мындай иш-чара кылдат коопсуздукту талап кылгандыктан, тартип сакчылары спорт сарайдын ичи-тышын күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатат. Уюштуруучулар кошумча ыктыярчыларды да жардамга тартышкан.

Акыркы технологиялар күрөшкө чейин жетип, эл аралык талапка ылайык чоң монитордон балбандардын күрөшү бардыгына көрүнүп турушу кажет. Ушул өңдүү талаптарды аткаруу үчүн мамлекет чемпионаттын даярдыгына 20 млн. сом бөлгөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев айтты:

- Биздин спорт сарайыбыз дүйнөлүк стандартка жооп бербейт. Ошондуктан ремонт иштерине эле 11 млн. сом жумшалды. Биз анткени эл аралык мелдешти өткөрүп жаткандан кийин алардын стандартына жооп беришибиз керек. Ал талаптарды аткара албасак, бизге жана спортчуларыбызга кыйынчылыктар болуп калат.

31-Азия чемпионатынын ачылыш аземи
31-Азия чемпионатынын ачылыш аземи

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайдын эскилиги жеткенине карабай, Азия чемпионатын уюштуруу иши жогорку деңгээлде жүргүзүлгөнүн эл аралык адистер да айтышты. Күрөштүн түрлөрү боюнча Азиялык кеңештин президенти Даулет Турлыханов:

- Спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Учурдан пайдаланып кыргыз тарапка ыраазычылыгымды билдирем, ал эми спортчуларга ийгилик каалайм. Мен жалпы Азия күрөшүнүн бирикмесинин атынан мелдеш жакшы өтүп жатканын айтат элем, - деди мелдештин биринчи күнүндө.

Күрөш күйөрмандарын чогултту

Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү спорттун “А” категориясына киргендиктен, мамлекет ага өзгөчө көңүл буруп, көбүрөөк каржы бөлөт. Ошентсе да жылына күрөшкө бөлүнүп жаткан 60 млн. сом жетишсиз экендигин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев белгиледи. Анткени ал мындай өлчөмдөгү каражат Казакстандын бир облусундагы күрөштү каржылоого барабар сумма экендигин айтып кейиди.

Бирок ага карабай жергиликтүү балбандар ийгилик жаратып, күрөш спортуна кызыккан кыргызстандыктар арбын.

Бишкектеги Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. 28-февралда Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов, Роман Царев, Азиз Бейшебеков, Үзүр Жусупбеков килем үстүндө өлкөнүн намысын коргойт. Андан кийинки күндөрү эркин күрөш боюнча жана кыз-келиндер арасында күрөш өтмөкчү.

Көрүүчүлөр
Көрүүчүлөр
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG